Маршалл аралдары.
Маршалл Аралдар желеги.
Мажуро аралынын учактан көрүнүшү. Фото Жаныбек Омор, 2017.

Маршалл Аралдары, Маршалл Аралдар Республикасы (маршаллча: Aolepan Aorokin Majel, англ. Republic of the Marshall Islands) – Тынч океанындагы арал мамлекет; аты окшош архипелагда 1156 аралда жайгашкан. Жалпы аянты 181,3 км2. Калкы 58,4 миң (2018). Борбору – Мажуро (Мажуро атоллунда жайгашкан; калкы 29,3 миң), 73%и шаар калкы деп эсептелинет . Акча бирдиги – АКШ доллары.

Маршалл аралдары.

Өлкө экваторго жакын, анын түндүк тарабында Микронезия аймагында жайгашкан. Ал Тынч океандын батыш бөлүгүндө Ратак жана Ралик деген эки топ алардарын түзөт - анча чоң эмес 29 шуру атоллдорунда жана 5 шуру аралдарында (баардыгы 1150) жайгашкан. Ири аралдары: Мажуро (29,3 миң киши), Эбейе (9,6 миң киши).

Маршалл Аралдары – БУУнун (1991), ЭВФнун (1992), Эл аралык реконструкция жана өнүктүрүү банкынын (1992), Тынч океан аралдары форумунун (1991) мүчөсү.

Ал унитардык мамлекет; Конституциясы 1979-жылы 1-январда кабыл алынган. Мамлекет жана өкмөт башчысы – президент (4 жылга шайланат). Башкаруунун формасы – аралаш республика. Мыйзам чыгаруучу органы – 33 сенатордон турган Төмөнкү палатага таандык; Жогорку палата 12 уруу башчыларынан турат.

Эң бийик жери 24 м, эң жапыз жери Тынч океан деңгээлинде (0 м). Эң ири атоллу – Кважалейн (97 аралдан турат, аянты 17 км2). Аралда фосфориттин кени бар. Океандын таманынан темир марганец конкрециясынын топтому табылган.

Климаты - архипелагдын түндүгүндө тропиктик пассаттык, түштүгүндө субэкватордук. Жылдык жаан-чачыны 2000 ммден (Түндүк аралында) 4500 ммге чейин (түштүгүндө; майдан декабрга чейин жаайт). Абанын айлык орточо температурасы 26–33°С, жылдык орточо 28°С. Туруктуу суусу жана көлү жок.

Өсүмдүктөрдүн 80ге жакын түрү кездешет. Кокос пальмасы, нан дарагы, банан, шуру лагуналарында мангр өсүмдүктөрү отургузулган. Топурагынын күрдүүлүгү аз, нымды кармабайт. Арал жаныбарларга жакыр. Сүт эмүүчүлөрдүн 9 түрү (колу канаттар, кемирүүчүлөр), жерде-сууда жашоочу жылан, кескелдириктер (өзгөчө геккондор), деңиз жана жашыл таш бакалар, куштардын 106 түрү кездешет. Арал – канаттуулар базары. Жээгинде балыктар (250дөн ашык түрү) быкылдайт. Шурунун (коралл) 140 түрү бар. Коргоого алынган аймагы жок. Бикар жана Таонги (Бокак) атоллунда табигый экосистема (деңиз жашыл таш бакасы) сакталып, Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген.

Балык уулоочу кеме. Фото: Жаныбек Омор, 2017

Калкынын негизинен маршаллдыктар түзөт, ошондой эле америкалыктар (6,2%), филиппиндер, япондор, кытайлар ж. б. жашайт. Христиан (негизинен протестанттар), мусулман, иудей динин тутат. Расмий тилдери – маршалл жана англис тилдери. Элдин орточо жыштыгы 1 км2 жерге 370 ки­ши. Орто жашоо узактыгы: эркектер – 69,8 жаш , аялдар – 73,9 жаш. Төрөлүүнүн деңгээли 1000 кишиге 29,1 бала. 100 аялга 104 эркек туура келет.

Европалыктарга Аралдарды 1529-жылы испан деңиз саякатчысы А. Сааведра ачкан. 1788-жылы англичан Маршалл изилдеген. 19-кылымдын башында орус деңиз саякатчылары да бир нече майда аралдарды ачып, картага түшүрүшкөн. 17-кылымдан 19-кылымга чейин Испаниянын ээлиги болгон. 1885-жылы Германия, 1914-жылы Япония басып алган. 1920-жылы Улуттук лига аралды башкарууга Японияга мандат берген. 1945-жылы АКШга өткөн. 1947-жылы БУУнун чечими менен АКШнын опекага алынган аймагы болгон. Америка өкмөтү аралды аскер полигонуна айландырышкан. 1946-жылдан 1962-жылга чейин ядролук куралдарды сынашкан (Бикини жана Энивиток атоллдорунда). 1982-жылы Кважалейн а. ракета полигону болгон. Арал 1991-жылы көз каранды эместикке ээ болгон.

Экономика жагынан, Маршалл Аралдары – өнүгүп келе жаткан, калкынын кирешеси төмөн өлкө. ИДПнын көлөмү 180 млн АКШ доллар (2016), аны киши башына бөлүштүргөндө 3,300 долларын түзөт. Анын 32%и айыл чарба, 15%и өнөр жай, 53%и тейлөө чөйрөсүнөн өндүрүлөт. Экономикасы АКШнын жардамына муктаж (бюджетинин 60% туура келет). Мамлекеттик бюджеттин 30%и Кважалейн атоллунун ижарасынан, ошондой эле чет өлкөлүк соода кемелерине «ыңгайлуу желекти» бергендиги жана каттоого алгандан түшөт. Балык кармоо жана жасалма жол менен көбөйтүү копраны иштетүү (кокос майы, жмых) ишканалары иштейт. Кол өнөрчүлүк менен (жасалма үлүлдөн, жыгачтан буюмдар жасашат) алектенет. Аралдын аймагынын 10%и иштетилет. Негизги товар өсүмдүгү – кокос пальмасы жана нан дарагы. Томат, коон, тропика жемиштери өстүрүлөт. Бодо мал, чочко асыралып, тоок багылат. Автомобиль жолунун уз. 2000 км (анын ичинде асфальтталганы 75 км). Жалгыз деңиз порту – Мажуро. Маршалл Аралдарынын желеги менен 1381 кеме (анын ичинде 1284ү чет өлкөлүктөргө таандык) кирет. Экономикасынын негизин фосфат казып алуу, айыл чарба жана балыкчылык түзөт. Сыртка фосфат, кокос майы, копра, балык, белек-бечкектер чыгарылат. Сырттан азык-түлүк, тамеки, курулуш материалдары, машина жана анын жабдуулары, минералдык отун, химикаттарды алат. Негизги сырткы соо­да шериктештери: АКШ, Япония, Австралия.

2018-жылы Маршалл Аралдары өз акчасын (криптоакча - cryptocurrency) киргизүү жөнүндө мыйзам кабыл алды. Жаңы акча бирдиги "соверин" ("sovereign" - "көз карансыз") деп аталды.

Билим берүү системасы – мектепке чейинки (3 төн 5 жашка чейин), милдеттүү 8 жылдык башталгыч (6дан 14кө чейин; мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мектептер), орто (15тен 18ге чейин) жана атайын орто билим алуудан турат. Жогорку билимди Мажуродогу Түштүк Тынч океан университетинин кампусунан (1993) алышат. Калк китепканасы, улуттук архив, «Алеле» музейи бар. Мажуро атоллунда 1982-жылдан бери күн сайын гезит чыгат. Радио берүүлөрү жана теле көрсөтүүлөрү англис жана маршалл тилинде көрсөтүлүп, уктурулат.

Колдонулган адабияттар жана маалыматтарОңдоо

  • “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7.
  • Экономит Жаныбек Омор уулунун маалыматтары (2017-жылы апрель-май айларында Маршал Аралдарында жүрүп, анын экономикасын изилдеген).