Беткайнар
Беткайнар (каз. Бетқайнар, мурда Успеновка) — Казакстандын Жамбыл облусунун Кордай районундагы айыл. Беткайнар айыл аймагынын административдик борбору. Казакстандын Чүй өрөөнүндө жайгашкан. ААБК коду - 314835100[1].
Айыл
Беткайнар 2024-ж
|
Тарыхы
түзөтүүАйылдын пайдубалы 1901-жылы түптөлгөн. 1996-жылга чейин «Көккайнар» кант кызылчасын өстүрүүчү ири борбор болгон. Анын негизинде азыр чарбалар, өндүрүштүк кооперативдер иштеп жүргүзөт.
Географиясы жана климаты
түзөтүүРайондун борбору Кордай айылынан 25 км түндүк-батыш тарапта, Чу дарыясынын оң жээгинде, Бишкек-Чу унаа жолунун кесилишинде жайгашкан. Айыл жери боз жана күрөң топурактуу. Жусан, дан чөптөрү, эфемердик өсүмдүктөр өсөт.
Бул жерде климат континенталдуу. Январдын орточо температурасы -11 — -13 °C, июлдун +22 — +24 °C. Жаан-чачындын жылдык орточо өлчөмү 350-400 мм, анын негизги көлөмү март-май жана ноябрь-декабрь айларына туура келет. Шамалдын күчүндө түндүк-чыгыш (34%) жана түндүк (16%) шамалы басымдуулук кылат. Туруктуу кар катмары ноябрдын акыркы аптасында пайда болуп, марттын экинчи аптасында бүтөт[2].
Инфратүзүмү
түзөтүүМаданий агартуу, саламаттыкты сактоо мекемелери, дүкөндөр бар
Калкы
түзөтүү1999-жылы айылдын калкы 4359 киши (2124 эркек жана 2235 аял) [3] болгон. 2009-жылдагы эл каттоого ылайык, айылда 4174 адам (2037 эркек жана 2137 аял) жашаган [3].
жылы | 1989 | 1999[3] | 2009[3] | 2021[4] | |
---|---|---|---|---|---|
адам. | 4,286 | ↗ 4,359 | ↘ 4,174 | ↗ 5,587 |
Галерея
түзөтүү-
сентябрь, 2024
-
сентябрь, 2024
-
сентябрь, 2024
-
сентябрь, 2024
-
сентябрь, 2024
-
сентябрь, 2024
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- «Қазақстан»: Ұлттық энциклопедия / Бас редактор Ә. Нысанбаев – Алматы «Қазақ энциклопедиясы» Бас редакциясы, 1998 ISBN 5-89800-123-9.
- Есназарова У. А. Физическая география Казахстана. — пятое, переработанное. — Алматы, Казахстан: АЛМАТЫ 2016, 2916. — С. 4, 51, 46, 8. — 247 с.
- Жетісу. Энциклопедия. — Алматы: «Арыс» баспасы, 2004. — 712 бет. ISBN 9965-17-134-3.
Булактар
түзөтүү- ↑ База КАТО. Агентство Республики Казахстан по статистике. Түп булактан архивделген күнү 27 -сентябрь (аяк оона) 2013.
- ↑ Бейсенова А., Карпеков К. Физическая география Казахстана. Учебник для 8 класса. — Алматы: Атамура, 2004. — 256 с.
- ↑ 3.0 3.1 3.2 3.3 Итоги Национальной переписи населения Республики Казахстан 2009 года. Агентство Республики Казахстан по статистике. Түп булактан архивделген күнү 13 -май (бугу) 2013.
- ↑ 2021 жылғы ұлттық халық санағының қорытындылары