Нефритбөйрөктүн сезгениши.

Нефрит

Себептери түзөтүү

Бөйрөк түймөкчөлөрү менен кошо чел ткандарынын кобулдары (бош жери), майда кан тамырлары сезгенет. Мында бир учурда эки бөйрөктүн тең түймөкчөлөрү, майда кан тамырлары аллергия түрүндө сезгениши мүмкүн. Көпчүлүк учурда өпкөнүн сезгенишинен, тамак, кулактын ириңдүү ооруларынан, дем алуу органдарынын сезгенишинен кийин кабылдоо катары микроб, вирустар кан аркылуу бөйрөккө келип аны сезгендирет. Ошондой эле суукка урунуу да нефритке түрткү берет. Нефрит кызыл жүгүрүк, түрдүү жүрөк ооруларынан (сепсистик эндокардитте канда ириңдин болушу менен жүрөктүн ички бетинин сезгениши) кийин, ошондой эле тукум куума болушу да мүмкүн.

Оорунун жүрүшү түзөтүү

Нефрит кээде бөйрөктү толугу менен сезгендирсе, кээде айрым гана бөлүктөрүн дартка чалдыктырат. Нефрит катуу кармаган жана өнөкөт өтүшү мүмкүн. Катуу кармаган Нефриттин негизги белгилери: дене шишип, кан басымы жогорулайт (бөйрөк гипертониясы), бел-бөйрөк тушу ооруп, зааранын составы өзгөрөт (белок, эритроцит, цилиндр элементтери көбөйөт), акырындык менен бөйрөк иши бузулат. Көпчүлүк учурда билинбей жүрө берип, текшерүүдө гана билинет. Катуу кармаган нефритти ооруканада дарылайт.

Дарылоо түзөтүү

Өзүн-өзү дарылоо туура эмес. Оорулуу врач көрсөткөн диета жана режимди бузбоо керек. Бул катуу кармаган нефритти туура дарылоого мүмкүндүк берип, оорунун өнөкөт түрүнө өтүшүн алдын алат. Катуу кармаган нефриттен кийин өтө чарчап, суукка урунуудан сак болуу зарыл. Нефрит менен жаш балдардан тартып (айрыкча 7—10 жаш) 20—40 жашка чейинкилер ооругандыктан (75—85%ке чейин) мүмкүн болушунча алдын алуу зарыл. Жаш балдарда көп кезигүүчү сасык тумоо, грипп, бронхит, кептөөр, суу чечектен кийин зааранын анализин текшерип, врачтын кароосунда болуу, врачтан уруксатсыз аспирин, аналгин, антибиотиктер жана башка дарыларды узакка ичүүгө болбойт. Балдардын тиш, тамак ооруларын убагында дарылоо, бут кийимин кургак кармоо, спорт көнүгүүлөрүнө катыштырып, денесин чыңдоо зарыл. Организмдеги ириңдүү ооруларды өз убагында дарылоо, түрдүү уу заттардан этият болуу, васкулит, коллагеноз, кызыл жүгүрүк (эндокардит) дарттарын дарылоодо зааранын анализин текшерип туруу, боюнда бар учурда жана төрөттөн кийин суукка урунбоого, түрдүү кабылдоодон сактанууга аракеттенүү керек.

Өнөкөт нефрит түзөтүү

Өнөкөт нефрит кайра-кайра кармап турат. Оору кармаганда катуу кармаган нефриттин белгилери байкалат. Өнөкөт нефрит менен ооругандар диспансердик каттоодо болуп (Диспансерлөө), врач көзөмөлдөйт. Тонзиллит, фарингит ооруларын күчөтпөй өз убагында дарылоо маанилүү. Өнөкөт нефрит менен ооруган киши врач сунуш кылган режимди туура сактап, жугуштуу оорулууларга жолукпай, суукка урунбай, өтө оор кара жумуш иштөөгө болбойт. Өнөкөт нефрит менен ооругандарга кургак жана жылуу климатта болуу сунуш кылынат. Оорулуунун абалы жакшырганда Орто Азия жана Түштүк Крымдагы курортторго жиберсе болот. Эгерде оорулуу убагында врачка кайрылбай, дарылоо кеч башталса, ал врач сунуш кылган дарылоо, диета жана режимди туура сактабаса бөйрөк иши начарлап, организмде белок алмашуунун уу заттары чогулат (Уремия). Мурда нефрит менен ооругандар уремиядан өлүмгө учураган. Медицинанын жетишкендиктеринин бири — “жасалма бөйрөк” аппаратын жасоо. Ал аппарат менен организмден уу заттарды чыгарат, ошондой эле суу-электролит балансын жана кислота-жегич тең салмактуулугун сактайт. «Жасалма бөйрөк» аппараты бөйрөктүн функциясын убактылуу аткарып, гомеостазды жана негизги физиологиялык функциялардын туруктуулугун сактап турат.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8