Түндүк Тянь-Шань рельефинин калыптанышы жана тектоникасы

Түндүк Тянь-ШангаТалас Ала-Тоосу, Кыргыз Ала-Тоосу, Суусамыр-Тоо, Жумгал-Тоо, Күңгөй Ала-Тоо, Тескей Ала-Тоо, Соң-Көл-Тоо, Кара-Жорго тоолору кирет Алгачкы палеозойдун башталышында, палеозойго чейинки фундаментте каледондук геосинклиналдык ойдуңдар пайда боло баштап, Иле Ала-Тоосунан түштүк жана батыш тараптагы кеңири аймакты камтыйт. Кембрийдин аягында жана ордовиктин башталышында алгачкы каледондук тектоникалык кыймылдар башталып, биринчи көтөрүлүүлөр Макбал жана Бурхан эпигеосинклиналдык ороген-бүктөлүү системасын түзгөн. Ордовиктин ортосунда Кара-Тоо-Талас катталыш зонасы түзүлөт. Ордовиктин аягында жана силурдун башталышында кийинки каледондук кыймылдардын натыйжасында Суусамыр, Кыргыз Ала-Тоосунун борбордук бөлүгү, Чоң-Кемин жана Жыргалаң катталыш зоналарынын пайда болушу менен Түндүк Тянь-Шандын геосинклиналдык режими аяктайт. Кийинки, ортоңку жана соңку палеозой заманында Түндүк Тянь-Шандын каледониддери кеңири аймакты ээлеген геосинклиналдык домпок катары талкаланган тектерди тегерегиндеги ойдуңдарга берип туруучу зона болгон. Түндүк Тянь-Шандагы кеңири таралган грано-диориттердин келки массивдери каледон катталышынын кийинки фазаларына туура келет.