Постмодерндик фемини́зм (англ. postmodern feminism)  – постструктурализм, постмодернизм жана француз феминизмине негизделген феминизмдин бир түрү[1]. Постмодерндик феминизмдин максаты – коомдо тамыры бекемделип, кеңири кулачын жайган жана гендердик теңсиздикке алып келген патриархалдык нормаларды жоюу[2].

Негизги түшүнүктөр

түзөтүү

Бул феминизмдин өкүлдөрү бардык аялдар бирдей эмес экенин жана алар бири-биринен айырмаланып турарын көрсөтүүнү көздөшөт. Алар бул максаттарын ишке ашыруу үчүн   эссенциализмди жана универсалдуу чындыктарды четке кагып келишет.  Бул феминисттердин  аталган идеологияларды кабыл  алышпагандыгынын себеби,  универсалдуу чындык бардык аялдарга колдонулса, анда аялдын жеке өздүгү жокко чыгарылат  деп эсептешет. Ошондуктан, коомдо “кадыресе”  катары сунушталган идеялар эркектердин аялдар жөнүндөгү пикирлеринен келип чыгышы мүмкүндүгүн жана бул  тууралуу аялдарга маалымат берүү чоң мааниге ээ экендигин эскертишет.[3]

Постмодерндик социалдык теориянын жалпы шарты - бул  коомду өнүктүрүү жана бир багытка буруу куралы катары колдонулуп келген батыштын “улуу ойлорунан” баш тартуу болуп саналат.

Постмодерндик теория жана практика көз караштар менен ой-пикирлердин ортосундагы айырмачылыктарды кабыл алат, ошону менен бирге бардык топтордун өкүлдөрү үчүн коомдун өнүгүүсүнө салымдарын кошууга мүмкүндүк берет. Ошентип, бул тенденциянын өкүлдөрү бир эле көз карашты жападан-жалгыз  “чындык” катары таңуулаган иш-тажрыйбалар менен күрөшүп келет деп айтсак жарашат[4] .

«Постмодерндик теория» жана «феминизм»  айкалышы феминизмге болгон эссенциалдык көз караштарды (бул - адам, иш-аракет же өзгөчөлүк табиятынан эркек же аялдыкка тиешелүү деген ишеним) жокко чыгарууга жана феминизм философиясын кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.

Постмодернизм жана идеализм

түзөтүү
 
Феминисттик философиянын белгиси

Постмодерндик феминизм өкүлдөрү  учурдагы калыптанган бардык баалуулуктар жана көрүнүштөр (акыл, чындык, сулуулук, искусство, илим) боюнча түшүнүктөрдү чындык катары кабыл алышпайт, анткени заманбап коом Батыштын идеалисттик философиясына гана негизделип курулган деп эсептешет. Постмодернисттик теория кыйла татаал шарттарда пайда болгон: «Постмодерн – “модернден кийинки” деген позицияны гана чагылдырган жөн гана хронологиялык түшүнүк эмес; бул теория модерн тутумунда орун алган  жана субъекттин аң-сезимин «ойготуу» үчүн иштелип чыккан, анын өкүлдөрү мындан ары ак терилүү батыш эркеги таңуулаган аң-сезимдин үлгүсүнөн баш тартууга чакырык жасашат.

Ошондой эле, постмодернизм көрүнүштөрдүн жаралуусу, маңызы, табияты деген түшүнүктөргө анча ынана беришпейт. Киберфеминизмдин өкүлдөрүнүн бири Энн Балсамо мындай дейт: «Табигый» дене жок болуп кетти, анын ордун технологиялык симулятор ээледи”. Демек, постмодерндик феминизм дене, гендер, раса, сексуалдык, аялдык түшүнүктөрдүн жасалмалуулугун баса белгилөө менен эссенциалдык мамилеге  каршы чакырык ташташат. Постмодернисттер гендерге өзгөлөрдү тууроо жолу менен коомду башкаруунун куралы жана технологиясы катары аныктама беришет.

Постмодерндик феминизмдин негизги тезиси боюнча,  эркектер менен аялдардын ортосундагы айырмачылыктар коом тарабынан таңууланган, ал эми «табигый жаратылыш» болгону идеологиялык жактан бекемделген стереотиптер.

Постмодерндик идеологиянын жаралышы негизги феминисттик багытка  олуттуу таасирин тийгизди. Анткени бул феминисттик дискурс “табигый аялдын” үлгүсү катары  ак терилүү, орто класста, гетеросексуал жана эмгекке жарамдуу батышта туулган аялдын образын түзгөндүгү үчүн  постмодернисттер тарабынан сынга алынып турган. Постмодернизм жаңы реалдуулуктарды түшүнүү үчүн мүмкүнчүлүк түзүп, жогоруда сөз кылган феминисттик теориянын маанилүүлүгүн кемитүүгө чакырат.

Постмодерндик феминисттер коомдогу гендердик теңсиздикке алып келген ар кандай түшүнүктөрдү талдап чыгууга аракет кылып, логцентризмди сындоо, көп көз караштан ой жүгүртүүнү колдоо, тексттерди деконструкциялоо жана субъективдүүлүктү жайылтуу аркылуу гендердик теңчиликке көмөктөшөт. Постмодерндик феминисттер коомдогу дихотомияга коомчулуктун көңүлүн бурууга жана тилдин ар кандай жыныстагы өкүлдөрүнө кайрылуудагы айырмачылыктарга кандай таасир тийгизерин көрсөтүүгө умтулушат.

Постмодерндик феминисттер коомдогу гендердик теңсиздикке алып келген ар кандай концепцияларды анализдөөгө умтулушат, логоцентризмди[en] сындоо аркылуу гендердик теңчиликти жакшыртуу, бир нече көз карашты камтыган ой жүгүртүүнү колдоо, тексттерди деконструкциялоо жана субъективдүүлүктү жайылтуу иштерин колго алышат. Постмодерндик феминисттер коомдогу дихотомияга коомчулуктун көңүлүн бурууга жана  ар башка жыныстын өкүлдөрүнө кайрылууда тилдин жыныстык айырмачылыктарга тийгизген таасирин көрсөтүүгө умтулушат[5][6].

Постмодернизмдин феминисттик теорияга кошулушун феминисттик кыймылдын бардык өкүлдөрү колдоого алышкан жок. Кээ бирөөлөр феминизмдин негизги идеясы аялдарды бириктирүү экенин эске алып, постмодерндик пикирлер тенденция ичинде карама-каршылыктарды жана айырмачылыктарды жаратат деп эсептешет.

Жаралуу тарыхы

түзөтүү

Постмодерндик феминизм XX кылымдын акыркы чейрегинде пайда болгон. Бул багыт 1990-жылдары башталган феминизмдин үчүнчү толкунуна удаа түзүлгөн.

Хелен Сиксус[en][7], Люс Иригарай[en] жана Юлия Кристева[en][8] постмодерндик феминисттик философиянын эң көрүнүктүү теоретиктери болуп эсептелишет. Бул терминди биринчи жолу Жудит Баттлер[en] сунуштап, 1990-жылы "Гендердик козголоң" китебинде колдонгон. Батлер бул китебинде Симон де Бовуар[en], Мишель Фуко жана Жак Лакандын иштерин, ошондой эле Люс Иригарайдын “аялга тийиштүү” делген түшүнүктөр эркектер үчүн жаралган нерселердин гана тескери чагылышы” деген жүйөлөрүн сынга алат. Батлер биологиялык жыныс менен коом кабыл алган жыныстын ортосундагы мурунку феминизм аныктаган айырманы сындайт. Ал  материалдык нерселер (мисалы, дене) коом кийлигишпесе, социалдык процесстерге кабылбай турганын баса белгилейт.

Дж.Батлер “аял” деген аталыш бул түшүнүктүн толук маанисин камтый албастыгын ырастайт, анткени “аял” биологиялык жыныстан башка алда канча көп маанини билдирет.  Мисалы класстык, расалык, сексуалдык жана индивидуализмдин башка аспектилери, алардын ар биринде аялды өз алдынча аныктаган тезис бар. Демек, изилдөөчү белгилегендей, «гендер» термини көп маанини билдирген мүнөзгө ээ. Ошол себептен, аялдарды баш ийдирүүгө бирдей эреже жок сыяктуу эле, аялдар маселесин чечүүдө бир ыкманы колдонуу мүмкүн эмес.

 
Сан-Паулуда Жудит Батлерге каршы жана аны колдогон демонстрациялар өттү.

Гендер коомдук түзүлүш экенин моюнга алуу менен, феминисттер гендер феномени ар дайым бир эле жол менен түзүлөт деген пикирин айтышат. Алар  аялдарга болгон зомбулуктун жалгыз бир себеби жок экенин жана зомбулукка байланышкан көйгөйлөрдү  бир гана чечим менен жоюу мүмкүн эместигин аргумент катары келтиришет. Ушул себептерден улам,  постмодерндик феминизм так иш-аракеттерди  сунуштабаганы үчүн сынга алынып келет. Ал эми Батлер өзү «постмодернизм» термини так эмес, өтө бүдөмүк маани берерин айтат[9].

М. Дж. Фруг

түзөтүү

Мэри Джо Фруг постмодернизмдин принциптеринин бири - адамдагы жашоо тажрыйбасы «сөзсүз түрдө тил аркылуу» калыптанат деп эсептейт. Бийлик түздөн-түз мажбурлоо аркылуу гана ишке ашпайт. Анын ишке ашышы тилибиздин канчалык биздин реалдуулукту түзөрүнө жана чектөөсүнө көз каранды. Ал ошондой эле тил аркылуу аң-сезимди жаңыртып,  турукташкан чектөөлөргө каршы туруу жана саясий күрөштөр үчүн да тилди колдонсо болорун айтат.

Фругдун экинчи постмодерндик принциби боюнча,  жыныс -бул аныкталган, такталган жана табигый нерсе эмес.

Жыныс түшүнүгүнүн маани-маңызы тил аркылуу аныкталат. Фруг ырастагандай, маданият механизмдери аркылуу “аялдын денесине” карата аныктамалар бекитилет. Аялдын денесине тийиштүү делген түшүнүктөр кайра эле маданият механизмдери аркылуу жыныстардын айырмачылыгын жана “табигый” феноменин түзүшөт.

Француз феминизми

түзөтүү

Феминизмде постмодерндик агымдын өнүгүшү Ж.Дерриданын, М.Фуколордун эмгектерин, радикалдуу феминизм жана постструктурализм идеяларын колдонуу менен байланышкан. Француз феминисттери «онто-лого-фоно-фалло-центризм» терминин киргизишкен. Бул термин эркектер тарабынан түзүлгөн жана алардын муктаждыктарын канааттандыруу үчүн иш алып барган коомдук өзгөчөлүктөрдү түшүндүрөт.

Постмодерндик феминизм 1990-жылдары пайда болгон жана салыштырмалуу акыркы кыймыл катары жаңы эле түзүлгөнүнө карабастан,  олуттуу сынга кабылган. Сындардын басымдуу көпчүлүгү модернисттик ойду колдогон модернисттер менен феминисттерден келет. Алар постмодернизм аныктаган релятивизм жана нигилизм темаларына басым жасашат.

Тактап айтканда, алар постмодерндик феминизм "боштондукка чыгуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат" деп ырасташат, анткени бул агым конкреттүү иш-аракеттерди сунуштабайт. Бул идея Меган Морристин эмгектеринде айтылган. Ал постмодерндик феминизм гендердик айырмачылыктарга негизделген феминисттик иш-аракеттерди жүргүзүү саясатына доо кетирет деп ырастайт.

Ал эми Элисон Асситер негизги тезиси агартуу баалуулуктарына жана модернисттик феминизмге кайтуу  идеясын көтөргөн китебин жарыкка чыгарган. Глория Штайнем[en] дагы феминисттик теорияны, өзгөчө постмодерндик теорияны ашыкча академиялык деп сынга алат. Анын айтымында, феминисттик жазуулар жаргонго толгон жана бул темада түшүнүгү аз адамдар үчүн дискурс пайдасыз жана жеткиликсиз. Ал мындай багыттагы агымдар феминизмдин андан ары өнүгүшүнө зыян келтирет деп эсептейт.[10] .

Библиография

түзөтүү
  1. Sands, Roberta; Nuccio, Kathleen (Nov 1992). "Postmodern Feminist Theory and Social Work: A Deconstruction". Social Work. 37: 489. doi:10.1093/sw/40.6.831. ISSN 1545-6846. Текшерилген күн: 27.04.2023.
  2. Ebert, Teresa L. (Dec 1991). "The "Difference" of Postmodern Feminism". College English. 53 (8): 886–904. doi:10.2307/377692. ISSN 0010-0994. JSTOR 377692.
  3. Агафонова Елена, Динамика представлений о женской самоидентификации: от модернизма к постмодернистскому феминизму (орус.) // Вестник РУДН. Серия: Социология. 2009. № 3.
  4. Агафонова Е. Е., Мещерякова Л. Ю. Феминизм и постмодернизм: к вопросу о теоретических основаниях гендерных исследований (орус.) — М., МАКС Пресс, 2007. — С. 23-39
  5. Sands, Roberta; Nuccio, Kathleen (Nov 1992). "Postmodern Feminist Theory and Social Work: A Deconstruction". (англ.) Social Work. 37: 489. doi:10.1093/sw/40.6.831. ISSN 1545-6846.
  6. Tong, Rosemarie (1989). Feminist thought : a comprehensive introduction. (англ.) Boulder, Colorado: Westview Press. бет. 217–224. ISBN 9780429493836. OCLC 1041706991.
  7. Сиксу Э. Хохот Медузы // В кн.: Введение в гендерные исследования // В 3-х частях. — Хрестоматия. — Харьков: ХЦГИ; М.: Алетейя, 2001. Текшерилген күн: 27.04.2023.
  8. Кристева Ю. Силы ужаса: эссе об отвращении. — Харьков: Ф-Пресс, ХЦГИ; СПб.: Алетейя, 2003.
  9. Judith Butler, «Contingent Foundations» in Seyla Benhabib et al., Feminist Contentions: A Philosophical Exchange (англ.) (New York: Routledge, 1995), pp. 35-58
  10. Denes, Melissa. 'Feminism? It's hardly begun' (en), The Guardian (17 January 2005). Архивировано из первоисточника 31 -июль (теке) 2017. Текшерилген күнү 7 -март (жалган куран) 2023.