Моңолдор
Моңолдор – кыргыздын, оң канатына таандык ири уруулардын бири.
Этимология
түзөтүүМоңолдордун теги жана аталышынын келип чыгышы кыргыздын тарыхында терең из калтырган, кыргыздын Теңир Тоодо калыптанышына зор салым кошкон моголдорго такалат.
Моголдор — моңгол жана түрк тектүү көчмөн уруулардан куралган, түрк тилинде сүйлөгөн, ислам динин туткан жана Моголстан мамлекетинде (1347–1570) үстөмдүк кылган эл болгон[1][2]. Жергиликтүү түрк жана фарс тилдеринде сүйлөгөн калк, моңголдорду «моғол», «муғул», «моңол» деп аташчу.
Санжыра уламышы
түзөтүүМоңолдор уруусунун келип чыгышы тууралуу эл арасында айтылган санжыра уламыштар көптөн кезигет. Санжырачы Байгара уулу Муса калтырып кеткен варианты боюнча[3]:
Байыркы убакта Кашкар тарапта нойгуттардын Болот деген ханы болгон. Болот-хандан Кылыч-хан. Кылыч-хандын биринчи аялынан Дайыр жана Көкө деген эки уул болот. Балдар чоңоюп калганда энеси көз жумуп, Кылыч-хан экинчи аялга үйлөнөт. Жаш аялы балдарды өгөйсүтүп жек көргүзө баштайт. Дайыр менен Көкөнү амал менен жоготкусу келет. Хан, аялдын чагым кебин чын-жалганын териштирбей, желдетин чакырып, эки баланы талаага алып барып өлтүрүп ташта! - деп буйрат. Желдет балдардын ич кийимин улактын канына боёп, ханга алып барып берет. Эки бала ошондон качып отуруп Ат-Башы, Арпаны басып, ошол кезде Нарындын башын жайлап жүргөн Адыгине, Тагайга барат. Кыргыз бийлери Дайырга төө кайтартып, Көкөгө болсо уй бактырып коёт.
Ошол мезгилде, кыргызга жанаша жашап турган калмак төрөсү Корун той берип:
— Балбан күрөш кылам, кыргыздар балбанын алып келсин, шартым бар: кыргыз балбаны жеңсе жерин таштап кетем, балбаны жеңилсе Керме-Тоону бүт мага берет! - деп, жардык кылат.
Адыгине, Тагай колбашчылары менен кеңешип, калмактын бөкө балбаны Шарбоого тең келе турган балбан таба албай, же жерди кыйып таштап кете албай катуу кыйналат. Ошондо бойго жетип, толуп турган Көкө:
— Мага ишенсеңер, балбанга түшөм. Элим үчүн башым садага, элдин тентигенин көргөндөн көрө, өлгөнүм артык! - дейт.
Калмактын бөкө балбаны алачыктай неме экен, колуна тийсе мыжыгып коё турганын билип, Көкө, тийип-качып, ит урушун салып күрөшөт. Акыры, Шарбоо чарчап, кыймылдай албай калганда, Көкө, көтөрүп урат. Атайы коюлган желдет, Шарбоонун башын алат. Калмактар убада боюнча, кыргыз жеринен кетет. Көкө, Дайыр ошондон кадырга ээ болуп, эл көзүнө көрүнөт. Адыгине, Тагай кеңешип туруп, эжеси Наалыны Көкөгө алып беришет. Наалыдан Моңол туулат. Көкө калмак төрөнүн кызынан токол алат. Андан туулган баласына Дор деп ат коёт. Моңол менен Дордун тукуму, кийин моңолдор уруусун түзөт. Ал эми, Көкөнүн бир тууганы Дайыр болсо, Наалыны мага алып бербей Көкөгө алып берет - деп, таарынып, жалайыр казакка кирип кетет.
Көкө, кыргыз ичинде, кадыр-баркка ээ болгондон кийин кол курап ары, нойгутта калган атасын чапмак болот. Барса, алар бул кабарды угуп бүткүл нойгутту көчүрүп, качып кеткен болот. Хандын ордосунда сырдалган кооз бешикке бөлөнгөн бала жатыптыр. Ал деген Кылыч-хандын токолунун баласы экен. Көкө аны алып келип, Наалынын колуна тапшырат. Ал баланы черүүдөн табылды деп, атын Черик коюшат. Анын тукумунан черик уруусу тарайт. Моңолдор менен чериктин бири-бири менен жакындыгын да, ушундай түшүндүрөт.
Тарыхы
түзөтүүТарыхчы Мухаммед Хайдардын жазгандарына караганда, моголдордун курамы көчмөн уруулары баарын, барлас, бостон, каңды, кушчу, нойгут, черик, чоро жана башкалардан турган. Эң кызыгы, моголдордун эң ири канаты, болгондо да барандуу бөлүгү «кыргыздар» деп аталган. Мухаммед Хайдардын айтуусунда, моголдор менен кыргыздардын теги да бир, тили да бир (автор аны «могол тили» деп атайт), жашоо образы да бир.
«Кыргыздардын урку моголдордон болгону менен, хандарга каршы тынымсыз козголоң уюштура беришкенден улам, [моголдордон] бөлүнүп кетишти. Бардык моголдор мусулманчылыкты кабыл алышты, бирок кыргыздар алигиче каапыр бойдон калышты, ошол себептен улам алар моголдорду кас санап турушат.»[4]
Тарыхчы Мырза Мухаммед Хайдардын соңку мүнөздөмөлөрү да кыргыздардын Моголстанды абалтадан мекендеген түпкү урууларынан болгондугун ырастайт.
Могол хандарынын Теңир-Тоо менен Жети-Суудагы үстөмдүгү, Амир Темирдин жортуулдарынын кесепетинен жана ич ара согуштардын натыйжасында, 16-кылымдын башында кыйрап, ээлеген аймактары кыргыз менен казактарга өтүп баштайт. Теңир-Тоодо жайгашкан могол уруулары кыргыз уруулары менен биригишет[5][6]. Бул биригишүүнү Көкөтөй-хандын керээзинде көрсөк болот: «Тели куш таптап куш салдым, тентиген жыйып эл кылдым, кулаалы таптап куш салдым, курама жыйып журт кылдым»[7].
16-кылымга таандык Мажму ат-Таварих аттуу кол жазмада Анка-төрөнүн урпактары моңолдордун түпкү аталарынын ысымдары жана уруктарынын аталышы менен дал келишин Саул Абрамзон биринчилерден болуп белгилеп кеткен[6]. Мажму ат-Таварихтин негизиндеги моңолдордун келип чыгышы[8][9]:
Ана-л-Хакктан Лур-хан, андан Гуз-хан, андан Арслан-бий, андан Ахмат-бек, андан Кули-бий, андан Турду-бий, андан Ак-Туг (Оң-хан), андан Мары-бий, андан Доуле-бий, андан Атан-бий, андан Кулжыгач-төрө, андан Анка-төрө.
Анка-төрөнүн Ахмед-бек жана Мухаммед-бек (лакаб аты Көк Бука) деген уулдары болгон. Ахмед-бектен Лаклак-бий. Көк Букадан Мирак. Мирактан Кожомурат-ата, андан Атамтай, андан Кабай, андан Коңкош, андан Накаш, андан Тува-бий, андан Куусөөк, андан Сейитказы. Сейитказынын бир уулу болгон — Кабай Бакы Дават-бий. Атан-бийдин уулунан Чолок Туума, Кыйра, Бай Моңол, Согу тарайт.
Лаклак-бийден Абажат. Бука-бийден Келегей, Сүйрүбаш, Олжо Кабужан.
Зафар-намеде Анка-төрө Амир Темирдин Моголстан элине жасаган жортуулдарына каршы чыккан эмирлердин бири. Анка-төрө, эркенут[10]Ажыбектин бир тууган агасынын уулу катары эскерилет. Ажыбек Моголстан мамлекетин негиздеген Тоглук-Темирдин башкы колбашчысы болгон. Ажыбек менен Анка-төрөнүн ордосу Каратал өрөөнүндө жайгашкан[11][12].
Рашид ад-Диндин Жами ат-Таварихинде кереит элинин ичинде «тумаут», «конкаит», «сакаит», «жиркин» жана «албат» аттуу негизги топтор эскерилет[13]. Моңгол тилинде көптүк маанини «-ат», «-ит», «-ут» мүчөлөрү жасайт. Моңолдордун ичинде «туума», «коңкош» жана «согу» аттуу тукумдар бар экендиги анык. Чыңгыз-хандын доорунда Кереит хандыгын Оң-хан (Тоорул) бийлеген. Мажму ат-Таварихте Оң-хан Анка-төрөнүн түпкү аталарынын бири катары көргөзүлөт.
Өмүркул Караев Мухаммед-кыргызды Көк Бука менен салыштырып, бир адам болушу мүмкүн деген божомолду сунуштаган[14].
Белек Солтоноев Көкөнү жоон баатыр болгону үчүн «Көк Бука» деген атка ээ болгонун айтып кеткен[15].
Саул Абрамзон Дайырды Мухаммед-кыргыздан кийин Теңир-Тоолук кыргызды башкарган казактын Тахир-ханы менен байланыштырган[16].
Тарих-и Рашидиде Мухаммед-кыргыз жана Тахир-хан, Кашкар тарапты бийлеген Султан Сейит-ханга (1487–1533) жана Абд ар-Рашид-ханга (1509–1559) каршы күрөшкөн[4].
Мажму ат-Таварих боюнча Анка-төрө Көк Буканы кошууну менен Манаска жардамга жибергени маалым[17].
Осмонаалы Сыдык уулу моңолдордун түпкү аталарынын бири Самансур бүт кыргызга хан болгондугун айтып кеткен[18].
Санжырада «Алач-хан» атагы менен калган, XV кылымдын экинчи жарымында калаа турмушун караманча жерип, көчмөн турмушту, көчмөндүктүн дөөлөттөрүн гана «адаштырбас ата жолу» деп туу туткан, аны жүрүм-турумдун, жашоонун эрежеси санаган өңчөй кыргыз менен моголдун башын бириктирип, өзүнчө хандык түптөгөн Султан Ахмад-хандын тун уулу Мансур-хан (Самансур-хан) эле.
Мансур-хан (1484—1544) Турпан тарапты бийлеген Моголстандын акыркы жогорку ханы болгон. 1524-жылы Мансур-хан 20 миң кошуун курап Кытайга жортуул жасайт. Хами шаарын каратып алганы менен, кытайлардан жеңилүүгө учурайт[19]. Мансур-хандын ойротторго каршы бир нече жолу жортуулдары ийгиликтүү аяктаган.
Санжырада Самансур-хандын кыргызга биринчи нарк-мыйзамды келтиргени жөнүндө айтылган[20]. Кийин бул мыйзамдарды Ормон-хан бир аз гана өзгөртүп кайтадан киргизет.
Кыргыздар менен моголдордун жакындыгы ушунчалык болгон экен, Мухаммед Хайдар ири тарыхый окуяларда моголдордун бир бөлүгү кыргыздар менен такай чогуу болгондугун айтат. «Баланча хан кыргыздар менен моголдорго каршы жортуул уюштурду», «түкүнчө төбөл кыргыздар менен моголдорго бүлүк салды», деген маалыматтарды арбын жолуктурабыз. Ушундан улам белгилүү тарыхчы Анварбек Мокеевдин орто кылымдык булактарда «кыргыздар бирде өз аталышы, бирде моголдор деп аталган»[21] деп ырастайт.
«Сиюй чжи» аттуу 1763-1770 жылдарга таандык кытай тарыхий даректеринде моңолдор кыргыздын батыш ордосуна караштуу негизги уруулардын бири катары эскерилет[22].
Генетика
түзөтүүГенетика изилдөөлөр боюнча моңолдордо С2 аттуу Ү-хромосомалуу гаплогруппа көбүрөөк кездешет[23]. Бул гаплогруппа эң акыркы изилдөөлөр боюнча кыргыздын 30%-ына таандык[24].
География
түзөтүүМоңолдор Кыргызстандын бардык аймактарында кездешет. Азыркы учурда Моңолдор негизинен Нарын (Ат-Башы, Ак-Талаа, Кочкор ж. б.), Ысык-Көл (Түп, Жети-Өгүз ж. б.), Чүй (Кемин, Сокулук, Панфилов ж. б.), Талас (Кара-Буура ж. б.), Ош (Кара-Кулжа ж. б.), Жалал-Абад (Тогуз-Торо, Токтогул, Чаткал, Ала-Бука, Айры-Там ж. б.) аймактарында турушат.
Алтайлыктардын курамына кирген «моодор» аттуу сөөгү (уруусу) моңолдор уруусу менен байланышы бар экендиги толук ыктымал.
Түзүлүшү
түзөтүү- Бөгөнөк
- Алагар (Маани, Назар, Чагыр, Чолок Туума, Эштек), Алаш, Арык, Кабай, Кара, Карга, Куу сөөк, Олжобай.
- Бай моңол (Коной, Күнүкө, Эсен).
- Бакы-бий
- Улуу кыйра (Бакы, Жакаш, Итийбас, Сарык, Самтыр, Тогуз уул, Тейит, Үч урук)
- Орто кыйра
- Меңдуулат (Бала кыйра)
Фольклор
түзөтүү1. Макал-лакаптар:
Моңолдор — журттун уюткусу.
2. Өзгөндөгү моңолдор тегерегиндеги урууларга үстөмдүк кылып турганы жөнүндө мындай элдик ыр сакталып калган[3]:
Жаңгакты басыз терчү эле,
Жегенди моңол билчү эле.
Ээрди басыз кылчу эле,
Миңгенди моңол билчү эле.
Жакшы чыгып Жаныбек,
Басыздар элге теңелди.
3. Самансур-хан жөнүндө[15]:
Көкүрөгүн аска бөлөдү
Көчүгүн кишке жөлөдү
Моңолдордун Самансур
Кунун аргамжы менен төлөдү.
Адабият
түзөтүү- ↑ Петров К. И. К истории движения киргизов на Тянь-Шань и их взаимоотношений с ойратами в XIII—XV вв. — Фрунзе: ИАН Кирг. ССР. Т. III, вып.2., 1961. — С. 175.
- ↑ Бартольд В. Двенадцать лекций по истории турецких народов Средней Азии.
- ↑ 3.0 3.1 Сапарбек Закиров. Кыргыз санжырасы — Бишкек, 2013. — С. 190. — 411 с.
- ↑ 4.0 4.1 Мирза Мухаммад Хайдар. Тарих-и Рашиди.
- ↑ Юдин В. П. О родоплеменном составе могулов Могулистана и Могулии и их этнических связях с казахами и другими соседними народами // Известия АН Каз. ССР. — 1965. — № 3. — С. 52—65.
- ↑ 6.0 6.1 Абрамзон С. М. Кыргызы и их этногенетические и историко-культурные связи. — Кыргызстан. — Фрунзе, 1990. — С. 480.
- ↑ Валиханов Ч. Избранные произведения // «Смерть Кукотай-хана и его поминки» (Отрывок из эпоса «Манас») — Алматы: 1958, с. 346-360.
- ↑ 16 кылымга таандык кол жазма фарс тилинде араб жазуусу менен жазылган. Бир нече жолу көчүрүлүп, анан орусчага которулуп, ысымдардын көбү бурмаланып кеткен. Бул жерде азыркы санжырадагы маалымат менен такталып оңдолгон.
- ↑ Сайф ад-Дин Аксыкендинин Мажму ат-Таварихтен үзүндүлөр // (ред.) Ромодин В.А., Мокеев А., (котор.) Кожобеков М., Абдиев Т. — Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхий булактары — Бишкек: 2002 — с. 370
- ↑ Эрхэнууд — теңдештердин биринчиси деген наам болушу мүмкүн. Моңголчо эрхэ «баш бармак» жана «укукка ээ» деген маанилерди билдирет.
- ↑ Шараф ад-Дин Али Йездинин Зафар-намесинен үзүндүлөр // Ромодин В.А., Мокеев А., котор. Кожобеков М., Абдиев Т. — Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхий булактары — Бишкек: 2002 — с. 370
- ↑ Караев О. К. Чагатайский улус. Государство Хайду. Могулистан. Образование кыргызского народа.. — Бишкек: Кыргызстан, 1995. — С. 123. — 160 с.
- ↑ Рашид ад-Дин. Сборник летописей (Джами ат-Таварих). Том 1. Книга 1. М.-Л. АН СССР. 1952.
- ↑ Караев О. К. Исследования о взаимоотношениях енисейских и тяньшаньских киргизов // Вопросы этнической истории кыргызского народа. — Фрунзе, 1989. — С. 8-28.
- ↑ 15.0 15.1 Белек Солтоноев. Кыргыз тарыхы: Тарыхый очерктер — Б:1993 — 208 бет
- ↑ Абрамзон С. М. Кыргызы и их этногенетические и историко-культурные связи. — Кыргызстан. — Фрунзе, 1990. — С. 480.
- ↑ Сайф ад-Дин Аксикенди. Мажму ат-Таварих / котор. А.Т. Тагирджанов. — Л.: Издательство Ленинградского университета, 1960. — 188 с.
- ↑ Кадыров Ысмайыл. Кыргыздын Гиннесс китеби – Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2008 – 216 б.
- ↑ Jonathan D. Spence; John E. Wills, Jr.; Jerry B. Dennerline (1979). From Ming to Ch'ing: Conquest, Region, and Continuity in Seventeenth-Century China. Yale University Press. p. 177. ISBN 0-300-02672-2.
- ↑ Аттокуров С. Кыргыз санжырасы. – Бишкек: Кыргызстан, 1995
- ↑ Анварбек Мокеев, Кыргызы на Алтае и на Тянь-Шане, 2010
- ↑ Сиюй чжи (Описание западных земель). Материалы по истории кыргызов и Кыргызстана (Извлечения из китайских источников II в. до н. э. - XVIII в.) — Б: КТУ Манас, 2003. — Т. 2. — С. 202-210.
- ↑ Ж. Сабитов, Б. Даулет. Потомки Адигине и Тагая среди кыргызов (рус.) // The Russian Journal of Genetic Genealogy. — 2013. — Т. 5, № 1. — С. 48-51.
- ↑ Балаганская О.А. Полиморфизм Y-хромосомы у тюркоязычного населения Алтая, Саян, Тянь-Шаня и Памира в контексте взаимодействия генофондов Западной и Восточной Евразии. // Учреждение Российской академии медицинских наук "Медико-генетический научный центр РАМН".. — 2011.