Рейкьявик (исл. Reykjavík) – Исландия Республикасынын борбору (дүйнөдөгү эң түндүктөгү шаар) жана башкы порту. Исландия аралынын түштүк-батыш жээгинде, Атлантика океанынын Фахсафлоуи булуңунун четинде, деңиз деңгээлинен 150 м бийиктикте жайгашкан. Климаты (аракеттеги жанар тоолордун, ысык булактардын негизинде) жумшак. Январдын орточо температурасы 0–4°С, жайы салкын, июлдуку 12°С. Жылдык жаан-чачыны 800 мм. Калкы 119 миң (2010; Исландиянын калкынын 40%и; шаар айланасы менен 210 миң). Эл аралык аэропорту бар. Өлкөнүн экономикалык жана маданий ири борбору. Рейкьявикте жана анын айланасында өлкөнүн өнөр жайынын 2/3си жайгашкан. Шаардын экономикалык негизин транспортту, байланышты тейлөө жана маалыматтык технология, фармацевтика, микробиология өнөр жай түзөт. Балык кармалып, беленделет. Кеме куруу, тамак-аш, жеңил ж. б. өнөр жай ишканалары иштейт. Геотермикалык суулары турак жайды жылытууда колдонулат. Университет, метеорология, жанар тоо институттары, улуттук музей, мамлекеттик сүрөт галереясы бар. 874-жылы алгачкы норвег келгиндеринин конушу катары негизделген. 1786-жылдан шаар. 1944-жылдан Исландиянын борбору. Собор (18-кылымдын аягы) сакталган.

Рейкьявик
исл. Reykjavík, Reykjavíkurborg
желек
Туусу
герб
герби
Өлкө

Исландия

Дагур Эгертссон

Тарыхы жана Географиясы
Аянты

274,5

Климатынын түрү

субарктикалык кургак

Калкы
Калкынын саны

118 814 (2012)

Жыштыгы

адам/км2

Сандык идентификаторлор
Убакыт аралыгы

0

Телефон коду

+354

http://www.reykjavik.is/
Reykjavík séð úr Hallgrímskirkju

Колдонулган адабияттар түзөтүү