Үч ай мөөнөт бүтүп, согуштун кайра башталышы («Манас» эпосу)

Үч ай мөөнөт бүтүп, согуштун кайра башталышы («Манас» эпосу) Кандуу кармашта Алмамбет, Сыргак, Чубак окко учат. Аккулага замбиректин огу тийип, Манас жөө калат. Жөө калган Манасты аңдоостон келип Коңурбай айбалта менен шилиге чабат. Токтук деген кытай мергени Манасты атканы жатканын көрүп Жолой токтотууга аракет кылат. Андан жазганган мерген жаза атып, жаанын огу оң чекесине тиет. Кыргыздарга жан тарткан Жолой Манас жарадар болгонун көрүп, кара калмак манжуларын алып, согушту таштап кетет. Согушта кытай менен кыргыздар гана калып, кармаш басаңдайт. Жарадар Манасты элге алып келишет.

Окуя Радлов жазып алган вариантта жок. Саякбай Каралаевдин вариантында: Коңурбай баштаган кытай колу арттан жете келип, эки кол беттешет. Качкан жоону артынан кууп, он эки күндүк жолго сүрүп барышканда эми такыр жеңилерине көзү жеткен Коңурбай акыл ойлоп, амалданып жети күнгө урушту токтото туралы, элим менен кеңешейин, элим макул деп туура көрсө өзүңдү Түп-Бээжинге кан көтөрөлү — деп, Манаска элчи жиберет. Манас анын амал менен алдап жатканын билбей согушту токтотууга макул болот. Кытай жети күн тыныкса баш-аягын жыйып, жаңы жардам алып, күчөп кетерин айтып Алмамбет нааразылыгын билдирет. Манас кенебей, Алмамбеттин айткандарын көңүлгө албайт. Тынымдан пайдаланып кытайлар качканын токтотуп, жардамга жаңы күч кошулуп кайра согушка киришет. Жардамга келгендердин ичинде ажайыптан Алмамбет менен бирге окуган казыналык чоң мерген Кожожаш келет. Ал оору болуп мурдагы согуштарга катышкан эмес экен. Ажыдаардан менден алты ай ашык окуду эле, өнөрү өзгөчө деп андан Алмамбет да чочулайт. Кожожаш мерген Көкчө менен Музбурчакты , аларга удаа Сыргакты атып өлтүрөт. Кожожаш аткан ок бооруна тийген Чубак оор жарадар болуп, коркок ооруга кезигип, дайынсыз кетет. Кырк чоронун белдүүлөрүнүн көбү өлүмгө учурап, жоого жалгыз такат кылып жүргөн Алмамбет Кожожаштын огунан шейит болот. Баатырлардан айрылып, катуу кайгы тарткан Манас жоого каршы өзү аттанмак болуп камынып жатканда аңдып келген Кожожаш өзүн атайын десе ок өтпөйт, атын атып, Аккула окко учат. Аккула окко учуруп, Алмамбет шейит кечирип мен эми кантип тирүү жүрөмүн! — деп Манас кейип арман кылат. Жөө калган Манас белеске чыгып, дүрбү салып, Кожожаш, Коңурбай баш болгон кытай баатырлары эми кыргыздарды кырып, Манасын тирүү кармап алабыз! — деп тойлоп жатканын көрөт. Манас туулганда касиеттүү думана берген Аколпоктун жакасына тигилүү болот ок менен Аккелтени октоп, кароолуна дүрбүсүн таңып, шашпай мээлеп атканда, Кожожаш менен катар отурган сегизинин башын ок жулуп кетет. Аярлыгы жанда жок четирээк олтурган Коңурбай аман калып, шаарына кире качат.

Каныкей жаман түш көрүп, Манас атынан ажыраганын сезип, Тайбуурулду коштотуп Бакайды жөнөтөт. Бакай келип, Тайбуурулга минген Манас катуу каарданып колунун өлгөнүнөн калганын баштап кайра согушка кирет.

Кыргын болгон кытайлар Манастын каарына чыдабай качып, чебине кире качкандары гана аман кутулушат. Баатырлардын өчүн албай, Коңурбайды жайлабай кантип кайра кетем! — деп каарданган Манас сепилдин дарбазасын бузамын — деп айбалта менен койгулап турганда асмандан «Бээжинге алың жетпейт, кайткын!» деген добуш үн угулат. Алданын буйругу экен — деп Манас колун баштап, кайра тартат. Баткактуу кара суунун боюна токтоп, колдун эсебин алып, өргүү болушуп, эртеси эртең менен Манас намаз окуп жатканда аңдып келген Коңурбай найза менен кыр аркага сайып, жарадар кылат.

Кароолдо туруп уктап калган Ажыбай Коңурбайды качканда көрүп, артынан жетип, найза сайып жарадар кылат бирок аты күлүк Коңурбай жеткирбей кутулуп кетет. Манаска сайылган найзаны Ажыбай түз тарта албай, болоттун учу сынып, аркада калып калат.

Сыргакты баш кылып өлгөн баатырлардын сөөгүн Көк-Булуңга коюп, Алмамбеттин сөөгүн кытайлардан тартып алып, элге жеткирсин деп Саралага жүктөп коё берет. Оорусу катуулап атка жүрө албай калган Манасты арча табытка салып атка жүктөп, катуу жүрүп элге жетишет.

Окуя айрым өзгөчөлүктөр менен белгилүү манасчылардын көбүндө Саякбай Каралаевдин вариантына жакын айтылат.

Манастын өлүмү, күмбөз салдыруу — эпостун жыйынтык окуясы.

Манас эли, баатырлар менен коштошот. Баласынын жаш калганына арман кылат. Манас өлүп Каныкей кошок айтат. Үрүмчү шаарына жакын Баяндынын талаасындагы Кум-Арык деген жерге Манастын сөөгүн коюп күмбөз салышат.

Жалпы эле Кичи чабуул (Кичи казат), айрыкча эпостун корутунду мүнөздөгү окуялары Сагымбай Орозбаковдун вариантында кыска, үстүрт гана айтылган.

Радлов жазып алган вариантта Манастын өлүмү «Семетейдин туулганы» деген тема менен берилген бөлүмдүн киришүүсү катары баяндалат. Мында Манастын согушта жарадар болгону эскерилбейт, тескерисинче «Аккула арыган экен, Манас кан карыган экен» делип баатыр карылыгы жеткенде өз ажалынан өлгөнү берилет. Каныкейдин жети айлык боюнда бар кезде ооруп жаткан Манас чоролорун чакырып, көзүм өтүп бара жатат, артымда кала турган бала жаш, жардам бере жүргүлө — деп керээзин айтып, дүйнөдөн өтөт. Манастын сөөгүн Таластын боюндагы Сулпукорго койгон делет. Күмбөз салдыруу эскерилбейт.

Саякбай Каралаевдин вариантында Каныкей Муздактын башы Муз-Жайлоого көчүп салкынга конуп, Шуутуну жиберип Мысыр менен Багдаттан үпү, апы деген дарыларды алдырып, Манастын шилисиндеги жарасына жаап, кырма кызыл дарыны ичинен берип дарылайт. Манас кадамкисиндей болуп айыгып, кайра келип, Таласка конуп, эл башкарып турат. Алмамбеттин сөөгү жүктөлгөн Сарала келип, сөөктү Ат-Башыдагы Чеч-Дөбөгө алып барып коюшат. Ошондон кайра келип, катуу капаланып Алмамбеттин үйүнө өкүрүп түшкөн Манас мээ аралаш сары зил кусуп, эси ооп жыгылат. Коңурбайдын найзасы тийген белиндеги жарасынын оозу бүтүп калгандыктан элес албай Каныкейге айткан эмес экен. Баатырдын белиндеги жарасын билбей калганына катуу кайгырган Каныкей тинте менен жаранын оозун ачып көрсө оозу жымыйып бүткөн менен нары жагы зилдеп, кыр арканын жүлүнүн чиритип жибериптир. Манастын оңолуп өөдө болбосун түшүнгөн Каныкей баатырга керээзиңди айт? — деп өтүндү. Мен өлсөм атаң Темиркандыкына качып барып, Семетейди бир тууганың Ысмайылга бактыр, он экиге чыкканда элдин кабарын угуз, Бакайга кеңешип сөөгүмдү эч кимге билгизбей жашырын кой, Кошой, Төштүк Сайкал, Көкбөрүлөргө кабар бер — деп Манас керээзин айтат. Каныкей Тайбуурулду мингизип Ажыбайды кабарга жөнөттү. Ажыбай жолдон Манастыкына келаткан Урумкан уулу Көкбөрүгө жолугат. Аяш атама өзүм кызмат кылам деп анын уулу он эки жаштагы Коёнаалы да келет. Ажыбайдын чакырыгына келбей койгон Сайкалды Коёнаалы өзү барып алып келет. Эл менен, келген баатырлар, кырк чоросу менен коштошуп Манас көз жумат. Каныкей мурдатадан эле күмбөз салдырып, сөөгүн коюу үчүн Эчкиликтин кара зоого жашырын жай даярдатат. Манастын сөөгүн ошол жашырын жайга коюп, күмбөзгө теректен чабылган кепти көмүшөт. Кошой, Төштүк баш болуп эмдиги жылы келип Манаска аш берели деп убадалашып, эл тарайт.

Белгилүү манасчылардын варианттарында бул окуя Саякбай Каралаевдин вариантына жакын айтылат.Багыш Сазановдун варианты менен ТМВда Манаска аш берилгени айтылып, Багышта аш Манас ооруп жатканда эле берилет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4