ЭфикКамерундун түштүк-батышында жана Нигериянын түштүк-чыгышында жашаган эл. Алар Кросс дарыясынын төмөнкү агымын бойлоп, Биафра булуңунун жээгине чейин жашашат. Кээде экои же эджагам менен бирге жашашат.
Жалпы саны 700 миң адам (2000).

Эфик

Эфик абышкасы
Мамлекеттер жана аймактар

Бардыгы: 700 миң адам (2000)[1]
 Камерун
 Нигерия

Тили

ибибио (эфик диалекти)

Дини

Жергиликтүү салттуу ишенимдери,
Христианчылык (протестанттар)

Расалык тиби

негроид

Келип чыгышы

ибибио

Эфик эли мбиабо, адиабо, эньонг, иту, ква, эфут, эффиат, исангеле топторго бөлүнөт.

Тил түзөтүү

Ибибио тилинин эфик диалектинде сүйлөшөт.

Дин түзөтүү

Көпчүлүк жергиликтүү салттуу ишенимдерди карманышат. Ата-бабаларга, рухтарга жана табигый күчтөрүнө сыйынуу.
Эфик арасында христиандар (протестанттар) да бар. Христиандардын өлгөндөрдүн элесин түбөлүккө калтыруу салты мүрзө таштарын (итиатудо) орнотуу практикасынын өнүгүшүнө салым кошкон.

Чарбалык иштер түзөтүү

Айыл чарбада (ямс, маниок ж.б.) эфик эли башка этностордун өкүлдөрүн (ибо, ибибио ж.б.) жалдап иштетишет.

Ошондой эле, аларда ышталган балык саткан көптөгөн азык-түлүк базарлары бар.

Кол өнөрчүлүк түзөтүү

  • мончок менен кооздоо;
  • жез табактарды оюу;
  • жыгач оюу (маска жасоо);
  • килемдерди, баш кийимдерди жана себеттерди токуу.

Тамак-аш түзөтүү

Өсүмдүк тамак (ботколорду, ысытмаларды) жана балык жешет.

Кийим түзөтүү

Эфик салттуу кийимдердин ичинен белдемчи кийген.

Турак жай түзөтүү

Тик бурчтуу үйлөр. Дубалдары чопо менен капталган жыгач каркастан тургузулган. Чатыры пальма жалбырактары менен жабылган.

Коом түзөтүү

Коомдук уруулук уюмдун негизин айыл жамааттары жана көп балалуу үй-бүлө жамааттары түзөт. Европалык колонизациясына чейин кулчулук болгон.

Маданият түзөтүү

Эфиктер салттуу театр жана жашыруун бий коомдору менен белгилүү.
Элдик оозеки чыгармачылык ырлардан, жомоктордон турат.

Тарых түзөтүү

XVIII кылымда ибибионун бир бөлүгү Кросс дарыясынын чыгыш жээгине көчүп, өздөрүн "эфик" деп атай башташкан, "fik" деген сөздөн — "басуу", "оруу".
Эфик европалыктар менен соода жигердүү жүргүзгөн.
Эфиктин эң ири шаары — Калабар узак убакыттан бери Гвинея булуңунун жээгиндеги кул соодасынын борборлорунун бири болуп келген. Бирок 1842-жылы британиялыктар менен жергиликтүү башчылардын ортосундагы кул соодасын токтотуу боюнча келишимге кол коюлган.
Эфиктер жаңгактарды, баалуу жыгачтарды, пальма майын англис товарларына: сааттарга, джинге, курал-жарактарга, кол чатырларга алмаштырышкан. Алар бүт Кросс дарыясынын бассейнинде сооданы монополиялаштырган жана алардын товарлары сатып алуучулар арасында эң чоң суроо-талапка ээ.

Булактар түзөтүү

  1. Joshua Project – Efik of Nigeria Ethnic People Profile

Тышкы шилтемелер түзөтүү