Куланак (айыл)
(«Куланак, Нарын району» барагынан багытталды)
Куланак — Кыргызстандын Нарын облусунун Нарын районундагы айыл. Учкун айыл аймагына кирет. 1907-жылы негизделген.
Айыл
Куланак
|
Нарын дарыясынын сол жээгинде, Нарын—Казарман унаа жолунун боюнда жайгашкан. Райондун административдик борбору ― Нарын шаарынан 45 км батыш тарапта, Балыкчы темир жол бекетинен 225 км аралыгында.
Калк
түзөтүүКалкы ― 2705 киши (2009-жылы)[1]. Негизинен мал чарбасында эмгектенишет.
Инфратүзүм
түзөтүүОрто мектеп, китепкана, кесиптик-техникалык окуу жайы, оорукана, 2 фельдшер-акушердик пункт, маданият үйү, универмаг, кондитер цехи, ашкана, турмуш-тиричилик комбинаты бар.
Көрүнүктүү инсандар
түзөтүү- Кулумбаев Жусубалы — Социалисттик Эмгектин Баатыры.
- Эркинбаев Токтоналы — Социалисттик Эмгектин Баатыры.
Булактар
түзөтүү- ↑ 1.0 1.1 2009 Population and Housing Census (орусча). The National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic (2010). Текшерилген күнү 12 -ноябрь (жетинин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.
- «Кыргызстан» улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9