Тогуз-Торо ойдуңу

Тогуз-Торо ойдуңу - Ички Теңир тоонун батышында жайгашкан.

Түндүгүнөн Молдотоо, Кабак, Көгирим, батышынан Фергана, түш.-чыгышынан Акшыйрак кырка тоолору м-н курчалган. Уз. 66 км, таманынын жазылыгы 30 км, деңиз деңг. бийикт. 1200–2000 м. Ойдуң туура эмес үч бурчтук формасында. Таманы кенен, рельефи адырлуу түздүк; анда төртүнчүлүк мезгилде пайда болгон 8 дарыя тектири бар. Тектирлер Фергана ж-а Акшыйрак кырка тоолорунун этегин көздөй созулуп, кенен тегиздикти түзөт. Ал тайыз суу нуктары м-н тилмеленип, дыйканчылыкка ыңгайлуу. Ойдуңдун чыгышы м-н батышында адырлар басымдуу. Курчап жаткан тоо капталдарындагы терең ж-а кууш, капчыгайлар (деңиз деңг. 2000–3500 м бийиктикте) жогорулаган сайын мөңгүлөрдүн жылышынан пайда болгон тепши сымал өрөөн, туюк же ачык төрлөр м-н бүтөт. Түн.-чыгыштан түш.-батышты карай диагональ б-ча созулган Кызылкыр, Акшыйрак, Чаарташ тоолору неогенде-антропогенде көтөрүлүп, ойдуңду Орто Нарын өрөөнүнөн бөлгөн. Бул тоолордун Тогузторого караган капталдары кыска ж-а тик. Ойдуңдун түн. тарабынан чектеген Молдотоо, Кабак, Көкирим тоолорунун түш. капталдары узун ж-а жантайыңкы келип, байыркы түздүктөрдүн калдыктары кайнозой тектеринин алдында ийилип жатат. Батышындагы диагональ б-ча созулган Фергана тоосу ойдуңду Фергана өрөөнүнөн бөлүп турат. Анын Тогузторого караган капталы тик ж-а кыска келип, ал б-ча Талас-Фергaна жаракасы өтөт. Палеозой, мезозой ж-а кайнозой замандарында пайда болгон кумдук, акиташ, конгломерат, алевролит, филлит ж-а чопо тектеринен турат. Таманында ж-а тоо таянган эңкейиш түздүктөрүндө төртүнчүлүк мезгилдин кум, шагыл ж. б. тектери кеңири таралган. Ойдуң тектон. Структурасы б-ча асимметриялуу грабен-мегасинклиналь. Кендери — таш туз, курулуш материалы жерг. керектөөгө пайдаланылат. Климаты кескин континенттик, январдын орт. темп-расы —17°... —19°С, июлдуку 21–22°С. Жылдык жаан-чачыны 320–350 мм. Көгирим м-н Фергана тоо тизмеги бириккен жерде анча чоң эмес мөңгүлөр бар. Ойдуң аркылуу Нарын д. агат; анын ойдуң аймагындагы ири куймалары: Көгирим, Көгарт, Атай, Аскалуу, Табылгыты ж. б. Эң ири көлү — Бешкөл (Ак-шыйрак кырка тоосунда, 1975 м бийикте). Т. о-на жарым чөл (1200–1300 м), талаа ландшафттары мүнөздүү. Акшыйрак, Молдотоо, Кабак тоолорунда 2500–3100 м бийикте карагай токоюна аралаш четин, табылгы, арча, бадал, итмурун ж. б. Өсөт. 3100 – 3800 м бийикте субальп, альп шал- баалуу талаа ландшафттары таралган.

Колдонулган адабияттарОңдоо

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2