Питкэрн аралдары
Питкэрн аралы – Улуу Британиянын Тынч океандагы жалгыз «деңиздеги алыскы аймагы» (1838-жылдан). Тынч океандын түштүк-чыгышында жайгашып, батышынан Француз Полинезиясы менен чектешет. Арал жанар тоонун (өчкөн, бийиктиги 335 м) аракетинен пайда болгон ээн аралдардан [Хендерсон (аянты боюнча эң чон, 37,3 км2), Дюси (Дьюси) жана Оэно] жана шуру рифтеринен турат. Жалпы аянты 47 км2. Калкы 56 (2013); англис моряктары («Баунти» кемеси 1790-ж. ушул жерде кыйроого учураган) менен полинезиялыктардын аралаш никесинен келип чыккан. Калкынын орточо жыиггыгы 1 км2 жерге 1,4 киши. Расмий тили - англис тили (питкэрн тилинде да сүйлөшөт). Борбору – Адамстаун (аралдагы жалгыз тургун жай). Климаты деңиздик субтропиктик. Орточо айлык температурасы кышында августта 18°С, жайында февралда 24°С. Жээк сызыктары өтө тилмеленген. Жакын жайгашкан аралдары – Пасхи, француздук Полинезияга караштуу Туамоту жана Гамбье (бул аралдар ичүүчү суунун жоктугунан ээн; булардын узундугу 3 км, туурасы 1,5 км).
| |||||
Урааны: «God Save the Queen» | |||||
Гимн: «Come ye Blessed» | |||||
Расмий тили | англис тили, питкэрн тили | ||||
Борбор шаары | Адамстаун | ||||
Ири шаарлар | Адамстаун | ||||
Башкаруу формасы | Конституциялык монархия Улуу Британиянын деңиздеги алыскы аймагы | ||||
Король Губернатор Мэр Башкы сот |
Чарльз III Лаура Кларк Янг Саймон Чарльз Блэки | ||||
Мам. дини | Динден тышкары мамлекет | ||||
Аянты • Жалпы • Суу бетинин %. |
248-орун - дүйнөдө 48 км² 12 | ||||
Калкы • Бааланган (2023) • Жыштыгы |
54 адам (245-орун) 1,04 ад./км² | ||||
Акча бирдиги | Жаңы Зеландия доллары (NZD) | ||||
Домени | .pn | ||||
ISO коду | PN | ||||
Телефон коду | +64 | ||||
Убакыт аралыгы | UTC -08:00 | ||||
Арал европалыктар тарабынан 1767-ж. ачылган. 1790-жылдан эл келе баштаган. Улуу Британиянын Жаңы Зеландиядагы жогорку комиссары (эки кызматты тең аткарат) Аралда жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органы – бир палаталуу аралдар кеңеши бар. Аралдын топурагы күрдүү. Жашылча-жемиш, цитрус жана бакча өсүмдүктөрү, бал камыш, банан, ямс жана буурчак өстүрүлөт. Кол өнөрчүлүк өнүккөн. Газ жана дизель менен иштеген электр станцияларынан электр энергиясы өндүрүлөт. 1988-жылдан монета (негизинен жүгүртүлбөйт) чегилет. Почта маркаларын чыгарат. Билим берүүсү 5 жаштан 16 жашка чейин милдеттүү түрдө окушат. Туризм өнүккөн. Акча бирдиги – жаңы зеландия доллары.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117-9