Батыш славян эли. Словакиянын негизги калкы. Словак тилинде сүйлөйт. Тили жана маданияты чехтерге жана моравтарга жакын. Ишенгендер католиктер.
Саны 6,2 млн.

Словактар (Slováci)
Мамлекеттер жана аймактар

Бардыгы: 6,2 млн
 Словакия — 4 352 775 (2011)
 АКШ — 797 764 (2000)
 Чехия — 147 152 (2014)
 Венгрия — 17 693 (2001)
 Польша
 Украина
 Румыния
 Сербия
 Хорватия
 Австрия
 Канада
 Австралия

Тили

словак

Дини

католицизм

Этноним

«Словак» этноними биринчи жолу 15-кылымда Чехияда, болжолдуу түрдө Прага университетинде айтылган.

Тарых

Байыркы убакта азыркы Словакиянын аймагын кельттер жана фракиялыктар, 1-5-кылымдарда германдар мекендеген. Славяндардын аймакка отурукташуусу 5-6-кылымдарга туура келет.
6-кылымдын 2-жарымынан 8-кылымдын аягына чейин бул аймак мезгил-мезгили менен Авар каганатынын бийлиги астында болгон. 628-658 жылдары аймак славяндык Само княздыгынын курамында болгон. 9-кылымдын башында словактардын ата-бабалары Нитра княздыгын түзүп, ал 833 жылы башка славян мамлекетинин – Улуу Моравия мамлекетинин курамына кирген. Улуу Моравия венгрлерден талкалангандан кийин (907 жылы) словак жерлери венгрлердин көзөмөлүнө өткөн. 10-11-кылымда словак жерлерин кезектешип поляктар жана чехтер басып алышкан. 11-кылымдын аягында словак жерлери акыры Венгриянын толук курамына кирген.
1241-1242-жылдары Словакия монголдордун кыйраткыч жортулуна дуушар болгон.
1428-1433-жылдары Словакиядагы гусчулардын жортуулдары.
14-15-кылымда валахтар Словакиянын тоолуу аймактарында отурукташкан. Мохач салгылашында (1526 жылы) венгрлер жеңилгенден кийин Словакиянын түштүк аймактары түрктөрдүн көзөмөлүнө өткөн (бул жерлер 17-кылымда бошотулган). Словакиянын негизги бөлүгү габсбургдардын бийлигине өткөн. 1867-1918-жылдары Словакия Австро-Венгрия империясынын Венгр королдугунун курамында болгон.
Чехиядан айырмаланып, германизация Словакияга анча таасир эткен эмес. Бирок Словакияда узак убакыт бою мадьярлаштыруу саясаты жүргүзүлүп келген. Буга карабастан словактар ​​өздөрүнүн улуттук өзгөчөлүгүн, тилин жана маданиятын сактап калышты. 19-кылымдын аягында словак улуту түзүлгөн.
Биринчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийин Чехия, Словакия, Моравия жана Закарпатье жаңы түзүлгөн Чехословакия мамлекетинин курамына кирген. 1938-1945-жылдары Словакия Польша, Венгрия жана фашисттик Германиянын оккупациясында болгон.
1993-жылы Словакия көз карандысыз мамлекет болгон.

Булактар түзөтүү

  • Грацианская Н. Н. Словаки: К проблемам этнокультурной истории / Отв. ред. д-р ист. наук М. С. Кашуба; Институт этнологии и антропологии им. Н. Н. Миклухо-Маклая РАН. — М.: ИЭА РАН, 1994. — 224 с. — 300 экз. — ISBN 5-201-00856-9. (обл.)