Осмон империясы

Осмон Империясы‎»‎ барагынан багытталды)

Осмон империясы (же Осмондуу мамлекети) (осм.: دَوْلَتِ عَلِيّهٔ عُثمَانِیّه - Девлет-и ʿАлиййе-и ʿОсманиййе[1][2]) — 1299-1923-жылдар арасы жашап, Чыгыш Европа, Түштүкбатыш Азия жана Түндүк Африкага чейинки жерлерди ээлигине алган, XVI. кылымга келгенде дүйнөнүн эң күчтүү империясы боло алган түрк-ислам мамлекети.

Улуу Осмон мамлекети
دوله عثمانیه عالیه


Devlet-i Âliyye-i Osmâniyye

Империя


 

 

1299 — 1922


Герб
Ураан
Калып:Lang-ota3
орус. Түбөлүк мамлекет
Гимн
Калып:Нп5

Осмон империясы 1683-жылда
Борбор калаа Сөгүт (12991329)
Бурса (13291365)
Эдирне (13651453)
Константинополь (Ыстамбул) (14531922)
Тил осмон тили жана башкалар
Дин Ислам (сунний)
Акча бирдиги акче, куруш, лира
Аянт 7 607 380 км²
Калк 35 350 000 чел.
(жер калкынын) 2,6 %ы
Башкаруу формасы Абсолюттук монархия:
  • чейин 1908 (расм. жана факт.)
  • кийин 1913 (факт.)

Конституциялык монархия:

  • 1908 баштап (расм.)
  • 19081913 (расм. жана факт.)
Сулале (династия) Осмондор
султан
Өтүүчүлүк
Кония султандыгы
Түркия
Түзүүчү мамлекеттер:
Жоюлгандан кийинки мамлекеттер:
Кония султандыгы
Византия империясы
Серб деспотиясы
Түркия
Египет султандыгы
Хижаз хандыгы
Асир (эмирлик)
Йемен Мутаваккилит хандыгы
Сирия Араб хандыгы
Месопотамия (мандаттык аймак) Файл:Flag of Iraq (1924—1959).svg
Батыш Армениянын администрациясы
Понт (республика)
Палестинадагы Британ мандаты

Мамлекеттин негиздөөчүсү жана осмон сулалесинин атасы - огуздардын бозок бутагынын кайы уругунан чыккан Осмон Гази болгон.[3] 1299-жылы Билежик провинциясынын Сөгүт аймагында (айрым пикирлер боюнча, 1302-жылы Йаловада[4][5].) мамлекет болуп жарыяланган. Ыстамбулга чектеш болгон Чыгыш Рим империясын жыккан мезгилин айрымдары Жаңы Чактын башталышы катары карашат. Осмон империясы XVI-XVII к. кызуу күчөгөн убагында үч континентке (кытаага) жайылып, Түштүкчыгыш Европа, Орто Чыгыш жана Түндүк Африканын көпчүлүк бөлүгүн өз ээлигине алган. Өлкөнүн чектери батыштан Гибралтар кысыгы (1553-ж. Марокко жээктерине), чыгыштан Каспий деңизи жана Басра булуңуна, түндүгүнөн Австрия, Венгрия жана Украинанын бир бөлүгү жана түштүгүнөн Судан, Эритрея, Сомали жана Йеменге чейин жеткен.[6] Осмон империясы 29 өлкөдөн жана автоном болгон Богдан, Эрдел жана Эфлак бектиктеринен түзүлгөн, ошондой эле бара-бара деңизден аркы жерлерде да сөз ээси болгон. Буга мисал катары Атлантика океанындагы кыска убак багынтуулар болгон Ланзароте[7] (1585), Мадейра (1617), Вестманнейжар[8] (1627) жана Ланди[9](1655) көргөзүлөт.

Мамлекет алты кылым бою Чыгыш жана Батыш дүйнөсүнүн ортосунда көпүрө сымал болгон. Мезгил-мезгил менен бир канча көтөрүлүштөр болуп турса да, жалпысынан дин, тил жана раса айырмаларына кийлигишпегендиги үчүн кылымдар бою бир топ мамлекеттерди жана улуттарды өз бийлиги астында кармай алган.[10]Осмон империясы эски түрк салттары жана адаттары менен ислам маданиятынын милдеттенмелерине ылайык келген башкаруу формасын жүргүзүшкөн.[11]

Тарых түзөтүү

Осмон империясынын тарыхы бул мамлекеттин тарыхтагы башкаруу структурасына жана дүйнө саясатындагы ордуна жараша конкреттүү бир нече тарыхый мезгилдерге бөлүнүп каралат.

Бейлик (1299-ж. чейин) түзөтүү

Бийлик мезгилинин башталышы кайсы убакта болгондугу белгисиз. Осмон Газинин кошууну 1298-жылы Инегөл жана анын тегерегин каратуусунан кийин өзүнүн көзкарандысыздыгын жарыялайт[12]. Ушул мезгил бийлик мезгилинин аякташын түшүндүрөт.

1227-жылы Моңгол империясынын тушунда Анатолияга Сулейман шах баштаган кайылар качып келишкен[13]. Анадолу Селжук мамлекетинин ошол кездеги башкаруучусу Алаеддин Кейкубад 50.000 адамдан турган бул кайыларды Каражадаг аймагына жайгаштырат.[12]. Сулейман шахтын Фырат дарыясындагы чөгүп өлүүсүнөн кийин кайы уруусунун айрым бир бөлүгү Эрзурум жана Эрзинжан айланаларына[13], айрымдары болсо Сирияга жана кайрадан атажурттарына көчүшкөн.

Эртугрул Гази болсо Сөгүткө жана анын айланасына багыт алып, бул жактарды өзүнө караткан. Ал болжолу 1000 км2 чамалуу жерди каратып, [14] болжол менен 90 же 83 жашында дүйнөдөн кайтат[15][16]. Анын ордуна, кийин мамлекетке атын берген Осман Бей шайланган.

Түптөлүш (1299 - 1453) түзөтүү

Калып:Түрк тарыхы

Осмон Гази заманы түзөтүү

 
Осмон Гази

1299-жылдары Анадолу Селжук мамлекети кыйроо алдында турган кезде, Осмон Гази өзүнүн жакын адамдары менен Билежик, Йархисар жана Инегөлдү каратуу менен алектенген.[14] 1301-жылы болсо, ал Йенишехирди айланасы менен каратып, Йенишехирди борбор калаа кылган. Ушундан улам, күнүбүздө мамлекеттин негизделишин айрымдары 1299-жыл десе, айрымдары 1301-жылды кабыл алышат. 1302-жылы 27-июлда Осмонду токтотууга аттанган Чыгыш Рим империясынын 5000 аскери менен Осмон Бейдин 2000 аскеринин ортосунда болгон согушта Осмон Бей жеңишке ээ болуп, анын артынан Муданя жана анын айланасын караткан. [14]

Чегаранын кеңейиши түзөтүү

Османогуллары бейлигинин кеңейүүсү Мармара аймагындагы ири Чыгыш Рим калаарынан болгон Бурсанын 1326-дагы алынышы менен ишке ашты. Бурсанын алынышын көрбөстөн бул дүйнөдөн өтүп кеткен Осмон Бейдин ордуна келген уулу Орхон Бейдин убагында дагы Османогуллары бейлигинин өсүшү тездеген. Анын мезгилинде 6 жылдык курчоо менен алынган Бурса борбор калаа кылынып, алгачкы флот дагы анын тушунда курулган. Ал осмон акчасын чыгаруу менен Османогуллары бейлигин Осмон мамлекетине айлантып, тарыхтагы алгачкы падыша болду. Бурсанын артынан Мармара аймагынын башка чоң калаалары болгон Изник менен Изнит дагы осмондордун колуна өтөт. Ал эми, 1329-жылы Чыгыш Рим императору III. Андроникос баштаган кошууну Малтепе (Палеканон) согушунда жеңилүүгө учуратылды.

Осмон Бей мезгилинде Османогуллары бейлигинин чеги Чыгыш Рим жерлерин гана камтыса, Орхон Бейдин заманында коңшу түрк бейликтеринин жерлерин да өз ээлигине ала баштаган. Осмондор Кареси бейлигинин аскерий-деңиз флотуна, Румелияга өтүүгө мүмкүнчүлүк берген бир нече пункттарга, ошондой эле румели жерлерин жакшы билген Кареси аскербашыларына ээ болушат. 1354-дө Чыгыш Рим империясындагы палаиологостор менен кантакузеностордун такты талашууларынан пайдаланып, осмондор Румелияга кол салат. Балкандардагы алгачкы болуп алынган база Гелиболу жарым аралындагы Чимпе сепили болду. Орхон Бейден кийинки башкаруучу, анын уулу I. Мураттын (1362 - 1389) заманында да Чыгыш Рим ички жаңжалдардын кучагында эле.

 
I. Мурат

Калып:Осмон тарыхынын бөлүнүш мезгилдери

Фетрет мезгили жана кайра биригүү түзөтүү

 
I. Мехмет

Гүлдөгөн мезгил (1453 - 1579) түзөтүү

 
Осмон империясынын жогорулашы
 
Осмон империясынын кеңейиши (1481 - 1683)
 
Фатих Султан Мехметтин Беллини (1429-1507) тарабынан тартылган сүрөтү
 
I. Селим
 
I. Сулейман

II. Мехмет, 1453-жылдын 29-майында өзү баштап курчап турган Ыстамбул шаарын акыры каратып, борбор калаа кылыган.

Негизги макала: Ыстамбулдун алынышы


Токтолгон мезгил (1579 - 1699) түзөтүү

 
Осмон империясынын 1600-жылдагы чегарасы

Алсыраш мезгили (1699- 1792) түзөтүү

 
Гази халифа, III. Селим султан,Selīm-i sālis Han, سليم ثالث

Таркалыш мезгили (1792 - 1922) түзөтүү

 
Sykes-Picot
 
II. Абдулхамит

Башкарма формасы түзөтүү

Негизги макала: Осмон падышалары

Кошумча караңыз: Осмон уругунун санжырасы

Диван-и Хумаюн түзөтүү

Осмон мамлекети негизделген кездеги дивандын (жогорку кеңештин) негизги башкы мүчөлөрү төмөнкүлөр болгон; Падыша,Садразам,Улуу-вазир (Везир-и Азам), Румелия жана Анатолия Казаскерлери, Дефтердар, Шейхулислам,Адмирал, Нышанчы

Фатих Султан Мехметтен кийин Улуу-вазирлер өз пикирлерин айтууда өздөрүн ыңгайлуу сезиши үчүн чогулуш убагында падышалар ары жактан, атайын бөлмөдөн тыңшамай болушуп, кеңешти Улуу-вазирлер жетектешкен. Мындай ыкма падышанын башкаруу ишине жардам катары колдонулган.

Диван-и Хумаюн мүчөлөрү түзөтүү

Улуу-вазир (Везир-и Азам) (Садразам): Булар падышадан кийинки орунда турган эң укуктуу адамдар жана булар падышанын мөөрүн алып жүрүшкөн.
Вазир: Садразамдан кийинки орунда болуп, садразамдын тапшырган милдеттерин кылуучу.
Казаскер: Анатолия менен Румелияда эки бөлөк казаскер болуп, булар адилет иштерин тейлешкен. Өзгөчө казы жана мударистерди дайындоо же кызматтан алуу иштерин аткарышкан. Бүгүнкү сот кызматы сыяктуу.
Дефтердар: Финансы иштерин тейлөөчү. Булар дагы Анатолия менен Румелияда эки бөлөк болуп, Румелиядагысы башкы дефтердар болгон.
Нишанчы: Жердик тизме, жердик кадастр жана каратылган жерлерди кирешесине жараша дептерге түшүрүү ишин аткаруучу.
Шейхулислам: Мамлекет чечим кабыл алган убакта, анын исламга ыайык болгонун же болбогону тууралуу чечим, б.а. фатва чыгарат.
Каптан-и Дерйа (Адмирал)

Административдик башкаруусу түзөтүү

Башкаруу органдары

Башчылары

Дин түзөтүү

Халифат түзөтүү

Негизги макала: Халифат

Осмон империясындагы иудаизм жана христианчылык түзөтүү

Экономикалык түзүлүшү түзөтүү

Армия түзөтүү

Негизги макала: Осмониянын армиясы
 
Topcu arması

Kaра күчтөр түзөтүү

Негизги макала: Османлы аскери

Флот түзөтүү

Негизги макала: Османлы флоту
 
Bir minyatürde Osmanlı kadırgası.

Аба күчтөрү түзөтүү

Булактар түзөтүү

Калып:Булакча

Кошумча караңыз түзөтүү

Калып:Жакын долбоорлор

Тышкы шилтемелер түзөтүү

Калып:Dolaşım Калып:I. Дүйнөлүк Согуш

  1. Калып:Kitap kaynağı
  2. Осмон гази
  3. Осмон гази
  4. Prof. İnalcık: Osmanlı 1302'de kuruldu. Текшерилген күнү 1 -январь (үчтүн айы) 2010. Түп булактан архивделген күнү 27 -ноябрь (жетинин айы) 2014.
  5. Bilim.org - ""Osmanlı İmparatorluğu Söğüt'te değil Yalova'da kurulmuştur". 23 Mayıs 2009 tarihinde erişilmiştir.
  6. Osmanlı İmparatorluğu'nun En Geniş Sınırlarını Gösteren Harita
  7. Directholidays - Lanzarote. Текшерилген күнү 1 -январь (үчтүн айы) 2010. Түп булактан архивделген күнү 20 -январь (үчтүн айы) 2009.
  8. Осмон гази
  9. Осмон гази
  10. Осмон гази
  11. Осмон гази
  12. 12.0 12.1 Калып:Kitap kaynağı
  13. 13.0 13.1 Калып:Kitap kaynağı
  14. 14.0 14.1 14.2 Осмон гази Цитатанын катасы: Invalid <ref> tag; name "enfal.de" defined multiple times with different content
  15. Калып:Kitap kaynağı
  16. Осмон гази