Жээнбеков Сооронбай Шарипович
кыргызстандык саясатчы, Кыргыз Республикасынын президенти (2017—2020), Кыргыз Республикасынын премьер-министри (2016—2017)
Жээнбеков Сооронбай Шарипович (16-ноябрь 1958-жыл, Кара-Кулжа айылы, Кыргыз ССР, СССР) — кыргызстандык мамлекеттик жана саясий ишмер, Кыргыз Республикасынын мурдагы президенти (2017-2020), Кыргыз Республикасынын мурдагы премьер-министри (2016-2017), Жогорку Кеңештин I, II, III, IV чакрылыштарынын депутаты (1995-2007), мамлекеттик кызматтын 2-класстагы кеңешчиси.
Жээнбеков Сооронбай Шарипович | ||||
| ||||
---|---|---|---|---|
24-ноябрь 2017-жыл — 15-октябрь 2020 жыл | ||||
Өкмөт башчысы: | Сапар Исаков (2017—2018) Мухаммедкалый Абылгазиев (2018—2020) Кубатбек Боронов (июнь 2020 - октябрь 2020) Садыр Жапаров (10-октябрь 2020) | |||
Андан мурунку: | Алмазбек Атамбаев | |||
Андан кийинки: | → Садыр Жапаров (м. а) | |||
| ||||
13-апрель 2016-жыл — 22-август 2017-жыл | ||||
Президент: | Алмазбек Атамбаев | |||
Андан мурунку: | Темир Сариев | |||
Андан кийинки: | Мухамметкалый Абулгазиев (м. а.) → Сапар Исаков | |||
| ||||
16-август 2012 — 11-декабрь 2015 | ||||
Өкмөт башчысы: | Өмүрбек Бабанов Жантөрө Сатыбалдиев Жоомарт Оторбаев | |||
Президент: | Алмазбек Атамбаев | |||
Андан мурунку: | Айтмамат Кадырбаев | |||
Андан кийинки: | Таалайбек Сарыбашев | |||
Дини: | ислам | |||
Туулган жери: | Кара-Кулжа айылы, Кара-Кулжа району, Ош облусу, Кыргыз ССРи | |||
Билими: | Кыргыз айыл-чарба институту | |||
Кесиби: | зооинженер, экономист | |||
Сайты: | president.kg | |||
Сыйлыктары: | ||||
Өмүр баяны
түзөтүү1958-жылдын 16-ноябрында Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кара-Кулжа айылында туулган.
Билими:
түзөтүүК.П. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун бүтүргөн, адистиги – зооинженер, экономист.
Эмгек жолу:
түзөтүү- 1976-жылы Ош облусунун Өзгөн районундагы Ленин атындагы орто мектепте мугалим
- 1977-жылдын июнь айынан 1983-жылдын ноябрь айына чейин – К.П. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунда студент
- 1983-жылдын ноябрынан 1988-жылдын ноябрь айына чейин – Ош облусунун Совет районундагы “Совет” совхозунда башкы зоотехник
- 1988-жылдын ноябрынан 1989-жылдын август айына чейин – Ош облусунун Совет районундагы Кыргызстан Компартиясынын Совет райкомунун инструктору
- 1989-жылдын августунан 1993-жылдын сентябрына чейин – Ош облусунун Ульянов атындагы совхоздун партиялык комитетинин катчысы, директору
- 1993-жылдын сентябрынан 1995-жылдын май айына чейин – Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кашка-Жол колхозунун башкармасы, башкармалык төрагасы
- 1995-жылдын май айынан 2000-жылдын апрель айына чейин – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Эл өкүлдөр жыйынынын агрардык саясат комитетинин төрагасынын орун басары, төрагасы
- 2000-жылдын апрель айынан 2005-жылдын мартына чейин – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Эл өкүлдөр жыйынынын Төрагасынын орун басары
- 2005-жылдын март айынан 2006-жылдын декабрь айына чейин – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агроөнөржай комплекси жана экология боюнча комитети, депутат, төрага
- 2006-жылдын декабрь айынан 2007-жылдын май айына чейин — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат боюнча комитети, төрагасы
- 2007-жылдын май айынан декабрына чейин – Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри
- 2008-жылдын январь айынан 2010-жылдын апрель айына чейин – жеке ишкер
- 2010-жылдын апрель айынан 2012-жылдын август айына чейин – Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-губернаторунун милдетин аткаруучу
- 2012-жылдын август айынан 2015-жылдын декабрь айына чейин – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү
- 2015-жылдын декабрь айынан 2016-жылдын март айына чейин – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору
- 2016-жылдын 23-мартынан Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары
- 2016-жылдын апрель айынан Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
- 2017-жылдын 21-августунда Кыргыз Республикасынын Президенттигине шайлоого катышуу тууралуу чечим кабыл алып, отставкага кетүү тууралуу арыз берген.
- 2017-жылдын 15-октябрында өткөн шайлоодо шайлоочулардын 54,22% добушуна ээ болуп, Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланган.
- Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына 2017-жылдын 24-ноябрында киришти.
Сыйлыктары
түзөтүү- «Айыл чарба жумушунун татыктуу ишкери»
- «Даңк» медалы (2011)
- III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган (2015)