Ералаш1974 жылдан тарта, алгач кинотеатрларда,анан телеканалда көрсөтүлгөн балдардын юмор киножурналы. Жетекчиси Борис Грачевский жана Ольга Сокаренко (2013 жылдан тарта). Ералаш сөзү түрк тилинен которгондо аралашылган дегенди түшүндүрөт.

Ералаш
Выпуск башталышы
Жалпы маалымат
Аталышы: Ералаш
Жанры: балдардын юмор киножурналы, скетч-шоу, комедия, ситком
Автору: Александр Хмелик,Борис Грачевский
Директору: Аркадий Григорян
Баш темасы: «Мальчишки и девчонки, а также их родители…» (1чи выпусктан-азыркы учурга чейин)
Аяк темасы: «Мальчишки и девчонки, а также их родители (инструм.)» (1чи выпусктан-азыркы учурга чейин)
Композитору: Алексей Рыбников,Теодор Ефимов,Александр Клевицкий ж.б.
Өлкө:  ССРС (1-89 выпусктары)
 Орусия (90-азыркы учур)
Тили: Орусча
Выпусканын саны: 271
Эпизоддун саны: 784
Тартылган жер: Москва
Орлёнок
Узактыгы: 1мүнүт 30секунддан 5мүнүткө чейин
Камера: Көп камералуу
Канал: Сеанс алдыңда кинотеатрларда (1975—1991)
ЦТ экинчи программасы (1986—1991)

РТР (1991—1995)
ТВ6 (1993—2001) Первый канал (1995-азыркы учурга чейин)
СТС (2011—2012)
ТЕТ(2011-2012 Бирдин айынын 1 чейин)
СІТІ (2012)
31 канал Казахстан
Карусель (2013-азыркы учурга чейин)

Көрсөтүү форматы: 16:9 (вып. 1-56)
4:3 (вып. 57-242)
14:9 (вып. 243-н.в.)
Үн форматы: моно, Стерео (1990-е), Surround (2000-е)
Биринчи_трансляция: 1975-жыл
Премьерасы: 1975-жыл
Окшош телеберүүлөр: «Фитиль»
Расмий сайт: www.eralash.ru

Жаралуу тарыхы түзөтүү

Балдар үчүн Фитилёк юмор киножурналын жаратуу сунушу менен режиссер Алла Сурикова ЦК КПССке кат жөнөтөт. Киножурналдын негиздөөчүлөрү драматург Александр Хмелик жана Борис Грачевски (1975-жылдан 2001-жылга чейин директору, 2002-жылдан тарта жетекчиси) болушкан. Жаратуу учурунда Фитилек атын жаратпашкан. Көрүүчүлөрдүн арасында киножурналдын аталышын таңдоо үчүн конкурс жарыяланып, Ералаш атын, келип түшкөң каттардын арасынан Москвадагы мектептердин биринин окуучу кыздын катынан алынган,бирок кыздын атың эстебей калышкан. 2013-жылы Бүгүн кечинде (Сегодня вечером) аттуу шоудо Сурикова менен Грачевский Ералаш атын Хмеликтин кызы Мария ойлоп тапканын айтышкан.

Журналдын биринчи выпусктары 1974-жылы чыккан. Биринчи выпускта үч миниатюрадан туруп, биринчи миниатюра Агнии Бартонун сценарии менен татылып, Позорное пятно деп аталган. Анан ар жыл сайын 6 выпуск чыгып турган. 2010-жылдан тарта жылына 10 бөлүктөн көп чыгарылып турат.

Алгач Ералаштын выпускалары кинотеатрларда сеанс алдыңда көрсөтүлүп турган. Кайра куруу мезгиланде Ералаш акырындап телевиденияга өтө баштап, 4:3 сүрөт форматына, ал эми 1991-жылы СССР тарап жатканда киножурнал толук телевиденияга өтүп, РТВ каналында көрсөтүлө баштады. 1995-жылдан тарта азыркы учурга чейин ОРТ каналында көрсөтүлөт. 2011-жылдын Чын куран айынын 2синен 2012-жылдын Жалган куран айынын 31ине чейин СТС телеканалында кайталоо болгон. 2011-жылдын Кулжа аынын 1инде Первый канал 14:9 сүрөт форматына (16:9 спутникалык телеберүү үчүн) өтүп, Ералаштын жаңы выпускалары горизонтальдык сызыктары менен классикалык 4:3 форматтык көрсөтүүгө өттү.

1985-жылы киножурналдын 10-жылдыгына карата «Ералаш деген эмне?» (Что такое Ералаш?) музыкалык телефильми тартылган. 1995-жылы 20-жылдыгына карата «Ералаш 20 жашта» (Ералашу 20 лет) концерти уюштурулуп, эң мыкты эпизоддордон турган 2 сааттык бөлүк жасалган. 2000-жылы 25-жылдыгына карата «Ералаш-25жаш»,2005-жылы «Ералаш-30 жашта» концерттери уюштурулган. Акыркы экөө ОРТ каналынан көрсөтүлгөн.

Анимация түзөтүү

Башталышы түзөтүү

Ар бир выпусктун башталышы анимация менен кооздолгон. Экрандын четтерине пара болуп: аял жана эркек, бала жана кыз пайда болушат.Алардын арасына экрандын ортосуна ак тикбурчтук тартылат. Тикбурчтуктун ичине биринин артынан бири «балдардын», «юмор» жана «киножурналы» деген сөздөр жазылат. Андан соң «Ералаш» сөзү жазылып, ал чоңоё берет. Дүрт этип күйүп (вспышка) кетип, анын артынан бөлүктүн номери пайда болот.Андан соң ышкырык менен номер майда болуп чачырап кетет.

18инчи выпусктан баштап (1978 жыл) көйнөкчөн жана шортикчен бала кармаган, ар түстөгү тамгалар менен жазылган «Ералаш» жазуусу үстүндө пайда болот. Алгач ал бала «А» тамгасына карманса, 1986-жылдан тарта ал «Р» жана экинчи «А» тамгасын кармайт.

Сюжет түзөтүү

Ар бир сюжет сары тамгалар менен жазылган аты жана анимациялык сүрөт менен ачылат. 1-3 выпусктардын башталышында титрлер: аталышы, сценаристи жана актёрлору гана болгон. 4үнчү выпусктан тарта аты жазылган сүрөт пайда болот, анан сценаристи, режиссёру жана актёрлору жазылган. 10-выпусктан баштап ар бир сюжет темага анимация менен башталат, анан сценарийдин автору, рёжиссер жана актерлор жазылат. Жаш актёрлордун аттары толук, ал эми чоңдордугу кыскартылып жазылат.

Башталышында жана аягында обон же белгилүү болгон ыр чыгып ырдалган. 1981-жылдан тарта синтезатордо жазылган, ыр колдонулат.

Ыры жана обону түзөтүү

«Мальчишки и девчонки, а также их родители…» деген ыр саптарын Хмелик жазганын Грачевский айткан. Анан ыр саптарды Горький атындагы киностудиясынын музыкалык редактору жараткан. Биринчи обонун Владимир Шаинский сунуштаган, бирок ал тексттен көп сөздөрдү алып койгон болчу. Ошондуктан Алексей Рыбников сунуштаганды таңашкан. 1974-жылдан 1997-жылга чейин ырды Елена Камбурова аттуу ырчы аткарган. Анын аткарганы эки вариантта белгилүү.Биринчиси 1-2 выпусктарда, экинчиси 3чү бөлүктөн 117 бөлүгүнө чейин ырдалган. 1997-жылдын 2003-жылга чейин ал кезде жаш Сергей Лазаревтин аткаруусундагы ыр болгон. 2003-жылдан тарта «Непоседы» ансамблинин аткаруусундагы ыр коюлуп келет.

Катышуучулар түзөтүү

 
Ералаш
 
Киножурналдын жетекчиси Борис Грачевский

Сценарийдин авторлору түзөтүү

Каза болгондор түзөтүү

Режиссёрлор түзөтүү

Каза болгондор түзөтүү

Актёрлор түзөтүү

Каза болгондор түзөтүү

Бала-актёрлор түзөтүү

Каза болгондор түзөтүү

Трансляция түзөтүү

Премьералар түзөтүү

Кайталоо түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү