Братислава – Словакиянын борбор шаары. Дунай дарыясындагы порточо Калкы 442,5 миң (2006). Өлкөнүн ири экономикалык борбору; жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Химиялык жана нефть-химиялык өнөр жай борбору. Машина куруу, тамак-аш-татымал, текстиль, тигүү, полиграфиялык өнөр жайы, университет, Словакия Илимдер академиясы, Словак улуттук галереясы иштейт. Азыркы Братиславанын аймагын байыркы кельт уруулары мекендешкендиги археол. казуулардан белгилүү. Биздин заманга чейинки 5-кылымда Братиславага славян уруулары отурукташа баштайт. 10-кылымда Братислава Пожонь деген ат менен Венгрия королдугунун курамына кирет. 13-кылымда Братиславаны немистер колониялап алып, Пресбург аталат. Түрктөр Буданы басып алгандан кийин (1541), Б. Венгрия королдугунун борбору, венгр королдору менен архиепископторунун резиденциясы (1784-ж. чейин). 1919-ж. 1-январынан Словакиянын башкы шаары. 1969–90-ж. Словакия Социалисттик Республиканын, 1990–92-жылдан Словакия Республиканын борбору. Град сепили (9–18-к.), шаар чептеринин калдыктары (13–18-кылым), готика стилиндеги чиркөө (Ыйык Мартин, 13–19-кылым), барокко жана классицизм стилиндеги сарайлар сакталган. Эл аралык фестивалдар (театр, кино, заманбап бийи) өткөрүлүп турат.
Отурукташкан жай
Желек
|
Герб
|
|
|
Өлкө |
СловакияСловакия
| Край |
БратиславаБратислава
| Координаттар |
48°08′41″ с. ш. 17°06′46″ в. д.HGЯO
| Тарыхы жана Географиясы
| Биринчи белгиленген |
907
| Мурунку аталышы |
Пожонь, Пресбург, Прешпорок
| Аянты |
368 км²
| Борборунун бийиктиги |
140 м
| Убакыт аралыгы |
UTC+1, жайында UTC+2
| Калкы
| Калкы |
▲ 462 603 адам (2012)
| Жыштыгы |
1171 адам/км²
| Улуттук курамы |
словактар (91,4%), венгрлер (3,8%), чехтер (1,9%), немистер (0,3%), поляктар, украиндер
| Диний курамы |
католиктер 56,7%, атеисттер 29,3%, лютеране 6 %, башкалар 4,7 %
| Этнохороним |
братиславалык, братиславалыктар
| Сандык идентификаторлор
| Телефон коду |
+421 02
| Почта индекстери |
8XX XX
| Автоунаа коду |
BA,BL
| Расмий сайты |
http://www.bratislava.sk/ (слов.) (англ.) (нем.)
|
|
Колдонулган адабияттар
түзөтүү