Абдыкерим Жолдошбеков

Жолдошбеков, Абдыкерим‎»‎ барагынан багытталды)


Котормочу жана илимпоз Абдыкерим Жолдошбеков Бакай-Ата районунун Кызыл-Сай айылында 1935-жылы 18-августта туулган.

Жолдошбеков Абдыкерим
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Жолдошбеков Абдыкерим
Туулган жылы: 1935-жылы 18-август
Туулган жери: Кызыл-Сай айылы, Бакай-Ата району, Кыргызстан
Өлкө: Кыргызстан желегиКыргызстан
Ишмердүүлүгү: котормочу, илимпоз
Учурдагы кызматы: Профессор

1955-жылы ошол эле райондогу Чалдыбар орто мектебин бүтүргөн. Эмгек жолун 1955–56-жж. Бакай-Ата районундагы Ак-Дөбө электростанциясынын курулушунда жумушчу болуп иштөөдөн баштаган.

1961-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетинин немис тили бөлүмүн бүтүрүп, 1961–1963-жж. университетте немис тили окутуучусу болуп иштеген. 1963–64-жж. Германиядагы Лейпциг университетинин алдындагы И.Гердер атындагы немис тили институтунда адистикти жогорулатуу курсунан окуган.

1966–1968-жж. СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетте германистика боюнча аспирантурада окуп, 1969-жылы кандидаттык диссертациясын жактаган. 1972-жылы ага доцент илимий наамы, илимий эмгектеринин жалпы саны жана көлөмү эске алынуу менен 2001-жылы тил илими боюнча профессор наамы ыйгарылган.

А.Жолдошбеков 35 жылдан ашуун республиканын жогорку окуу жайларында немис тили кафедраларын башкарып келди.

1969–74-жж. СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин немис тили кафедрасынын башчысы, 1974–78-жж. ошол эле кафедранын доценти, 1978–1984-жж. В.В.Маяковский атындагы Кыргыз мамлекеттик кыз-келиндер институтунда немис тили кафедрасынын башчысы, 1984–1989-жж. чет тилдер факультетинин деканы, 1989–1991-жж. немис тили кафедрасынын башчысы, 1991–1999-жж. Бишкек гуманитардык университетинде немис тили кафедрасынын башчысы, 1999–2004-жж. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде немис тили кафедрасынын башчысы жана 2004-жылдан бери Б.Н.Ельцин атындагы Орус-Кыргыз (Славян) университетинде герман филологиясы кафедрасынын профессору болуп иштеп келатат.

Адабий котормочулук ишин өткөн кылымдын 70-жылдарында орус жазуучусу А.Пантелеевдин балдар үчүн жазылган аңгемелерин кыргыз тилине которуу менен баштаган, ошондон бери көркөм адабиятты немис тилинен кыргызчага которуу менен алектенип, немис тилинен кыргызчага түз которгон адис катары белгилүү. 1991-жылы Петер Шуттун «Үч тамганын (КГБ) көзөмөлүндө» аттуу чыгармасын которуп, «Ала-Тоо» журналына жарыялаган.

2000-жылы жарык көргөн жогорку окуу жайларынын чет тилдер факультеттеринде окулуучу 11 сабак үчүн түзүлгөн программалардын авторлошу. Тил илими, котормо, адабият таануу жана чет тилдерин окутуу маселелери боюнча 211 макаланын автору. 1958-жылы ВЛКСМ БКынын «Дың жерлерди өздөштүрүүгө катышкандыгы үчүн» төш белгиси менен сыйланган, 1985-жылы «Кыргыз Республикасынын эл агартуунун отличниги» наамы берилген.

Ал Австрия адабиятынын үлгүлөрү менен кыргыз окурмандарын тааныштыргандыгы үчүн 2001-жылы Австрия Республикасынын Федералдык өкмөтүнүн атайын сыйлыгына татыктуу болгон, Бишкек гуманитардык университетинин ардактуу профессору. 2008-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.

Окуу китептери түзөтүү

Кыргыз тилинде түзөтүү

  • Кыргызча-орусча-немисче сөздүк. – Ф.: Мектеп, 1977. – 340 б. (Авторлош).
  • Кыргызча-англисче-немисче сүйлөшмө. – Ф.: Мектеп, 1978. – 120 б. (Авторлош).
  • Немис тили. Кыргыз мектептеринин 8-10-кл. үчүн окуу китеби. Фрунзе, «Мектеп» басмасы, 1984, 1986. – 246 б. (Гольдгамер Л. Я. менен авторлош).
  • Немис тили. Кыргыз мектептеринин 9 кл. үчүн окуу китеби. – Б.: Мектеп, 1991. – 120 б. (Гольдгамер Л.Я. менен авторлош).
  • Немис тили. Кыргыз мектептеринин 10–11 кл. үчүн окуу китеби. – Б.: Мектеп, 1992. – 224 б. (Гольдгамер Л.Я. менен авторлош).
  • Немис жана кыргыз тилдеринин салыштырма типологиясы боюнча программа. – Б.: БГУнун басмасы, 1993. – 17 б.
  • Немис жана кыргыз тилдеринин салыштырма типологиясы. ЖОЖдордун чет тилдер факультеттери үчүн окуу китеби. – Б.: Чүй университетинин басмасы, 1996. – 279 б.
  • Германистикага киришүү. ЖОЖдордун чет тилдер факультеттери үчүн окуу китеби. Бишкек, БГУнун басмасы, 1997. – 254 б.

Орус тилинде түзөтүү

  • Немецкие предлоги и их функциональные соответствия в киргизском языке. – Ф.: Мектеп, 1970. – 96 с.

Котормолору түзөтүү

  • А.Пантелеев. Биринчи эрдик: Аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1976. – 127 б.
  • Вилли Бредель. Эбрадон Волтага чейин: Үч повесть. – Ф.: Кыргызстан, 1982. – 298 б.
  • Й.Р.Бехер. Коштошуу: Роман. – Ф.: Кыргызстан, 1984. – 340 б.
  • Ханс Фаллада. Азапты тарткан билет: Роман. – Ф.: Адабият, 1990. – 348 б.
  • ХХ кылымдагы Австрия аңгемелери. – Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2000. – 260 б.
  • Пауль Маар. Командир Вальтердин өмүрүнүн бир күнү, Ютта Рихтер. Орунбасар, Зоран Дрвенкар Айдын аркы бети. К-те: Тилден-дилге: – Б.: Учкун, 2007. 321–344-бб.

Колдонулган адабияттар түзөтүү