Mairam 2024
Тез старт үчүн колдонмо | Википедияга кош келиңиз Mairam 2024! |
Биринчи кадамдар | Кыргыз Википедиясынын катышуучулары атынан Салам!.
Катышуунун негизги принцибине көңүл буруңүз: Кеңири оңдоонуз жана жакшы максатты божомолдонуз. Википедияда макалаларга кол коюлбайт (авторлордун тизмеси автоматтык түрдө түзүлөт жана аны макаланы кайра карап чыгуу тарыхынан алууга болот), бирок форумдагы талкууга же жеке баракчалардын талкуусуна катышууну кааласаңыз, кол коюңуз. төрт тилде (~~~~ ), же элемент терезесиндеги тиешелүү баскычты чыкылдатуу менен. менен кол коюңуз Ылакап атты кол менен киргизүү талап кылынбайт.
Суроолоруңуз болсо, Жардам баракчасын колдонуңуз. Эгерде сиз ошол жерден сурооңузга жооп таба албасаңыз, анда аны долбоордун форумунда же баарлашуу баракчаңызда оңдоңуз: ошол жерге Эгер сиз макаланы бир оңдоо менен түзө албасаңыз жана аны кийинчерээк жазууну кааласаңыз, башка колдонуучуларга кабарлоо үчүн тексттин башына
Hello and welcome to the Kyrgyz Wikipedia! We appreciate your contributions. If your Kyrgyz skills are not good enough, that’s no problem. We have an embassy where you can inquire for further information in your native language. We hope you enjoy your time here!
|
Макалага ат кою | |
Макаланы кантип оңдоого болот | |
Эрежелер жана көрсөтмөлөр | |
Сүрөттөр менен кооздоо | |
Автордук укук | |
Глоссарий |
Сунуш
түзөтүүСаламатсызбы! Эжеке википедиянын эрежелери боюнча "Бөлүмдүн аталышын" баарын чоң тамга менен жазганга болбойт. Ошондой эле "калың" (жирный) менен да жазганга болбойт. Эгер ушундай жазыла берсе, администраторлор сиздин макалаңызды өчүрүүсү мүмкүн. Мен википедиянын активдүү колдонуучусу катары сизге сунуш айтайын дедим. Baydastann (баарлашуу) 11:57, 24 март 2024 (UTC)
- Аа макул, эске алам. Рахмат Mairam 2024 (баарлашуу) 12:42, 24 март 2024 (UTC)
Жарнама ?
түзөтүүСаламатсызбы. Айрым макалаларыңыз жарнама мүнөзүндө жазылып жатат. Википедияда ― энциклопедия. Ошондой эле автордук укукту бузган же бузушу ыктымал материалдарды жарыялоого болбойт. Википедиянын негизги принциптери. Bosogo (баарлашуу) 18:29, 28 апрель 2024 (UTC)
Жооп
түзөтүүСаламатсызбы. Эл. почтама Википедиянын мазмуну боюнча жазганыңыз үчүн Википедияда эле жооп бергени туура. Билдирмеңизден үзүндүлөрдү келтирип жооп берейин.
Сиздин менин эки макаламды өчүрүп, мени бөгөттөп салганыӊызды түшүнгөн жокмун ( Азыр бөгөт алынган, ооба.
1) Сизди эч ким бөгөттөгөн эмес. Бул журналдан текшерсеңиз болот: https://w.wiki/9zhw. Бөгөттөдүңүз дегениңизди түшүнгөн жокмун.
Өчүрүлгөн эки макаланы жактайын:
1) Айылдык кеӊеш кызматы коомдук фонду – 140 000 үй-бүлөнүн айыл чарбада, мал чарбада, багбанчылыкта, аарычылыкта, балык чарбасында сабатын жоюп, агрардык жактан агартышкан. СССРден кийин бүгүнкү күнгө чейин бул багытта биздин өкмөт дыйкан фермерге сабак өтүп, жаӊычылдыкты жайылткан жок. Колхов-совхоз тараганы дыйкан фермер кароосуз. А булар төмөнкү багыттарда:
- Өлкөгө жаӊы кирген – үрөн, сортторду парникте өстүрүп көчөт даярдап, огородко, талаага өстүрүүдөн тартып, аларды кантип оору/зыянкечтерден сактап, түшүмдүүлүгүн арттыруу менен кире табууга жана карлик бактарды кыйыштырууга;
- Эт, сүт багытындагы эчки, кой, уйларга тоют берүүнү, бордоп багууну алар жайлоого чыкканда жайытты сактоону;
- Дүйнөдө жайылган тамчылатып сугаруу системасын биздин өлкөдө жайылтуу, колдонууну үйрөтүүдө эмгеги чоӊ. Учурда Бишкекте шаардын аймагына тигилген гүл бакчаларды, жаӊы парктарга орнотулган тамчылатып, жамгырлатып, чачыратып сугаруу техникасын – КРден Индияга барып окуп үйрөнүп келген ушул ишкананын адиси;
Сугат эмес кайракы жерлерде/адырларда жарым ай формасы менен бактарды өстүрүү, киреше табуу + жер кыртышын бекемдөө, жер көчкүнүн алдын алууну элге түшүндүргөн ишкана. Билгенге булар эмне деген чоӊ темалар, эмне деген эмгек! Профилактика деген эӊ пайдалуу го. Көчкү түшөт же түштү деп зыянын эсептеген өкм бар албетте. Булардын баарын майдалап айтканым элдин жашоосуна кол кабыш кылган, турмушун жакшыртууга аралашкан ишкана тууралуу маалымат болсо википедияга артык баштык кылбайт.
Бул эмгекти аткаргандарды элге жеткирүүбүздүн эмне зыяны бар коомго жана мында эмне жарнама бар деп ойлодуӊуз? Алардын жетишкендиктери жөнүндө жазылганын туура эмес көрүп жатасызбы же кайсы жерин туура эмес көргөнүӊүздү айтсаӊыз мен да оюмду айтайын, талкуулап, таразага салалы.
2) Википедия — энциклопедия. Энциклопедия энциклопедиялык стилде жазылат, энциклопедиялык макалалардын өз түзүмү бар (мисалы, ар бир макала макала предметинин аныктамасынан башталат).
Жалал-Абад Айылдык кеӊеш кызматы – ЖА АКК" макалаңыз төмөнкүдө башталган:
"Жалал-Абад Айылдык кеӊеш кызматы (ЖА АКК) Коомдук фонду – негизинен 4 багытта иш алып барат. Алар: айыл чарба, мал чарба, экономика жана гендер, маркетинг. Мындан сырткары – мейманкана бизнеси (booking, airbnb платформалары менен иштешүүнү үйрөтүү), суу чарба, багбанчылык, балчылык, балык чарба тармагында окутуу, кеӊеш берүү кызматын көрсөтөт.
Көргөнүңүздөн энциклопедиялык стилге дал келбейт. Ошондой эле "Жалал-Абад Айылдык кеӊеш кызматы" издөө сурамы боюнча aimak.kg сайтындагы бир гана жаңылык макала чыкты: "ЖАЛАЛ-АБАДДА ТУУРА ТАМАКТАНУУ БОЮНЧА ВЕБИНАР ӨТТҮ". Макалаңызда болсо төмөнкү булактар келтирилген болчу:
- https://www.youtube.com/@rasja9584/videos
- https://www.facebook.com/rasjalalabad?mibextid=dGKdO6
- https://www.instagram.com/rasja.kg?igsh=NzlqeXZjeWM2dG9t&utm_source=qr
- https://www.instagram.com/etnodom_guesthouse/
- https://www.instagram.com/_zolotoy_colos_/
Башкача айтканда уюмдун өз сайты, соц. тармактардагы баракчалары. Мындай булактар анын энциклопедиялык маанилүүлүгүн ырастабайт. Көптөгөн компаниянын, жеке ишкерлердин өз сайттары бар жана/же соц. тармактарда баракчалары бар. Эми алардын баарын Википедияга киргизбейбиз да. Ошондой эле башка уюмдарда да өз чоң жетишкендиктери бар болушу мүмкүн, дүйнөдө андайлар көп. Алар да бүгүн бар, эртең жок, жаңылар пайда болот. Эгерде андай принцип менен макалаларды түзө берсек Википедия ишкерлердин блогуна айланчудай. Мындай принцип менен дүйнөдөгү 8 млрд. ашуун адам тууралуу макала жазууга келип калабыз. Азыркы учурда универдин сайтын келтирип мугалимдер тууралуу макалаларды жазып жатышат. Ооба, арасында китептерди, окуу куралдарын жазгандар жок эмес, бирок андайлар көп чыныгында, алар ал кесипте болгону үчүн жазышат + Кыргыз Википедиясы Кыргызстанга арналган энциклопедия эмес. Мындай критерий жалпы дүйнө жайылып калат.
Мындан тышкары Википедияга кошкон маалыматыңыз башка колдонуучулардын текшерүүсүнө мүмкүн болушу керек. Башкача айтканда колдонуучу сиз келтирген булакты ачып, кошулган маалыматты тамгасына чейин ырастап алууга оңой мүмкүнчүлүгү болушу керек. Википедия ошол принципте негизделет. Баарыбыз бир бирибизди текшерип жатабыз. Китепти келтиргенде, ал китептин кайсы барагынан маалымат алганыңызды көрсөтүш керек, китеп жалпыга жеткиликтүү болгон учурда — ал китепке алпарган шилтемени кошуу керек. Сайтка таянганда, сайттын белгилүү бир барактарын белгилүү бир сөзгө/сүйлөмгө/абзацка (абзацтарга) келтириш керек, ошондо маалымат оңой текшерилет.
Жыйнтык. Кеп менин көз карашымда эмес. Бирөө фашизм жөнүндө макала жазса, ал фашистттик көз карашта экенин билдирбейт. Уюмдун жетишкендиктери макала жарнама мүнөзүндө жазылышынан четтетпейт. Википедияда макала предметинин жаманын же жакшылыгын талдабайбыз. Ишенимдүү булактарды келтирүү менен бардык нерсени бейтарап чагылдыруу керек. Ошондой эле баштапкы булактардын негизинде, мисалы, тарыхый документтердин негизинде макала жазса болбойт. Бул Википедияда өздүк изилдөө катары таанылат. Макалалар экинчи ирет булактардын негизинде жазылат. Мисалы, тарыхчы баштапкы булактарды өз академиялык билимин колдонуу менен, тарых илиминин усулдарын колдонуу менен изилдеп (илимий изилдөө), жүргүзүлгөң изилдөө негизинде илимий эмгегин жазып, жарыялаган (мисалы, илимий журналда) булактарга таянабыз.
Сейтек Качкынбаевди жазайын деп жатсам анын агасы Надырбек Качкынбаевди өчүрүп салдыӊыз. Ал киши агрономияда абдан чоӊ салым кошкон окумуштуу. Турмушубузда колдонулбаган, жашообузга кирбеген илимий эмгектердин ээлерин (мисалы техникалык, философия ж.б. боюнча илимдин кандидаттары жүрөт википедияда) Аларга салыштырмалуу Надырбек агайдын түштүк кыргызстанда эл массалык түрдө тигип жүргөн пахтанын Кыргыз-3 сортунун авторлорунун, ойлоп табуучуларынын бирин киргизүүгө каршы болгонуӊуз туура эмес деп эсептейм. Айыл чарбада КЫРГЫЗ агрономунун чыгарган сортун элдин 90%ы колдонгон үрөөн ушул пахта сорту. Андан сырткары агайдын органикалык пахта, био эмес картошка, томат, пияз, деги койчу 20дан ашууна жашылчалар тууралуу жазган китепчелери 100 000 деген тиражда сатылыптыр. Агайдын органикалык пахтаны өстүрүүнү жайылтууда аракети абдан чоӊ. Анын демилгеси, эмгегинин артында бүгүнкү күндө Кыргыз органикалык (био) пахтасы дүйнөдө эӊ сапатуу саналат. Үзүлбөй 38 метрге жеткендиги үчүн мындай бааны алып келет. Кыргыз био пахтасы (ФейрТрейд! сертификаты менен) Щвейцария менен Германияда текстиль фабрикасында түрдүү товар болуп иштелип чыгып, сатылып жатканы сыймык болушу керек. Алар учурда органикалык чарба жүргүзүүнү Таласта, Ак-Сууда, Чүйдө – буурчак, соя, картошка өӊдүүлөрдү био жолу менен жетилтүүнү жайылтып жатышат. Кыргыз жеринде дыйкандарыбыз органикага өтүп, химикат колдойбой айыл чарба азыктарын элге сатса кандай керемет болот! Учурда мен билгенден 8000дей дыйкан фермер ушул жолдо аракет кылып жатышат. Анын башатын баштоочулардын эмгеги айтылышы керек ко.
3) Википедияда эч маалымат жоголбойт. Макалаңызда бир эле "булак" (бир да сөздү ырастабаган) келтирилген: https://www.instagram.com/reel/C5AVB3yNtAf/?igsh=MXcyYXhlcWp3cHNqNg%3D%3D. Макаланы жеткире иштеп чыгуу үчүн жеке мейкиндигиңизге көчүрүлдү ― "Колдонуучу:Mairam 2024/Качкынбаев Надырбек".
Эми – Кыргыз википедиясында толук эмес, түшүнүксүз маалыматы менен макалаларды байкадым:
Бир ырчы жөнүндө биртке маалымат анан хоббиси, фобиясы жөнүндө эле жазылыптыр; Бир инсандын – чон энеси, чонойгон жайлоолорунун кооздугу жөнүндө да жазылыптыр. Чоӊ энеси атактуу адам болсо жазылышы керек деп эсептейм; Жайлоонун кооздугун сүрөттөө мүмкүн болсо анда ар бир айыл укмуш да. Дагы бир инсандын концлагерде жаткан бир тууганы (орусча айтканда подвиг үчүн медалы болсо жазса болсо керек, бирок андай эмес катардагы жоокер), Бирөөнүн болсо кызы котормочу деп жазылыптыр, бирок эмгектери көрсөтүлбөсө куру сөз да? Дагы бир макалада – “атасы бир уруунун оокаты тыӊ кишилеринен болгон” деген сүйлөм жүрөт. Кайсы бир журналисттин катышкан тренингдери дегенде Саидмурад Давлатовдун “Тайм менеджмент” семинарына катышкан деп жүрөт. Ар бир ушундай семинар-тренингди жазсак болбой калат ко ээ? Айрым макалаларда балдарынын ысымдарын ким койгонуна чейин бар экен.
Мына ушундай материалдарды толуктап, жараксыз жерин алып салсак болчудай.
4) Википедия — ыктыярчылар тарабынан түзүлүүчү энциклопедия. Мен Википедияда иштебейм, бош убактымды сарптайм. Англис же орус тилдүү Википедияларындагыдай миңдеген тажрыйбалуу википедиячыларыбыз жок. Ооба, кемчиликтер көп. Bosogo (баарлашуу) 18:12, 6 май 2024 (UTC)
- Саламатсызбы!
- Жообуӊузга ыраазычылык билдирем, ыракмат.
- 1) Сизди эч ким бөгөттөгөн эмес. Бул журналдан текшерсеңиз болот: https://w.wiki/9zhw. Бөгөттөдүңүз дегениңизди түшүнгөн жокмун.
- – Мага ошондой билдирүү келген:“Бул макалалар ушул колдонуучу тарабынан өчүрүлдү жана сиздин айпи дарек бөгөттөлдү. Эми бул аккаунттан, айпиден макалаларга түзөтүү жасай албайсыз, макала жүктөй албайсыз” деген. Кирип көрсөм, Босого аттуу колдонуучу бөгөттөдү, себеби – вандализм деп жазылган эле. Скрин алгам, өчүрүп алыптырмын. Балким, техникалык ката, бирок сайттын билдирүүсү ушундай болчу.
- 2) Википедия — энциклопедия. Энциклопедия энциклопедиялык стилде жазылат, энциклопедиялык макалалардын өз түзүмү бар (мисалы, ар бир макала макала предметинин аныктамасынан башталат)
- – Түшүнүктүү.
- 3) Википедияда эч маалымат жоголбойт. Макалаңызда бир эле "булак" (бир да сөздү ырастабаган) келтирилген. Макаланы жеткире иштеп чыгуу үчүн жеке мейкиндигиңизге көчүрүлдү.
- ― Тастыктаган булак кошом.
- 4) Википедия — ыктыярчылар тарабынан түзүлүүчү энциклопедия. Мен Википедияда иштебейм, бош убактымды сарптайм. Англис же орус тилдүү Википедияларындагыдай миңдеген тажрыйбалуу википедиячыларыбыз жок. Ооба, кемчиликтер көп.
- – Туура айтасыз, кемчилдиктерибиз көп. Mairam 2024 (баарлашуу) 08:46, 8 май 2024 (UTC)