Чечендик өнөр – орто кылымдарда коомдук өнүгүшкө байланыштуу ырчылык өнөрдө түрдүү типтер пайда болгон. Маселен, ырчы,сынчы, чечен ж. б. Чечендер улуулар ортосундагы чыр-чатактарды жалгаштыруу, күнөөлүүлөрдү уяткаруу жагынан чебер инсандар болуп, чыгармачылыгында макал-лакаптарды, айтым сөздөрдү, учкул ыр саптарын кеңири колдонушкан. Уруулар ортосунда чечендик айтыштар болуп турган. Сөз тапкычтыгы, ойчулдугу жагынан айырмаланышкан талантуу инсандар болушкан.


Маалымат булагы: И. Пайзилда Ырчылар чыгармачылыгы Б. 2004