Активизм коомдо жакшылыкка карай өзгөрүүлөрдү жасоого умтулуу менен социалдык, саясий, экономикалык же экологиялык реформаларды илгерилетүү, багыттоо же кийлигишүү аракеттеринен турат. Активизм ар кандай формаларды алышы мүмкүн, - петицияга кол топтоо, гезиттерге кат жазуу, депутаттарга кайрылуу, саясий кампанияларда катышуу, бизнеске артыкчылыктуу колдоо көрсөтүү же бойкоттоо, митингдер, көчө жүрүштөрү, иш таштоо, ачкачылык жарыялоо ж.б.

Активизм күнүмдүк негизде ар кандай жолдор менен, анын ичинде искусство аркылуу, интернетте маалымат таркатуу же жөн эле аң-сезимдүү керектөө аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн. Маселен, ошол фирманын жумушчуларды эксплуатациялоосуна каршы нааразылык иретинде фирмадан кийим-кече же башка буюмдарды сатып алуудан баш тартуу активизмдин көрүнүшү катары каралышы мүмкүн. Бирок, эң көрүнүктүү жана таасирдүү активизм көбүнчө жамааттык иш-аракет түрүндө болот, мында чоң таасир тийгизүү үчүн көптөгөн адамдар нааразылык акциясын биргелешип өткөрүшөт[1]. Кандайдыр бир убакыт аралыгында максаттуу, уюшкан жана туруктуу болгон жамааттык иш-аракет коомдук кыймыл деп аталат[2].

Активизмдин түрлөрү түзөтүү

Адам укуктары түзөтүү

Укук коргоочу активизм Адам укуктарынын жалпы декларациясында белгиленген негизги укуктарды, анын ичинде төмөнкүдөй эркиндиктерди коргоого умтулат: жашоого, жарандыкка[3], менчикке, кыймыл эркиндигине; ой-пикир, сөз, дин, тынч чогулуш сыяктуу конституциялык эркиндиктери; жана башкалар. Адам укуктары боюнча дүйнөлүк кыймылдын негиздери колониализмге, империализмге, кулчулукка, расизмге, сегрегацияга, патриархатка жана түпкү элдердин эзүүсүнө каршылык көрсөтүүнү камтыйт.

Экология түзөтүү

Экологиялык активизм институционалдык кысымдын көптөгөн чөйрөлөрүн камтыйт, анын ичинде: экосистемаларды жана жаратылыш ресурстарын ашыкча керектөө, таштандыларды начар жашаган коомчулуктарга таштоо, абанын булганышы, суунун булганышы, начар инфраструктура, антиполиэтилен же анти-пластик ж.б.

Экологиялык активизм бир нече формада болот:

 
Бишкекте ачылган дельфинарийге каршы митинг

Жаныбарларды коргоо түзөтүү

Жаныбарлардын укуктарын коргоо кыймылы – адамдар менен жаныбарлардын ортосундагы катаал моралдык жана укуктук айырмачылыкты жоюуга, жаныбарлардын мүлктүк абалына жана аларды изилдөөдө, тамак-ашта, кийим-кече жана көңүл ачууда колдонууну токтотууну көздөгөн коомдук кыймыл[4].

Ыкмалар түзөтүү

Интернет түзөтүү

Көптөгөн заманбап активисттер азыр Интернет жана башка маалыматтык-коммуникациялык технологиялар аркылуу жаңы тактикаларды колдонушат. Кээ бир изилдөөчүлөр бул жаңы тактикалардын көбү санариптик жактан салттуу оффлайндык талаш-тартыш куралдарына окшош деп ырасташат[5]. Башка санариптик тактикалар толугу менен жаңы жана уникалдуу болушу мүмкүн, мисалы, хактивизмдин (хакинг активизм) айрым түрлөрү[6].

Экономикалык түзөтүү

Экономикалык активизм социалдык жана экономикалык саясатты өзгөртүү үчүн өкмөттүн, керектөөчүлөрдүн жана бизнестин экономикалык күчүн колдонууну камтыйт[7]. "Жакшы" жүрүм-турумду этикалык керектөөчүлүк аркылуу бекемдөө же "жаман" жүрүм-турумду өзгөртүү үчүң компанияларды бойкоттоо.

Булактар түзөтүү

  1. Tarrow, Sidney (1998). Power in Movement: Social Movements and Contentious Politics (2nd ed.). Cambridge, UK: Cambridge University Press. ISBN 9781139076807.
  2. Goodwin, Jeff; Jasper, James (2009). The Social Movements Reader: Cases and Concepts (2nd ed.). Wiley-Blackwell. ISBN 9781405187640.
  3. "Universal Declaration of Human Rights" (анг.). Бириккен Улуттар Уюму, 1948. Зиярат күнү: 28.02.2023.
  4. Stooksbury, Kara E.; Scheb II, John M.; Stephens Jr., Otis H. (2019) [2017]. "Animal Rights". In Stooksbury, Kara E.; Scheb II, John M.; Stephens, Otis H. Jr. (eds.). Encyclopedia of American Civil Rights and Liberties: Revised and Expanded Edition. Vol. 1 (2nd ed.). Santa Barbara, California and Denver, Colorado: ABC-Clio. p. 38. ISBN 978-1-4408-4110-1.
  5. Meikle, Graham (2002). Future Active: Media Activism and the Internet. Annandale, N.S.W.: Pluto Press. ISBN 978-1864031485.
  6. Samuel, Alexandra (2004). Hacktivism and the Future of Political Participation. Harvard University: Doctoral Dissertation.
  7. Lin, Tom C. W., Incorporating Social Activism (англ.). 98 Boston University Law Review 1535 (1.12.2018)