Арашан (Аламүдүн району)
Арашан — Кыргызстандын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы айыл. Арашан айыл аймагына кирет. Аламүдүн суусунун сол өйүзүңдө жайгашкан.
Айыл
Арашан
|
Райондун административдик борбору — Лебединовка айылынан 25 км түштүк тарапта жайгашат, Аламүдүн темир жол бекетинен 23 км.
Тарых
түзөтүү1924-жылы негизделген.
Калк
түзөтүүКалкы ― 3452 (2019-жылы)[1], 3832 киши (2009-жылы)[2], 2700 (1986-жылы); мал чарбасында, дыйканчылыкта эмгектенишет.
Инфратүзүм
түзөтүүАйылда А. Стрельникова атындагы орто жалпы билим берүү мектеби, балдар бакчасы иштейт. Ошондой эле маданият үйү, мечит бар. 2016-жылдын 17-сентябрында «Газпром — балдарга» программасынын алкагында республикада «Газпром» ААК тарабынан курулган төртүнчү дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплекси ачылган[3]. 2019-жылы 50 керебеттүү оорукана ачылган[4][5].
Көрүнүктүү инсандар
түзөтүү- Бектембаев Ибраим (1896—1978) — «Аламүдүн» сүт асыл тукум совхозунун малчысы.
- Стрельникова Федосия Афанасьевна (1900—1960) — чарбалык жана мамлекеттик ишмер.
- Титов Фёдор Степанович (1913—1962) — «Аламүдүн» асыл тукум совхозунун бригадири.
- Жумагулов Апас Жумагулович (1934) — мамлекеттик ишмер.
- Атамбаев Алмазбек Шаршенович (1956) — мамлекеттик жана саясий ишмер.
- Жакупова Чолпон Идиновна (1959) — мамлекеттик жана коомдук ишмер.
- Коеналиев Турусбек Кармышевич (1962) — мамлекеттик ишмер.
- Ибраимов Албек Сабирбекович (1967) — мамлекеттик ишмер.
Булактар
түзөтүү- ↑ 1.0 1.1 Кыргыз Республикасынын облустарынын, райондорунун, шаарларынын, шаарчаларынын, айыл аймактарынын жана айылдарынын калкынын саны.
- ↑ Перепись населения Киргизии 2009. Чуйская область. Текшерилген күнү 26 -август (баш оона) 2014. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.
- ↑ В рамках программы «Газпром — детям» в Кыргызстане открыт новый физкультурно-оздоровительный комплекс. kyrgyzstan.gazprom.ru. Текшерилген күнү 28 -август (баш оона) 2019.
- ↑ Новая больница открылась в Арашане в пригороде Бишкека: Как она выглядит. kg.mirtv.ru. Текшерилген күнү 28 -август (баш оона) 2019. Түп булактан архивделген күнү 28 -август (баш оона) 2019.
- ↑ В системе здравоохранения в рамках “Таза коом” грядут большие перемены. Кыргыз Республикасынын Коомдук Телерадиоберүү корпорациясы. Текшерилген күнү 28 -август (баш оона) 2019. Түп булактан архивделген күнү 28 -август (баш оона) 2019.