Уркундан кечип өтүү, колдун эсебин алуу

Уркундан кечип өтүү, колдун эсебин алуу — сюжеттин өнүгүшүндөгү зарыл түйүндөр.

Кайгуулдан келип он алты күнү катары менен уктап ойгонгон Алмамбет азыркы чоң жоом Уркундун дарыясы, колду суудан аман өткөрүүнүн камын кылайын деп ойлонуп, арбын отун түшүрүп, азык-түлүк бышырып, аттарды чөбү калың жерге отко айдагыла деп жар чакыртып, элге жарыялады. Кошун камданып бүткөн соң жай ташын сууга байлап,. калмакча кара дуба окуп күн жайлады. Жаканын баары жамгырлап, бөксөнүн баары мөндүрлөп, борошо уруп, муз тоңуп жай чилдеде кыш түштү. Толук бир жумадан кийин Алмамбет жай ташын суудан алып, күндү ачты. Тез аттанган кол суусу тартылып калган Уркундан аман-эсен өтүштү. Дагы жол жүрүп чөбү калың, суусу кенен, чер токойлуу, аңга бай, жайлуу жерге жетишкенде Алмамбет колду токтоого буйрук берип, ушул жерге кыштап чыгарын угузду. Элди чогултуп, Алмамбет колдун эсебин сураса кошун түгөл чыгып, Манастын өз кошундагы он башы Тазбаймат тогуз адамын алдына салып, өзү онунчу болуп чубатуудан өттү. Онунчу кишиң кайда? — десе, Баймат Кадоонун боюндагы элди эсептегенде ушул тогузу колума тийген, ошондон бери өзүм менен он экенмин деп келе жатам, башканы билбейм — дейт. Отуз жүз миң орчун кол бүтүн аман-эсен чыкканда Манастын кошунан бир адамдын жоголгону жакшы эмес, башкалардан кем чыкса кан жардыгы деп башын алат элек, өзүбүздөн жоголгондо унчукпай тим калсак калыстык болбос, эл эмне дейт?!— деген Алмамбет Байматтын башын алганга буйрук берди. Байматты желдеттер сүйрөп жөнөгөндө Серек ордунан тура калып, токтой тургулачы, Манастын он башчысы ким экен, тизмени карап көргүлөчү — дейт. Текшерип көрүшсө Тазбаймат жоготуп таппай жаткан анын онунчу кишиси Манас экен. Өлүмдөн калган Баймат барбалаңдап сүйүнүп, байкабай кара басып, баатыр сен үчүн өлө жаздадым десе Манас: «Уруп кеткен Тазбаймат, улук кишим сен болсоң, унуткан кишиң мен болсом. Серекти токтото туруп, сени өлтүргөндөн кийин тизме каратканда болмок экен” — деп солкулдап күлөт. Ал жерде турган жамагат бүт каткырышты.

Эпизод Радлов жазып алган вариантта, Саякбай Каралаевдин вариантында да жок. Башка манасчылардан Молдобасан Мусулманкуловдун вариантында,Багыш Сазановдун вариантында, ТМВда Сагымбай Орозбаковдун вариантына жакын түрдө айтылат.

Чалгын — сюжеттеги окуянын андан нары татаалдануу түйүндөрүнүн бири, өзгөчө кеңири белгилүү салттык деталдардан.

Манас кырк чоросу жана белгилүү баатырлар менен чогуу олтурганда Алмамбет келип: Эл тыныгып, кытайдан чалгын чалуучу убакыт болгонун билдирип, баатырларыңдын кимиси чалгынга барат? — деп кеңеш салса, мен чалгынга барам деген адам болбоду. Элдин түрүн байкаган Манас жолун да, тилин да, сырын да билесиң, чалгынга өзүң бар, колдон тандап жаныңа жолдош, жорукка минер кошок ат ал деп Алмамбеттен өтүндү. Манастын сөзүн кайтарбай Алмамбет чалгынга барууга бел байлап, жолдоштукка Сыргакты, кошок атка Ажыбайдын Карткүрөңүн каалады. Алмамбет менен Сыргак чалгынга аттанат.

Эпизод Радлов жазып алган вариантта жок. Саякбай Каралаевдин вариантында Бакай кырк жигитке кайрылып Бээжинди көргөнүң барбы? — деп сурайт. Алмамбет мен көргөмүн, чалгынга бар десеңер барайын дейт. Манас кубанып, ыраазы болуп, Карткүрөңдү мин, жаныңа тандап жолдош ал дейт.

Алмамбет өз атын эле минерин айтып, жолдоштукка Сыргакты жактырат. Карткүрөңдү коштоп, экөө аттанып кетет.

Белгилүү манасчылардын дээрлик бардыгында бул эпизод негизинен бири-бирине жакын планда айтылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4