Алдан (шаар)
Алдан (саха. Алдан) — Орусия Федерациясынын Саха (Якутия) Республикасындагы шаар. Алдан районунун административдик борбору[1]. Орусия Федерациясынын Президентинин 2021-жылдын 10-сентябрындагы жарлыгы боюнча шаарга «Эмгек эрдигинин шаары» (орус. «Город трудовой доблести») наамы ыйгарылылган[2].
Шаар
Алдан
|
Этимология
түзөтүү1923-жылы ачылган ири алтын кенинен алыс эмес жерде Незаметный посёлогу катары негизделген. 1939-жылы кендин жанында Алдан аталышындагы шаар катары түптөлүп, аталышын ошол аймактан агып өткөн дарыянын аталышынан алган. Гидронимдин этимологиясы жөнүндө суроо азыркы учурда да талаштуу суроо бойдон калууда[3][4]. Мельхеев М. Н. жана Трубенин Л. Л. айтымында бул аталыш алтан, алтын деген сөздөн келип чыккан. Кийинчерээк Агеева Р. А. бул аймактагы адамдар алтын эмне экенин билген эмес жана түрк тилдүү элдердин арасында алтын сөзү, мааниси такыр башка алдан деген сөзгө өзгөрүүшү мүмкүн эмес деп жарыялаган жана бул дарыянын аталышы эвен тилиндеги олдо, олло («балык», «балыктуу дарыя») деген сөздөн келип чыккан деп божомолдогон[4].
Тарых
түзөтүү1923-жылдын 19-июнунда якут улутундагы алтын издечүү Тарабукун М.П. жана бул аймактагы биринчи жумучулар артелинин башчысы латыш улутундагы Бертин В.П. Незаметный посёлогунун жанындагы дарыянын жээгинен жолугушкан, так ушул дата расмий шаардын түзүлгөн күнү деп белгиленип келет.
1932-жылдын 20-сентябрында Незаметный посёлогу шаар макамын алган, 1939-жылдын май айында аталышы Алдан деп өзгөртүлгөн. Шаар, 1947-жылы Алдан округу жоюлганга чейин бул округдун административдик борбору болгон.
1990-жылдары демографиялык кризиске дуушар болуп, бирок 2000-2010 жылдары шаарга адамдар кайрадан келе баштаган. Коммерциялык авиация, темир жол станциясы иштей баштаган.
2009-жылдан 2010-жылга чейин бул аймак аркылуу мунай өткөрмө түтүгунүн бир бөлүгү курулуп, шаардын экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу салымын кошкон.
География
түзөтүүАлдан тайпак тоолорундагы Алдан дарыясынын бассейнинде шайгашкан.
Шаар табигый кендерге эң бай бар аймакта жайгашкан. Шаардын айланасында таш көмүрдүн, темирдин, урандын, апатиттердин кендери бар. Геологиялык чалгындоо иштери бул аймакта жездин, слюданын, полиметаллдардын жана алтындын ири корлору бар экенин тастыктаган. Алдан тайпак тоолорунда дүйнөдөгү жалгыз чароит кени дагы жайгашкан.
Климат
түзөтүүАлдан шаарынын климаты кескин континенталдык. Якутс шаарына караганда кышы кыйла жумшак, жайы салкыныраак жана жаан-чачындуу келет.
Алдан шаарынын аба ырайы | |||||||||||||
---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
Көрсөткүч | Жал | Чын | Буг | Кул | Тек | Баш | Аяк | Тог | Жет | Беш | Үчт | Бир | Жыл |
Абсолюттук максимум, °C | −4 | −1 | 9,1 | 18,8 | 27,8 | 34,3 | 36,5 | 35,2 | 25,8 | 16,7 | 6,1 | −0,6 | 36,5 |
Орточо максимум, °C | −21,3 | −17,8 | −8,9 | 1,4 | 11,0 | 21,0 | 23,0 | 19,5 | 10,2 | −1,9 | −14,5 | −21,8 | 0,1 |
Орточо температура, °C | −25,7 | −23 | −14,9 | −3,9 | 5,5 | 14,4 | 16,9 | 13,6 | 5,2 | −5,9 | −18,8 | −25,9 | −5,2 |
Орточо минимум, °C | −30,1 | −28,1 | −21,1 | −9,6 | 0,2 | 7,6 | 11,1 | 8,3 | 0,9 | −9,8 | −23 | −29,9 | −10,3 |
Абсолюттук минимум, °C | −50 | −46,6 | −42 | −31,7 | −16 | −5,9 | −0,8 | −4,4 | −16,1 | −30,3 | −44,9 | −48,3 | −50 |
Жаан-чачын нормасы, мм | 27,6 | 25,5 | 41,5 | 39,1 | 76,2 | 84,0 | 112,2 | 111,8 | 101,0 | 71,4 | 41,1 | 29,2 | 760,6 |
Булак: http://www.pogodaiklimat.ru/climate.php?id=31004 |
Алдан шаарынын акыркы 10 жылдагы аба ырайы | |||||||||||||
---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
Көрсөткүч | Жал | Чын | Буг | Кул | Тек | Баш | Аяк | Тог | Жет | Беш | Үчт | Бир | Жыл |
Орточо максимум, °C | −21,5 | −18,2 | −8,5 | 1,8 | 11,6 | 21,0 | 23,1 | 19,8 | 10,2 | −2,6 | −14,8 | −21,4 | 0,0 |
Орточо температура, °C | −25 | −22,7 | −14,2 | −3,8 | 6,1 | 14,4 | 17,2 | 14,1 | 5,6 | −5,8 | −18,3 | −24,8 | −4,7 |
Орточо минимум, °C | −28,6 | −27,2 | −19,8 | −9,5 | 0,6 | 7,7 | 11,4 | 8,4 | 1,1 | −8,9 | −21,7 | −28 | −9,5 |
Жаан-чачын нормасы, мм | 31 | 29 | 29 | 46 | 75 | 75 | 88 | 107 | 110 | 75 | 39 | 99 | 839 |
Булак: https://www.weatheronline.co.uk/weather/maps/city?FMM=1&FYY=2011&LMM=12&LYY=2020&WMO=31004&CONT=euro®ION=0006&LAND=RF&ART=TEM&R=0&NOREGION=1&LEVEL=162&LANG=en&MOD=tab |
Калк
түзөтүүКалкынын саны 20 826 адам[5]. 2020-жылдагы Бүткүл орусиялык эл каттоонун маалыматына ылайык шаар калкынын саны боюнча Орусия Федерациясынын 1118 шаарларынын ичинен 629-орунда турат[6].
Калкынын саны | |||||||||||
---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
жыл | 1939[7] | 1959[8] | 1967[9] | 1970[10] | 1979[11] | 1989[12] | 1992[9] | 1996[9] | 1998[9] | 2000[9] | 2001[9] |
калк | 14 022 | ▼12 358 | ▲15 000 | ▲17 689 | ▲20 173 | ▲27 090 | ▼26 400 | ▼24 000 | ▼22 900 | ▼21 500 | ▼21 200 |
жыл | 2002[13] | 2003[9] | 2005[9] | 2006[9] | 2007[9] | 2008[9] | 2009 | 2010[14] | 2011 | 2012 | 2013 |
калк | ▲24 715 | ▼24 700 | ▼24 300 | ▼24 000 | ▼23 900 | ▼23 800 | ▼23 486 | ▼21 275 | ▼21 227 | ▲21 673 | ▼21 538 |
жыл | 2014 | 2015 | 2016 | 2017 | 2018 | 2019 | 2020[15] | 2021[16] | 2023 | 2024[5] | |
калк | ▼21 364 | ▼21 092 | ▼20 892 | ▼20 700 | ▼20 595 | ▼19 958 | ▲20 631 | ▲21 590 | ▼21 490 | ▼20 826 |
Улуттук курамы
түзөтүүАкыркы эл каттоонун маалыматтарына ылайык Алдандын калкынын улуттук курамы төмөнкүдөй[5]:
- якуттар — 49,90%
- орустар — 37,80%
- эвенктер — 2,20%
- украиндер — 2,20%
- эвендер — 1,60%
- татарлар — 10,90%
- башка улуттар — 5,4%
Диний курамы
түзөтүү1994-жылы июнда мурдагы «Авиатор» клубунун имаратында православдык храм ачылган жана 1994-жылы 27-июлда биринчи диний ырым-жырымдар жүргүзүлгөн.
Калкынын басымдуу бөлүгү христиандар, якут улуттундагы адамдардын арасында теңирчилик кеңири тараган.
Экономика
түзөтүүАлдандын экономикасынын негизи болуп алтын казуу саналат. Ошондой эле бир нече чакан жыгач иштетүүчү заводдор жана машина оңдоочу ишкалар бар. Шаарда «Якутиянын темир жолдору» компаниясынын кеңсеси жана анын бир катар негизги бөлүмдөрү жана ишканалары жайгашкан.
2019-жылы бюджеттин киреше боюнча аткарылышы 322 миллион рублди түзсө, чыгымдардын аткарылышы 325 миллион рублди түзгөн[17].
Галерея
түзөтүү-
Улуу Ата Мекендик согуш мемориал
-
Сталиндик репрессия курмандыктарына арналган эстелик
-
Чиркөө
-
Аскер техникасынын аллеясы
-
Борбор көчөсү
Булактар
түзөтүү- ↑ История Алдана
- ↑ Указ о присвоении почётного звания «Город трудовой доблести»
- ↑ Поспелов Е.М. Географические названия России: топонимический словарь
- ↑ 4.0 4.1 Р. А Агеева. Происхождение имен рек и озер
- ↑ 5.0 5.1 5.2 Население Алдана
- ↑ Таблица 5. Численность населения России, федеральных округов, субъектов Российской Федерации, городских округов, муниципальных районов, муниципальных округов, городских и сельских поселений, городских населенных пунктов, сельских населенных пунктов с населением 3000 человек и более
- ↑ Всесоюзная перепись населения 1939 года. Численность городского населения СССР по городским поселениям и внутригородским районам
- ↑ Всесоюзная перепись населения 1959 г. Численность городского населения РСФСР, ее территориальных единиц, городских поселений и городских районов по полу
- ↑ 9.00 9.01 9.02 9.03 9.04 9.05 9.06 9.07 9.08 9.09 9.10 Народная энциклопедия «Мой город». Алдан (город)
- ↑ Всесоюзная перепись населения 1970 г. Численность городского населения РСФСР, ее территориальных единиц, городских поселений и городских районов по полу
- ↑ Всесоюзная перепись населения 1979 г. Численность городского населения РСФСР, ее территориальных единиц, городских поселений и городских районов по полу
- ↑ Всесоюзная перепись населения 1989 г. Численность городского населения РСФСР, ее территориальных единиц, городских поселений и городских районов по полу
- ↑ Итоги Всероссийской переписи населения 2002 г.
- ↑ Всероссийская перепись населения 2010 года
- ↑ Численность населения Российской Федерации по муниципальным образованиям
- ↑ Итоги Всероссийской переписи населения 2020 года (по состоянию на 1 октября 2021 года)
- ↑ Отчет об исполнении бюджета за 2019 год