Ишенимдүү булактар түзөтүү

Арыбаңыз.
Салымыңыз үчүн рахмат.

Википедияга маалымат ишенимдүү булактардын негизинде кошулат. «Химба» макалаңызды булактар менен толуктоо керек.

Ошондой эле макала түзүү алдында пландалган макала бар же жок экендигин текшерүү керек (интерфейстин өйдөңкү жагындагы издөө талаасында). Бир предметке бир макала түзүлөт. Макалалар ар кандай аталышы мүмкүн (каталар менен, предметин чагылдырбай ж.б.), муну да эске алуу керек. Андыктан, шек жаралса макаланын мазмунун текшерүү керек.
Кыргызстанда жана башка өлкөлөрдө калк конуштарынын, административдик-аймактык бирдиктердин аталгылары кайталанышы мүмкүн. Адашпасам Жерге-Тал айыл аймагы 4 райондо бар (Аксы, Ак-Талаа, Нарын, Талас). Мындай учурларда атайын барактар түзүлөт.

Бул сүрөттөрдүн төмөнкү оң жагындагы белгилерин алып ушул эле файлдарды жаңыртсаңыз жакшы болот эле (энциклопедияда мындай сүрөттөр жактырылбайт):

Bosogo (баарлашуу) 08:18, 6 Май (Бугу) 2023 (UTC)

@Bosogo Саламатсызбы. Мен Википедия котормого сунуштаган гана макалаларды которудамын.
Химбаны толуктайын.
Жерге-Талдын сүрөттөрүн издеп же жок болсо кесип оңдоп коём.
Кайсыл убакта экенин так айта албаймын Artelow (баарлашуу) 12:15, 7 Май (Бугу) 2023 (UTC)
@Bosogo Сүрөттөрдүн түп нускасын таптым жана баракчадагы сүрөттөрдүн төмөнкү оң жагындагы белгилери жогуна алмаштырып койдум

Тире/дефис түзөтүү

Саламатсызбы. Кыргыз Википедиясында тире менен дефис белгилери төмөнкүдөй берилет:

  • тире: «—»;
  • дефис: «-».

Макалалар тийиштүү деңгээлде таризделиши керек. Bosogo (баарлашуу) 10:31, 31 август 2023 (UTC)Жооп берүү

Акыркы, мен тарабынан кошулган барактар оңдолду:
Жогорку_баскычтагы_улуттук_домен
.af
Альберт Келнер
.ad
.ac Artelow (баарлашуу) 08:29, 1 сентябрь 2023 (UTC)Жооп берүү

Кыргыз Вики жамаатын калыптандыруу боюнча түзөтүү

Саламатсызбы Талант мырза! Кыргызча википедияга салым кошум жатканыңыз үчүн ыраазычылык! Менин атым Элбек. Биз кыргызча википедияны жана анын жамаатын өнүктүрүү боюнча иш алып баруудабыз. Жакынкы күндөрү жакшы бир иш-чара пландалууда... Ошондуктан төмөнкү номерге байланышып койсоңуз: 0554270597@Artelow Элдин беги (баарлашуу) 15:19, 2 ноябрь 2023 (UTC)Жооп берүү

Элбек мырза, саламатсызбы.
Телефон номуру менен байланышууга болбоду. Бул номур боюнча эч ким жооп бербеди. Artelow (баарлашуу) 11:07, 3 ноябрь 2023 (UTC)Жооп берүү
Саламатсызбы Талант мырза. 0775270597 ушул номерге ватсаптан жазып же чалыңыз. Жогорудагы номур да иштейт болчу. Албай калган окшоймун. Иш-чара 17-ноябрда башталат, андыктан эртелетип байланышыңыз. Элдин беги (баарлашуу) 08:59, 15 ноябрь 2023 (UTC)Жооп берүү

Чет тилдеги категориялар түзөтүү

Саламатсызбы. Которгуч аркылуу которуп жаткан макалаларыңыз чет тилде жазылган категориялар менен кошо жарыяланууда. Сураныч, макаланын таризделишин алдын ала текшерсеңиз. Анткени биз чоң тилдүү Википедия эмеспиз, адам ресурстарыбыз чектелүү. Өзүңүз оңдобосоңуз, начар таризделген бойдон ондогон жылдарга калышы мүмкүн. Антсе Кыргыз Википедиясынын баркына терс таасир этет. Кыргыз тилиндеги маалыматка ишеним калыптандыруу үчүн маңызы менен таризделиши так болушу керек:

1) сноскалардын таризделиши (сноска чекиттин алдында коюлат): «сөз.[1]» же «сөз. [1]» ---> «сөз[1].»;

2) ички шилтемелер (сөздүн мүчөсү да шилтемеге кирет): «Шилтеменин» ---> Шилтеменин ([[Шилтеме|Шилтеменин]] — викитекст);

3) кайрадан эле дефис менен тире туура эмес коюлуп жатат (тире "бул" деген сөздүн ордуна колдонулат):
Википедия бул онлайн энциклопедия же Википедия — онлайн энциклопедия (тире ― түзөтүү интерфейсининин "атайын белгилер" -> "белгилер" деген жеринен табасыз));
Таш-Булак, Таш-Мойнок, 1-апрель, илимий-усулдук (дефис — клавиатурадан тересиз);

4) тизмелердин таризделиши (ар бир тизменин элементинен кийин «;» белгиси коюлат):

  • бир;
  • эки.

Үлгү катары «Кыргызстан» макаласын карасаңыз болот.
Сапат артыкчылыктуу. Рахмат.

Иш-чара боюнча мен менен bosogo00@gmail.com аркылуу байланышсаңыз болот. Bosogo (баарлашуу) 13:35, 8 ноябрь 2023 (UTC)Жооп берүү

@Bosogo Азырынча которуларлы жана жаңы макалаларды кошууну токтотуп эле турайын, администраторлорлун кыжырын келтирбей. Бир дагы татыктуу нускама жок экен, макалалар ар түрдүү формада жана стилистика жазылгандыгына байланыштуу, бир калыпка келтирүү чындыгында кыйын.
Эң чоң кыйынчылыктар бул калыптар, калыптардын түзүмү өтө начар которулуп кайсы сап эмнени билдирери белгисиз.
Макалаларды которуда - котормо аспабы аркылуу которуп анан макаланын өзү аркылуу толуктап жаткан болчумун. Себеби: макалаларды башка тилдер менен байланыштыруу укугу менде жок.
Акыркы бир суроо Шилтемелер же Шилтеме кайсыл варианты туура? Artelow (баарлашуу) 14:17, 8 ноябрь 2023 (UTC)Жооп берүү
@Artelow Макаланы башка викиден түздөн-түз которбой да түзсө болот. Мыктыраак жазсак болот. Нускама макаланы сунуштадым - Кыргызстан. Мындан тышкары башка тилдүү викилерди карасаңыз болот. Сноскалар боюнча - Кыргызстанда ж.б. постсоветтик өлкөлөрдө сноскалар чекиттин алдында коюлат. Ушундай калыптанган. Англис тилдүү дүйнөдө чекиттен кийин.

Википедияны биз түзүп жатабыз. Башка бирөө келип бизге кыргыз тилиндеги мыкты энциклопедияны белек кылып бербейт. Бирдейликти кааласаңыз - макалаңыздар бирдей болушу керек, башкаларды да оңдосоңуз болот.

Андай укук ар бир колдонуучуда бар. Интерфейстин оң жагында тийиштүү баскычты таба аласыз.

Экө тең туура: шилтеме - жекелик санда, шилтемелер - көптүк санда.

Сандан сапат артыкчылыктуу. Эмнеге ? Начар жазылган же таризделген макаланы эч ким окубайт баары бир. + Википедиянын баркына сокку. + Кыргыз тилине сокку. "ААА КЫРГЫЗДАРДЫН КОЛУНАН ЭЧ НЕРСЕ КЕЛБЕЙТ" ж.б. у.с. ойлор келет. Эгерде катаал чараларды көрбөсөк - азыркы төмөн деңгээлде калабыз (жалпы кыргыз тилдүүлөр). Начар макаланы эч ким көрбөшү керек. Интернеттен окуп көрсөңүз Кыргыз Википедиясы тууралуу кандай ойлор бар.
Мисалы, «Такова и кыргызская Википедия, вся в ошибках. По моему никто ею не пользуется.» Мындай ой-пикирлерден арылуу үчүн ЧОҢ, ТАТААЛ эң негизгиси - ТУРУКТУУ, УЗАК МӨӨНӨТТҮҮ жумуш жасаш керек. Жылдар өтөт. Көптөгөн нерв кетет. Мисалы мен деле мунун баарын кылууга милдеттүү эмесмин. Бирок, абалды көрүп, кыргыз тили жоголуп баратат, кухнянын тили болуп баратат деген ойлор үчүн аракетти жумшап жатам.

ru:Наполеон I, ru:Википедия:Кандидаты в избранные статьи#Требования к статье. Bosogo (баарлашуу) 15:50, 8 ноябрь 2023 (UTC)Жооп берүү
Саламатсызбы. Акырындап макалалардын сапатын жакшыртып жатамын. Эми колдон келишинчи биздин тилдеги Википедияны жакшыртабыз деген ойдомун. Artelow (баарлашуу) 14:19, 13 ноябрь 2023 (UTC)Жооп берүү

КР ЖКнын чакырылыштарынын депутаттары тууралуу түзөтүү

Саламатсызбы.Төмөнкү макалаларыңызда булактар келтирилбегендиги үчүн өчүрүлүп, мейкиндигиңизге көчүрүлдү:
Колдонуучу:Artelow/Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин IV чакырылышынын депутаттары;
Колдонуучу:Artelow/Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышынын депутаттары;
Колдонуучу:Artelow/Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын депутаттары;
Колдонуучу:Artelow/Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаттары.
Буларды жеткире иштеп чыгып, негизги мейкиндикке чыгарса болот. Калооңуз бар болсо, ал макалаларды КР ЖКнын чакырылыштарын толук кандуу чагылдырган макалаларга айлантса болот. Ошондо депутаттардын тизмеси макаланын бөлүмү эле болуп калат. Bosogo (баарлашуу) 13:42, 14 январь 2024 (UTC)Жооп берүү

Саламатсызбы. Маалыматтарды тактап толуктап, сиз сунуштаган вариантта чыгарамын. Азырынча толук маалымат жоктугуна байланыштуу менин мейкиндигимде эле кала берсин.
Ыраазычылык билдирем. Artelow (баарлашуу) 07:10, 15 январь 2024 (UTC)Жооп берүү

Эскертүү түзөтүү

Өтө кыска (макалалардын сапаты) же булактар келтирилбеген барактарды түзгөнүңүз Википедия принциперине дал келбейт. Мындай аракеттер кайталанса убактылуу бөгөттөлүшүңүз мүмкүн. Bosogo (баарлашуу) 19:59, 24 февраль 2024 (UTC)Жооп берүү

@Bosogo мисалы кайсы макалалар? шилтемесин берип коюңузчу Artelow (баарлашуу) 20:18, 24 февраль 2024 (UTC)Жооп берүү
@Artelow 1860 - мына мазмуну жок (калыптар мазмун эмес, алар кызматтык функцияны аткарат). Дагы бир мындай көрүнүш байкалса бөгөттөлөсүз. Bosogo (баарлашуу) 20:20, 24 февраль 2024 (UTC)Жооп берүү
@Bosogo макул Artelow (баарлашуу) 20:24, 24 февраль 2024 (UTC)Жооп берүү

Администратордон түшүрүүгө шайлоого чакыруу түзөтүү

Арыбаңыз! Урматтуу Artelow. Мен Кыргыз Википедиясындагы Bosogo’нун администраторлугунан кетирүүгө сизди чакырып жатам. Bosogo бир нече жолу өзүнүн жагдайы менен колдонуп, башка колдонуучуларга жол бербей. 3200 макаланы жок кылып (Өзүнүн чечүүсү боюнча) Жана ага каршы чыккандарга бөгөт койгондугуна себеп койдум.

Шайлоо бул жерде өтүп жатат. HOMIEZAVR (баарлашуу) 18:52, 16 март 2024 (UTC)Жооп берүү