Амман (араб. عمان) — Иорданиянын борбору жана эң ири шаары. Байыркы убакта Раббат-Аммон, эллада-рим доорунда Филадельфия деген ат менен белгилүү. VII—IX кылымдарда Араб халифатынын курамында, 1516-жылдан тарта Биринчи дүйнөлүк согушка чейин Осмон империясынын курамында болгон.
Шаар
Желек
|
|
|
Амман губернаторлугунун административдик борбору. Зерка дарыясынын боюнда, өлкөнүн түндүк-батыш бөлүгүндө жайгашкан. Калкы 1,3 млн (2003). Жолдор тоому. Эл аралык маанидеги аэропорту бар. Нефть ажыратуу, тамак-аш, тамеки, текстиль, цемент ж. б. өнөр-жайлары иштейт. Университет, археологиялык. жана ислам музейлери бар. 1921-ж. Трансиордания эмирлигинин, 1946-жылдан көзкарандысыз Иорданиянын борбору. Байыркы Рим жана араб курулмаларынын урандылары сакталган.