Туяк Эрназар уулу
Туяк ырчы (1856-1912) – ырчы, жамакчы, комузчу, ойчул акын. Болжолдуу алганда, 1856-жылы азыркы Кыргызстандын Баткен облусуна караштуу Кадамжай районундагы Майдан айыл өкмөтүнүн аймагындагы Пум айылында жарык дүйнөгө келген. Ырларына караганда, Туяк Эрназар уулу Паргана өрөөнүн жана Кыргызстандын түштүгүн бүтүндөй кыдырып чыккан көрүнөт. А бизге жеткен маалыматтар боюнча, Туяк кылычтай курч курагы - жыйырмага толо элек маалында Исфайрам өрөөнүндөгү белгилүү Садыр миңбашыны жандап, Коконго барып, Кудаяр ханга каяша сүйлөгөн[1].
Туяк Эрназар уулу | |
Туулгандагы ысымы: |
Туяк Эрназар уулу |
---|---|
Кайман аты: |
Туяк ырчы |
Туулган жери: |
Кыргызстан, Кадамжай району, Пум айылы |
Ишмердүүлүгү: |
Эгемберди Эрматовдун Туяк ырчынын чыгармаларын жайылтууга кошкон салымы
түзөтүүАдабиятчы Абдыкерим Муратов:
"Туяк ырчынын ысымын көрүнүктүү акын жана коомдук ишмер Эгемберди Эрматовдун аракети менен көпчүлүк эл учкай билип калган. Биз үчүн Туяк ырчы “туюк ырчы“ болчу да. Эч ким жакшы билчү эмес. Ал киши ар кандай адабий тизмелерде дагы, акындардын хрестоматияларында дагы, адабий портреттеринде дагы, окуу китептеринде, ЖОЖдордун окуулуктарында таптакыр эскерилген дагы эмес, аты дагы аталган эмес. Мында чоң эмгекти маркум Э. Эрматов сиңирген. Ал Кадамжай районундагы бир топ кишилерден Туяк ырчы жөнүндөгү материалдарды жыйнап, башка да кишилер аракет кылып, ошол отуз-кырктай ырын табышкан. Бул ырлардын бардыгы толук эмес да: үзүндү түрүндө же болбосо бир-эки кол эмес, бир нече колдон өткөн материалдай болуп турат. Ушундай шартта былтыркы “Туяк ырчы“ деген жыйнактын чыгышы биздин адабий жана маданий коомчулугубуз үчүн чоң окуя болду. Китеп чыгар замат эле бет ачары болуп, Туяк ырчынын 160 жылдыгына карата Кадамжай районунда мамлекеттик деңгээлдеги чоң иш-чара өткөрүлдү"[2].
Эгемберди Эрматов:
«Туяк ырчы тууралуу адабий, маданий илимий коомчулуктун маалыматтары жок. 2005-жылы чыккан мен түзгөн “Туяк ырчы” деген китепке 17 гана ыры, бир айтышы жана чөбөрөсүнүн эскерүүсү, ошол чөлкөмдөгү аны иликтеп жүргөндөрдөн жазылып алынгандар кирген.
Туяк ырчы болжол менен 1856-жылы төрөлүп, өлгөнү 1912-жылга туш келет. Мен эс тартканы Туяктын ырын угуп өстүм. Аш-тойлордо акындар Туяктын ыры деп ырдашчу. Туяк өлгөндөн 60-70 жыл өтсө дагы акындардын оозунда жүрүүнүн өзү бул акындын ырды жамгырдай төккөн, эртеңки болорду алаканга салгандай айткан олуя ырчы болгонунан маалымат берип турат. Кадамжайда Исфайрам чөлкөмү деп коет, өткөн кылымдын 30-40-жылдарында ошо ченде жашаган Уста Календар, молдо Жусуп, Нышан, Эгемберди Кокоев деген инсандар Туяктын ырын жакшы билишчү экен. Анын “Бир алла” деген ыры бар. Бул ырдан бизге аз эле саптары жетти. Туяк ырчы бул ырын таңдан кечке дейре ырдачу экен. Кат тааныбаптыр. Анын Абдукаим Эшен деген Самаркан, Бухарадан окуп келген, ошол чөлкөмгө абдан таанымал, аалым досу болуптур. Айрымдар Туяк ырчыны ага жамандап барышып, “Бир алла” деп ырдап жүрөт, тыйып койбойсуңбу”,- дешет. “Андай болсо чакырып келгиле”- деп, мечиттеги намаздан кийин: — Кана Туяк жанагы “Бир алла” деген ырыңды ырдап койчу дептир. Ошондо бир төгүп ырдайт. Баягы келген элдин баары былк этпей угуп отуруптур. Ырдап бүткөн соң “мына, көрдүңөрбү Туяк китептин сөзүн ырдап атат, бир жеринде ашык-кеми жок, ырдай бер Туяк” деп коюптур…”
Эскерүү
түзөтүү2016-жылы "Тарых жана маданият жылына" карата өкмөттүн токтому менен Туяк ырчынын туулгандыгынын 160 жылдыгы Баткендеги Кадамжай районунда өкмөттүк деңгээлде белгиленди жана бир томдук жыйнагы жарык көргөн.
Туяк ырчынын 160 жылдыгын өзү төрөлүп чоңойгон Очок таш аттуу жерде өткөрүлдү.
2018 жылы Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында Туяк Эрназар уулуна эстелик тургузулду. Аны "Төөлөс ынтымагы” фонд каржылаган, Кызыл-Кыя шаардык мэриясы жардам көрсөткөн.
Ал жөнүндө китептер
түзөтүүТуяк ырчы. Түзгөн: Эгемберди Эрматов. ЖЧК “Салам” Басма үйү. Бишкек, 2016 ISBN 978-9967-472-16-7
Китепке Туяк ырчынын эл оозунан жыйналып алынган ырлары, санат-термелери менен бирге, акын жөнүндө эскерүүлөр жана акындын чыгармаларын окугандан кийинки окумуштуулардын жана акын-жазуучулардын ой-пикирлери, макалалары берилди.