Аркадаг (түркм. Arkadag) — 2019-жылы негизделген Түркмөнстандагы мамлекеттик маанидеги шаар.

Шаар
Аркадаг
Өлкө Түркмөнстан
Статус мамлекеттик маанидеги шаар
Координаттар 38°04′17″ с. ш. 58°03′56″ в. д.HGЯO
Аким Маммедова Гүлшат Сахыевна
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү 2019-жыл 10-апрель
Аянты 23,7 км²
Борборунун бийиктиги 227 м
Климатынын түрү кескин континентталдык
Убакыт аралыгы UTC+05:00
Калкы
Расмий тили түркмөн тили
Калкы 64 086 адам (2022)
Жыштыгы 2704 адам/км²
Агломерация Ашхабад агломерациясы
Улуттук курамы түркмөндөр
Диний курамы мусулмандар
Этнохороним аркадагтык, аркадагтыктар
Сандык идентификаторлор
Телефон коду 993 (12)
Автоунаа коду AH
Расмий сайты шилтеме
 (түркм.)  (орусча)  (англ.)
Аркадаг (Түркмөнстан)

Түркмөнстандын өзүнчө административдик-аймактык бирдиги же велаяттык (облустук) укуктары бар шаар болуп саналат.

Курулуш иштери азыркы учурда экинчи этабында, шаар долбоор боюнча 64 086 адамга ылайыкташкан жана шаарды куруу иштери 5 млрд АКШ долларына бааланган[1].

Этимология

түзөтүү

Жаңы шаардын «Аркадаг» деп аталышы Түркмөнстандын экинчи президенти Гурбангулы Бердымухамедовго (2007-2022) карата колдонулунган «Аркадаг» (коргоочу) наамы менен байланышкан[2]. «Аркадаг» термини расмий түрдө Түркмөнстандын жарандары, расмий кызматтары, бардык мамлекеттик маалымат каражаттары тарабынан Түркмөнстандын экинчи президентине карата гана колдонулат[3][4].

2018-жылдын күзүндө Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Ахал велаятынын жаңы административдик борборун куруу долбоорлору боюнча сунуштарды карап чыккан жана 2019-жылдын 4-мартында Ахал велаятынын жаңы административдик борборун куруу тууралуу токтомго кол койгон[5].

Шаарды куруу иштери расмий түрдө 2019-жылдын 10-апрелинде президент Гурбангулы Бердымухамедовдун катышуусунда башталган[6].

2022-жылдын аягында жаңы шаардын курулушунун биринчи этабынын көп бөлүгү аяктаган.

2022-жылдын 20-декабрында Түркмөнстандын Милли Генгеш Межлиси «Ахал велаятынын жаңы административдик борборун шаар категориясына киргизүү жана ага аталыш ыйгаруу жөнүндө» токтомун кабыл алган, ушул эле документтин негизинде Ахал велаятынын административдик борбору Аркадаг шаарына көчүрүлгөн[7].

2023-жылы 18-мартта Аркадаг шаарынын аймагында Крязек жана Горжав аталышындагы эки административдик этрап (район) түзүлгөн[8].

2023-жылы 23-мартта Аркадаг шаары Ахал велаятынын курамынан чыгарылып, шаарга Түркмөнстандын тарыхында биринчи болуп «мамлекеттик маанидеги шаар» макамы ыйгарылган[7].

2023-жылы 29-июнда Аркадаг шаарынын расмий ачылыш аземи болгон[9].

География

түзөтүү

Шаар Ахал велаятынын Гектеп этрабынын Горджав (мурдагы Коржоу) айылына тиешелүү айыл-чарба жерлеринде курулган. Жаңы шаардын аймагы Горжа айылы менен Аба Аннаев (мурда Чули) айылдарынын ортосундагы жерлерди толугу менен ээлеген. 2022-жылы 20-декабрда Аба Аннаев айылы Аркадаг шаарынынын курамына киргизилип, административдик бирдик катары жоюлган.

Шаарды куруунун биринчи этабында шаардын аянты 1002 га деп белгиленген, бирок Ахал велаятынын Гектеп этрабынын курамына чыгарылган аймактарды кошкондо, шаардын жалпы аянты 2370 га барабар.

Административдик-аймактык түзүлүшү

түзөтүү

2023-жылы 18-мартта Аркадаг шаарынын аймагында Крязек жана Горжав аталышындагы эки административдик район (этрап) түзүлгөн[8].

Шаарды куруу иштери

түзөтүү

Шаардын биринчи этабы 1002 га аянтта курулуп, куруу иштери 336 объекттерди камтыган[10]:

  • Акимчиликтин (мэриянын) административдик имараттары
  • Коомдук уюмдардын административдик имараттары
  • Мамлекеттик туунун флагштогу
  • «Ахал» монументи
  • Ахал чабандестер цирки
  • Жылкычылык илимий-өндүрүштүк борбору
  • Рухыет сарайы[11]
  • Довлетмаммед Азади атындагы Ахал велаятынын китепканасы
  • Үйлөнүү үлпөт борбору
  • Аман Гулмаммедов атындагы мамлекеттик драма театры
  • Музей
  • Ахал велаят мекемелеринин жана укук коргоо органдарынын имараттары
  • Банктардын филиалдары
  • Балдардын ден соолугун калыбына келтирүү борбору
  • Ден соолук үйү
  • 150 орундуу онкология борбору
  • 150 орундуу эне жана баланы коргоо борбору
  • 350 орундуу көп тармактуу оорукана
  • Тез жардам борбору
  • Эл аралык жылкы чарбачылыгынын академиясы
  • Ар бири 720 орундуу 4 жалпы билим берүүчү мектептер
  • 4 кесиптик орто мектептер (педагогикалык жана медициналык)
  • Ар бири 320 орундуу 10 бала бакча
  • Көп тармактуу спорт комплекси
  • Спорт борбору
  • 10 000 орундуу стадион[12][13]
  • Эки, беш, жети жана тогуз кабаттуу 258 үйлөр
  • 19 дүкөн
  • 3 турмуш-тиричилик үйү
  • Мейманкана
  • Соода, оюн-зоок борбору
  • Эс алуу аймагы
  • Акхандын (ат) айкели

Боордош шаарлары

түзөтүү
  •   Казань (2023-жылдан тартып)[14]
  •   Телави (2023-жылдан тартып)[14]
  •   Хужанд (2024-жылдан тартып)

Булактар

түзөтүү
  1. New city honouring Turkmenistan's leader to cost $5 billion
  2. Ж.Кужеков: Второму президенту Туркменистана придумали титул "Аркадаг"
  3. Второму президенту Туркменистана придумали титул «Аркадаг»
  4. За Бердымухамедовым закрепят титул "Аркадаг"
  5. Совместное заседание по реализации задач касательно города Аркадаг
  6. Председатель Халк Маслахаты Милли Генгеша благословил второй этап строительства города Аркадаг
  7. 7.0 7.1 Постановление Меджлиса Милли Генгеша Туркменистана об отнесении к категории города нового современного административного центра Ахалского велаята и присвоении ему наименования
  8. 8.0 8.1 Созданы хякимлики этрапов города Аркадаг
  9. Город Аркадаг в Туркменистане – официальное открытие создает возможности для инклюзивного партнерства
  10. Аркадаг шаарындагы имараттар
  11. Рухыет сарайы
  12. Аркадаг шаарынын стадиону
  13. 10-тысячный стадион в «умном» городе Аркадаг примет первый футбольный матч
  14. 14.0 14.1 Новый город Аркадаг стал побратимом Казани и Телави

Тышкы шилтемелер

түзөтүү