23 Февраль
(«23 февраль» барагынан багытталды)
23-Февраль - Григорий календары боюнча 54-күнү, жылдын аягына чейин 311 (толук жылда 365) күн бар.
← февраль → | ||||||
Дш | Шш | Шр | Бш | Жм | Иш | Жк |
1 | 2 | 3 | ||||
4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 |
11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 | 17 |
18 | 19 | 20 | 21 | 22 | 23 | 24 |
25 | 26 | 27 | 28 | 29 | ||
2024-ж. |
Майрамдар
түзөтүү- Ошондой эле караңыз: Категория:23-Февраль майрамдары
Бул бөлүмдү жакшыртуу керек. Википедия көмөгүңүзгө муктаж.
- Кыргызстан, Орусия, Беларусь, Тажикстан, — Ата Мекенди коргоо күнү.
- Бруней — Эгемендүүлүк күнү
- Гайана — Республикалык күн (1970).
Окуялар
түзөтүү- Ошондой эле караңыз: Категория:23-Февраль окуялары
Бул бөлүмдү жакшыртуу керек. Википедия көмөгүңүзгө муктаж.
- 1852 жылы Токмоктун алдындагы чабышта Ормон хан баштаган кыргыздар казак ханы Кененсарынын мизин кайтарган. Казак уруулары буга чейин ээлеп алган жерлеринен сүрүлүшүп, ыңгайлуу учур келгенин илгиртпей туйган Ормон хан Или суусунун башкы агымын ээлеп алган.
- 2005 жылы Жогорку Кеңеш депутаттыгына талапкердиги токтотулган Арслан Малиевдин тарапташтары Тоң районунун мамлекеттик администрация мекемесин ээлеп алышкан. Алар А.Малиевдин талапкердик укугунун калыбына келтирилишин, Тоң районунун акими Нурбек Алиев менен райондук соттун төрайымы Светлана Касырбековалардын кызматынан кетишин талап кылышкан.
- 1944 жылы Иосиф Сталин Чечен-Ингуш Автономиялуу Республикасын жоюп салган. Натыйжада 493 миңден ашуун чечен менен ингуштар Орто Азия менен Казакстанга депортацияланып, 6 миңден ашууну тоого чыгып кеткен.
- 1991-жылы Санкт-Петербург шаарындагы "Ленинград" мейманканасынын бир нече кабатында өрт чыгып, ал 16 кишинин өмүрүн алып кеткен.
- 2006 жылы Москвадагы "Басман" базарынын имараты урап түшүп, урандынын алдында калып 66 киши көз жумган.
- 2014 жылы Орусиянын Сочи шаарында 22-Кышкы Олимпиада оюндарынын жабылыш аземи өткөн. Салтанаттуу иш-чара Эл аралык Олимпиада комитетинин төрагасы Томас Бах жана Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин катышуусунда болгон. 1000 адамдын аткаруусунда Орусиянын гимни жаңырып, андан кийин мелдешке катышкан 80 мамлекеттин бардык спортчулары ортого чакырылган. Анын ичинде Евгений Тимофеев да Кыргызстандын желегин көтөрүп чыккан.
Командалык эсепте Орусия 13 алтын медаль менен 1-орунду алып кеткен. Ал эми 2018-жылы Кышкы Олимпиада оюндары Түштүк Кореяда өтөөрү белгилүү болгон.
Төрөлгөндөр
түзөтүү- Ошондой эле караңыз: Категория:23-Февраль күнү төрөлгөндөр
Бул бөлүмдү жакшыртуу керек. Википедия көмөгүңүзгө муктаж.
- 1950 жылы Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеев туулган.
- 1962 жылы Музыкант Курмангазы Азыкбаев туулган.
- 1973 жылы КРнын Эмгек сиңирген артисти жана Эл артисти Роза Аманова туулган
- 1975 жылы VI чакырылыштагы КСДП фракциясынан ЖКнын депутаты Жылдыз Мусабекова төрөлгөн.
Дүйнө Дүйнө
- 1883 жылы Немис философу, психолог жана психиатр Карл Ясперс төрөлгөн.
- 1944 жылы Советтик жана орусиялык актёр, режиссёр Олег Янковский туулган.
- 1954 жылы Украинанын 3-президенти Виктор Ющенко төрөлгөн.
- 1983 жылы Британиялык актриса Эмили Блант төрөлгөн.
Каза болгондор
түзөтүү- Ошондой эле караңыз: Категория:23-Февраль күнү өлгөндөр
Бул бөлүмдү жакшыртуу керек. Википедия көмөгүңүзгө муктаж.
- 1848 жылы АКШнын 6-президенти Жон Куинси Адамс Вашингтондо Конгресстин имаратында жыйыны маалында каза тапкан. Жон Адамс АКШнын Орусиядагы биринчи атайын элчиси жана АКШнын 2-президенти Жон Адамстын уулу болгон.
- 1986 жылы Орус акыны Борис Слуцкий 66 жашында Тулада көз жумган.
- 1990 жылы Эль-Сальвадордун экс-президенти Хосе Наполеон Дуарте айыккыс оорунун айынан каза болгон.