Тайлак баатырдын күмбөзү

Тайлак баатырдын күмбөзү – Тайлак баатырга жана анын бир тууганы Атантайга арналып, 19-кылымдын 1-жарымында тургузулган кош күмбөз. Акталаа районундагы Куртка айылынын жанында. Кыргызстандагы күмбөз архитектурасынын мыкты үлгүлөрүнөн. Күмбөз орто кылымдагы диний архитектуранын салтында бышырылбаган жана чала бышкан кыштан салынган: кумпалуу бөлмөлөр (кумпалары урап калган) бири-бири менен чакан эшик аркылуу байланышкан. Күмбөздүн порталы (маңдай жак бети) абдан кооздолуп, конус сымал (жогор жагын көздөй ичкерген) колонналары бар. Күмбөз мамлекеттик көзөмөлгө алынган. 2002-ж. реставрацияланып, айланасы корулган. Күмбөзгө жакын жерде ушул эле типтеги башка күмбөздөр да бар.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.