Агартуу (айыл)
Ош облусунун Кара-Суу районундагы айыл
(«Агартуу, Кара-Суу району» барагынан багытталды)
Агартуу — Кыргызстандын Ош облусунун Кара-Суу районундагы айыл. Жоош айыл аймагынын курамына кирет.
Айыл
Агартуу
|
ААББТ коду — 41703 226 807 02 0[2].
Тарыхы
түзөтүүАйыл 1928-жылы түптөлгөн. Айылда орто мектеп (1500 орундуу), балдар бакчасы, мечит, спорт комплекс, кичи футбол аянтчасы жана үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу бар. Жашоочулардын негизги чарбасы — мал-чарбачылык, жер иштетүү жана соода-сатык тармагында эмгектенет.
Географиясы
түзөтүүОш шаарынан 16 км алыстыкта, түндүк-чыгыш тарабында, райондун борбору Кара-Суу шаарынан 14км түштүк тарапта жайгашкан.
Калкы
түзөтүүжылы | 1986 | 2009 | 2014[3] | 2015 | 2020 | 2021[1] |
---|---|---|---|---|---|---|
адам | ↗ 1075 | ↗ 1927 | ↗ 2118 | ↗ 2131 | ↗ 2292 | ↗ 2320 |
Булактар
түзөтүү- ↑ 1.0 1.1 Кыргыз Республикасынын облустарынын, райондорунун, шаарларынын, шаарчаларынын, айылдык аймактардын жана айылдардын калкынын саны (орусча) (XLS). Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (2021).
- ↑ Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык жана аймактык бирдиктердин объектилерин белгилөө тутумунун мамлекеттик классификатору
- ↑ Кыргыз Республикасынын облустарынын, райондорунун, шаарларынын, шаарчаларынын, айылдык аймактардын жана айылдардын калкынын саны (орусча) (XLS). Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (2014). Түп булактан архивделген күнү 5 -ноябрь (жетинин айы) 2016.