Ичке жылга көрүстөнү – Кочкор өрөөнүндөгү Шамшы айылынын түштүк-батыш тарабында б. з. ч. 1- миң жылдыктан 14-кылымдарга таандык көчмөн уруулардын көрүстөндөрү. Дөбө коргондун бийиктиги 0,3–3 м. Дөбө жана таш мүрзөлөрдөн турат. Бир мүрзөнү казып изилдегенде колго жасалган чопо идиштер табылган. 1954-ж. А.К. Кибиров изилдеген. 11–14-кылымдарга тиешелүү чопо идиштери, ээр, үзөңгү, жаанын жебелери, жебе сала турган баштык, жарым-жартылай күйгүзүлгөн буюмдар (чий, чүпүрөк калдыктары, канжар, колодон жасалган кемер курдун тоголору) табылган. Күйгүзүлгөн буюмдардын өзүнчө чуңкурчада жайгашканы энесай кыргыздарынын сөөктү көмүү салтына окшошот.

Адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.