Гүлзура Жумакунова (Gulzura Jumakunova; 30.7.1954) – кыргыздын заманбап тилчи жана адабиятчы окумуштуу айымдарынын бири, котормочу, сөздүкчү, адабият таануучу, "Манас" дастанын изилдөөчү, булак таануучу, филология илимдеринин кандидаты. Ал - пост-советтик Борбордук Азиядан Түркияга илимий сапар менен барып, иштеп калып, Түркиянын борбор шаарындагы Анкара университетинде алгачкы болуп профессор илимий наамын алган окумуштуу-педагог.

Профессор Гүлзура Жумакунова. 24.01.2015.


Кыскача өмүр баяны түзөтүү

Гүлзура Жумакунова 1954-жылы 30-июлда Кыргызстандын Нарын облусуна караштуу Нарын районунда (мурдагы Тянь-Шань району) Он-Арча айыл кеңешине таандык Эчки-Башы кыштагында айыл интеллигентинин үй бүлөсүндө туулган .

Бала чагында элеттик кыздар жасачу иштердин бардыгын аткарганы маалым ("Чоң энем чөптөрдөн түрдүү дарыларды жасаган, кыргыздын элдик каада-салттарын, кол өнөрчүлүктүн бардык түрлөрүн жакшы билген адам эле", - дейт Г.Жумакунова). [1]

Атасы Жумакун айылдагы кадыр-барктуу аксакалдардын бири эле. Ал 2011-жылы июлда дүйнөдөн кайтты.

Апасы Батыйна мектепте, дүкөндө эмгектенген, айылда ардагер болуп, мурдараак дүйнөдөн кайткан.

Г.Жумакунова Бишкекте 9-10-класстарда окуганда жана студент кезинде жакын тууганы болгон кыргыздын атактуу диктору, журналист Капар Алиевдин үйүндө турганын, Разак Сайдилканов менен баш кошкондо да ушул агасынын үйүнөн узатылганын эскергени бар. [2]

Гүлзура Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети) Кыргыз филологиясы факультетинде таалим алган. Хусейин Карасаев, Жээнбай Мукамбаев, Зыяш Бектенов сыяктуу залкарлардын дарстарын уккан.

Гүлзура Жумакунова 1976-жылы Кыргыз Улуттук Университетинин Филология факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн.

1976-84-жж. Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясынын тил, адабият бөлүмүндө илимий редактор болуп иштеген. Ага устат катары академик Бүбүйна Орузбаева кыйла кеп-кеңешин берген.

1984-88-жылдары Г.Жумакунова Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясында Тил жана адабият институтунда аспирант болду.

1988-жылы “Манас” эпосундагы тиричилик лексикасы" темасында кандидаттык диссертациясын коргогон, СССР ЖАКынын чечими менен филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын алган.

1988-жылы Кыргыз мамлекеттик университетине (азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетине) педагогдук кызматка которулган.

1990-91-жж. Москва шаарында Москва Мамлекеттик Университетинде илимий стажировкадан өткөн.

1992-жылы доценттик наам алган.

1993-жылы Түркиянын борбору Анкара шаарындагы Анкара Университетинин чакырыгы менен Түркияга келген жана ошол мезгилден бери Анкара шаарында жашайт.

1993-94-жж. Анкара Университетинин TÖMER Тил үйрөтүү борборунда окутуучу.

1994-96-жж.Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Түрк кызматташтыгы жана өнүктүрүү агенттигинде чет элдик адис.

1996-2007-жж. Анкара университетинин Тил жана тарых-география факультетинде доцент.

2007-жылдан бери Түркиянын ордосундагы Анкара университетинде аты аталган факультетте профессор болуп иштеп келет.


Илимий ишмердиги түзөтүү

 
Профессор Гүлзура Жумакунова Кэмбриждеги илимий жыйында. 20.9.2011.

Гүлзура Жумакунова – кыргыздын заманбап тил жана адабият таануу илимдерине бараандуу салым кошкон, пост-советтик мезгилде Кыргызстан-Түркия мамлекеттери арасында илим, маданият жаатында көпүрө курган окумуштуу айым.

Негизги изилдөө тармактары - Манас таануу, Айтматов таануу, Кыргыз таануу жана түркологиянын жалпы маселелери.

Гүлзура Жумакунова 2005-жылы жарыяланган "Түркчө-кыргызча" сөздүктүн (50 миң сөз) автору.

1994-1996 жылдарда чыгармачыл жамаат тарабынан даярдалган "Кыргызча-түркчө" сөздүктүн (К-Я тамгалары) автордошу.

Кыргызстандын атынан ондогон эл аралык конгресс, симпозиум, конференцияларга катышып, ар түрдүү темада илимий баяндамалар жасаган.

Эмгектери кыргыз, орус, түрк, англис жана башка тилдерде жарык көргөн.

Коомдук жана журналисттик ишмердиги түзөтүү

Г.Жумакунова 1998-2008-жылдар арасында Түркиянын өкмөттүк ТРТ сыналгы жана үналгы башкы компаниясында атайын Кыргыз кызматында жетекчи болуп иштеп, бул кызматтын түптөлүшү жана өнүктүрүлүшүнө чоң салым кошкон.

Диаспора өкүлү түзөтүү

Г.Жумакунова Түркиядагы кыргыз диаспорасынын таасирдүү насаатчы өкүлү катары бул өлкөдөгү кыргыз жамаатынын ынтымагын чыңдап, алардын жергиликтүү маданий чөйрөдө байсалдуу иш алып барышына салым кошуп келет.

Бул тууралуу анын өзүнүн мындайча сөзү бар: "Чачылып жүрбөйлү деген максатта Анкара жана Стамбул шаарларында “Кыргыз достук маданият коому” түзүлүп, уюмдашкан түргө өттүк. Түрдүү салтанаттуу кечелерди, жыйналыштарды өткөрүп, чогулуп турабыз. Түркияда кылымдан бери келе жаткан кыргызды, жүзүбүздү тааныталы деген максатта абдан демилгелүү иштер жасалып жатат. К.Баялиновдун 110 жылдыгы өткөрүлсө, М.Элебаев тууралуу китеп даярдадык. Ч.Айтматовду эскерүү кечелери өтүп, ал тууралуу атайын журналдардын саны чыкты. Курманжан датканын 200 жылдыгына арналган чоң жыйын болду. Ошентип эл журт экенибизди билгизип, жүзүбүздү түрк туугандарыбызга тааныштырып келебиз. Биз кыргыздардын аксакалы катары балдарга баш көз болуп жыйналыштарын башкарып, кеп-кеңешибизди айтабыз. Бул жакта кыргыздарды накта, асыл түрк деп келишет. Биз да ошол асылдыгыбызды көргөзөлү деп чамдап жатабыз..." [3]

Үй-бүлөсү түзөтүү

Жубайы – белгилүү кыргыз ишкери Разак Сайдилканов.

Бир уул (Жоодар), эки кызы (Рахат, Карлыгач), неберелери бар.


Сыйлыктары. Наамдары. Даражалары түзөтүү

Г.Жумакунова "Анкара университетинин профессору" наамын пост-советтик Борбордук Азиядагы окумуштуулардын ичинен алгачкы болуп алган.

Г.Жумакунова 2014-жылы Кыргызстан Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча комиссиянын Ардак грамотасы менен сыйланган.

2014-жылы октябрда Токтогул фондунун сыйлыгына жана ТүркСОЙдун "Токтогулдун жылына" карата юбилейлик медалына татыган.

2021-жылы өзү туулуп-өскөн Он-Арча айыл өкмөтүнө караштуу Эчки-Башы айылынын китепканасына профессор Гүлзура Жумакунованын аты ыйгарылды.
18.06.2021 күнү Нарын облусунун, Нарын шаарынын, Нарын районунун райондук жетекчилери, эчки-башылыктар камтылган калың элдин катышуусу менен китепканага окумуштуу айымдын атынын берилишинин аземи өткөрүлдү.

Эмгектеринин чакан тизмеси түзөтүү

Китептери: түзөтүү

  • A.Aлымова, Г.Жумакунова, С.Молдобекова, A.Aйтбаева. Баштооч топтор үчүн көнүгүүлөр жыйнагы. - Бишкек: КМУ басмасы, 1991. - 104 бет.
  • Manas Destanı Kırgız Edebi Dilinin Tarihî Kaynağı. - Ankara: TİKA Yay.,1995.- 208 s.
  • Түркчө-кыргызча сөздүк. – Бишкек : Манас Ун. Жар., 2005. - 1000 бет.
  • Бытовая лексика эпоса «Манас» в сравнительно-историческом освещении. - Бишкек: Илим, 2006. – 155 стр. – Институт языка Нац. Акад. Кыргызской Республики.
  • Түрк лексикографиясынын тарыхынан: Түрк сөздүктөрүндө илимий принциптердин калыптанышы / Жооптуу редактор КР УИАнын академиги, филология илимдеринин доктору, профессор Б.Ө. Орузбаева. – Бишкек: Илим, 2009. – 308 бет.

Илимий макалалары: түзөтүү

«Манас» эпосу жана кыргыз фольклору боюнча:

  • “Манас” энциклопедиясы. (Кийим-кече, тамак-аш жана айрым түшүнүктөр боюнча макалалар). – Бишкек: Кыргыз Энц. Башкы Ред., 1995.
  • ”Semetey Destanı”. “Jodarbeşim Destanı” // Türk Dünyası Edebiyat Metinleri Ansiklopedisi. - Анкара: Atatürk Kült. Merk. Yay., (IV), 2003.- 132-229s.
  • “Kırgızların Mitolojik İçerikli Destanlarından “Kococaş” Destanı”. (Кыргыздардын мифологиялык эпосторунан «Кожожаш» эпосу). // Modern Türklük Araştırmaları журналы. Т. IV, № 2, 2007. - 36-46.
  • “Manas”taki Dil Katmanları Hakkında. («Манастагы тилдик катмарлар жайында»). // Ankara Üniversitesi Dil Dergisi, 1994, Ankara. - 43-49.
  • Manasçılar ve Manas Destanı Araştırmacıları. (Манасчылар жана «Манас» эпосун изилдөөчүлөр). // Türk Lehçeleri ve Edebiyatları Dergisi, № 3, Ankara, 1995. - 90-93.
  • Киргизско-монгольские лексические соответствия в эпосе «Манас» (На материала наименований одежды). // “Тюркология - 88”. Тезисы докладов и сообщ. V Всесоюзной тюркологической конференции.- Фрунзе: Илим, 1988. - 621-623.
  • The Archaic Vocabulary of The Manas Epos. “Manas” Epos and the World’s Epic Heritage. // Theses of the İnternational Scientific Sympozium Devoted to the “Manas” Epos Millennial Anniversary (August 25-28,1995).- Бишкек, 1995. - 49-50.

“Manas Destanındaki Batıl İnançlar”. («Манас» эпосундагы эски ишенимдер). 1995 Dünya Hoşgörü-Manas-Abay yılı YII. Uluslararası Türk Halk Edebiyatı Semineri ve Uluslararası Türk Dünyası Kültür Kurultayı Bildirileri. – İstanbul,1996. - 49-52.

  • “Abdülkadir İnan’ın Manas Destanı Üzerinde Çalışmaları”. (Абдулкадир Инандын «Манас» эпосу боюнча изилдөөлөрү). // Türkiye Cumhuriyeti Devletine Hizmeti Geçen Türk Dünyası Aydınları Sempozyumu Bildirileri. – Анкара,1996.- 149-155.
  • Архаическая лексика эпоса «Манас» и некоторые проблемы его изучения. // Тезисы докл. межд. научн. симпоз. посв. 1000 летию эпоса «Манас». – Бишкек, 1995. - 126-128.


Чынгыз Айтматов жана кыргыз адабияты боюнча:

  • Şeker’den Dünyaya Açılan Pencere. (Шекерден дүйнөгө ачылган терезе). // AKM Bilge Dergisi, № 18 Güz, 1998. - 7-13.
  • Ulu Sözün Uzantısı”. (Улуу сөздүн учугу). // Doğumunun 70. Yıl Dönümünde Cengiz Aytmatov Uluslararası Bilgi Şöleni Bildirileri, Ankara: Atatürk Kült. Merk. Yay., 1998. - 55-63.
  • Kırgız Romanının Gelişmesi. (Кыргыз романынын өнүгүшү). // IV. Türk Dünyası Yazarlar Kurultayı Bildirileri. – Ankara, 1998. - 45-53.


  • Büyük Türkolog, Edebiyatçı Prof.Dr.Salijan Jigitov’u Kaybettik:Vefeyat.(Атактуу түрколог Проф.Др Салижан Жигитовдон айрылдык: Некролог). // Modern Türklük Araştırmaları Dergisi. №1, Mart, 2006.- 179-181.
  • Al Oğlunu Qoynuna, Ana Topraq! (Ал уулуңду койнуңа, Жер эне!) // Çingiz Aytmatov: Mәn Manas Oğluyam. /Ç.Aytmatov haqqinda sәnәdler, mәkәlәlәr, xatirәlәr, müsahibәlәr: fotoşәkiller. – Bakı: Nurlan, 2009. – 263-265 (Azerbaycan dilinde).
  • “Al Koynuna Oğlunu Toprak Ana”. (Ал уулуңду койнуңа, Жер эне!). // Modern Türklük Araştırmaları Dergisi. Cilt 5, № 2, Haziran, 2008. - 159-164.
  • “Al Koynuna Oğlunu Toprak Ana”. (Ал уулуңду койнуңа, Жер эне!). // Kardeş Kalemler Aylık Avrasya Dergisi. Haziran Cengiz Aytmatov Özel Sayısı, 2008. - 17-22.
  • “Cengiz Aytmatov İkinci Kimliğimizdi”. (Чынгыз Айтматов экинчи күбөлүгүбүз болчу). // Türk Dili. Türk Dil Kurumu Dil ve Edebiyat Dergisi. Cilt XCVIII, № 702 (Haziran), 2010. - 1182-1190.
  • Ар улутка генийлер келе бербейт. // Кыргыз Туусу газетасы, 24-27 – октябрь, 2008. -14-15.
  • “Mukay’ın Mirası”. (Мукайдын мурасы). // Kardeş Kalemler Aylık Avrasya Dergisi. Мукай Элебаев атайын номери. 2011.

Кыргыз тили боюнча:

  • Kırgız Türkçesi (Кыргыз тили). // Türkler Ansiklopedisi. - Ankara:Yeni Türkiye Yay. Cilt 19, 2002.- 596-606.
  • Kırgız Türkçesinin Tarihsel Aşamaları Üzerine Düşünceler. (Кыргыз тилинин тарыхый баскычтары тууралуу ойлор). // Çağdaş Türklük Araştırmaları Sempozyumu Bildirileri. Ankara: Ankara Ün. Yay., 2002. - 74-93.
  • Kırgız ve Kıbrıs Türkçesi Atasözlerindeki Paralelizm”. (Кыргыз жана Кипр түрк макалдарындагы параллелдиктер). // II Uluslar arası Kıbrıs Araştırmaları Kongresi (24-27 Kasım,1998) Bildirileri. Doğu Akdeniz Ün.Yay. C. 4.- Gazimagosa (Кıbrıs), 1999. -121-131.
  • «Түркчө-кыргызча сөздүктүн» жарык көрүшүнүн артынан. // Известия Национальной Академии наук Кыргызской Республики. № 4. 2006. - 116-122.
  • Kırgız Türkçesinde Arapçadan Alıntı Kelimeler (Кыргыз тилинде арапчадан кирген сөздөр). // Hacettepe Üniversitesi Türkiyat Araştırmaları Dergisi. Sayı 8-9, 2008.-101-119.
  • Соотношения семантической нагрузки в сложных глаголах кыргызского языка. // Синтаксические конструкции. Сборник научных статей. – Казань: Изд-во Центр. КГУКИ, 2009.- 67-76.
  • О работах Е.Р.Тенишева по древнекыргызскому языку. // Жизнь, посвященная тюркологии. К 90-летию со дня рождения известного тюрколога академика Е.Р.Тенишева. Сборник научных статей.– Казань, 2011, стр. 49-61.
  • Түрк тилдери котормо сөздүқтөрүндө норма маселеси. (Problems of Norms In Translation Dictionaries of Turkic Languages) . // Бишкек, Журнал Известия Вузов, №.8, 2009. -180-185.
  • Türk Dilleri Arası Çeviri Sözlüklerinde Terim Meselesi. (Түрк тилдери арасы котормо сөздүктөрүндө термин маселеси). // Tetkikler. Azerbaycan Millî Әlimler Akademiyası Nәsimi Adına Dilçilik İnstitutu. Bakı, 2010. № 1. - 244-257.


  • Түрк лексикографиясы жана бүгүнкү қүндөгү маселелери. (Turkic Lexicografy and Its Current Problems). // Academic Reviev. Journal of American University of Central Asia. №2 (12), Bishkek, 2011. - 133-142.
  • Comparative Analysis Terms of Horse-Breeding in Kyrgyz and Turkmen Languages // Turkmen Horse and Horse Breeding in the Art World. Abstracts of Reports of the İntenational Scientific Conference. April 24-25, 2009. – Aşgabad, 2009. - 177.
  • Language And Stylistic Commonalities Of Uigurian Varyant Of The Epos “Oguz Kagan” Which Incovered In The Process Of Translation From Uigur Into Kyrgyz Language”. // Plot Of Oguznama As Historical And Cultural Source. Abstracts of Reports of the İnternational Scientific Conference Octоber 14-15 2010. – Ashkabat, 2010. -187-188.
  • Türk Dillerinin Yapısal ve Semantik Farklılıklarının Örneği Olarak Birleşik Fiiller. (Татаал этиштер мисалында түрк тилдеринин структуралык жана семантикалык өзгөчөлүктөрү). // İCANAS 38 INTENATİONAL CONGRESS of ASİAN and NORTH AFRİCAN STUDİES. 10-15.2009. Ankara -Turkey. Papers Linguistics, Gramer and Language Teaching, V.I, Анкара, 2011. – 369-380.
  • Türk Sözlük Biliminin Etkileşim Alanları (Түрк лексикографиясынын таасир чөйрөлөрү). // İstanbul, Dil ve Edebiyat Araştırmaları Dergisi. Sözlükbilimi Özel Sayısı. Yaz. 04. 2011.-15-30.
  • Кыргыз лексикографиясынын башаты Кашкарлык Махмуттун «Дивану лугат-ит-түрк» сөздүгүнүн типологиялык өзгөчөлүктөрү». // K.Kарасаев атындагы Бишкек Гуманитардык Университетинин илимий журналы. №2 (19), 2011. - 258-262 .
  • Кыргыздар колдонгон жазуулар. // Кыргыз улуттук энциклопедиясы, 2-бас., 2011.


Кыргыз тарыхы жана этнографиясы боюнча:

  • Nooruz Bayramı: Doğa ile İnsanın Bütünlüğünün Simgesi (Нооруз майрамы: адам менен табияттын бүтүндүгүнүн символу) // AKM Bilge Dergisi, sayı 12 Bahar, 1997.- 5-8.
  • Bir Kere Daha “Kırgız” Etnonimi Üzerine”. (Дагы бир жолу «кыргыз» этноними тууралуу). // IV. Uluslar arası Türk Dili Kurultayı Bildirileri. (24-29 Eylül 2000, İzmir-Çeşme). - Ankara, 2007. - 361-368.
  • “Eşitliğin ve Paylaşmanın Simgesi Nevruz” // Azerbaycan Bilimler Akademisi Folklor Enstitüsü Elmi Axtarishlar Dergisi, №1, (2011). s.62-70.
  • “Bir Kırgız Dostuna, Ethem Tenişev’e Tazim”. // Modern Türklük Araştırmaları Dergisi. Cilt 4, sayı 3, Eylül, (2007). 18-25.
  • Milli Ruhun Nyşany: Boz Üy. (Улуттук духтун символу: Боз үй). // Edebiyat we Sungat Gazetesi. 7 Eylül, 2007. - (Түркмөн тилинде).
  • Comparative Analysis Terms of Horse-Breeding in Kyrgyz and Turkmen Languages // Turkmen Horse and Horse Breeding in the Art World. Abstracts of Reports of the İntenational Scientific Conference April 24-25, 2009. – Ashkabad, 2009. - 177.
  • “Kırgız ve Türkmen Türkçelerinde Atçılık Terminolojisi”.(Кыргыз жана түркмөн тилдеринде атчылык терминологиясы). // Modern Türklük Araştırmaları Dergisi. Cilt 6, Sayı 2 (Haziran), 2009. - 159-164.
  • “Kırgızların Nevruz Kutlamalarında Eski Türk İnançlarının İzleri”.(Кыргыздардын Нооруз майрамында эски түрк ынанчынын издери). // Türk Dünyasında Nevruz III. Uluslararası Bilgi Şöleni Bildirileri. Ankara: Atatürk Kült. Merk. Yay.,1999. - 75-81.
  • “Kırgız” Etnoniminin Kökeni Üzerine(«Кыргыз» термининин этимологиясы тууралуу // “Ordinaryüs Profesör Doktor Bübiyna Oruzbaeva Armağanı” Ankara: TDK Yay., 2012.- 38-47.
  • XIX кылымда бир кыргыз жигити даярдаган «Кыргыз сөздүгү» Түркиядан табылды // Kыргыз Туусу, 2009, 13 февраль , №10, 10-б.; № 11, 10-б.


Котормолору түзөтүү

Ислам дини тууралуу:

  • Сүрөттөрү менен намаз. (Түркчөдөн кыргызчага). Анкара : Diyanet İşl. Başk. Yay.,1993. - 111 б.
  • Мусулмандын чөнтөк китеби: Ислам дининин эрежелери. (Түркчөдөн кыргызчага).- Ankara: Diyanet İşl. Başk. Yay.,1995. - 136 б.
  • Сиер-и Неби: Азирети Пайгамбардын өмүрү. (Түркчөдөн кыргызчага). - Анкара: Diyanet İşl.Başk.Yay.,1996.- 141 б.
  • Куран окууга киришүү: Алфавит. (Түркчөдөн кыргызчага).- Анкара: Diyanet İşl. Başk.Yay.,2000. - 71 б.
  • Исламдын кыскача баяны. (Түркчөдөн кыргызчага).- Анкара: Diyanet İşl. Başk. Yay., 2000. - 48 б.
  • Сейфеттин Языжы: Ынангандардын күч булагы дуба. (Түркчөдөн кыргызчага). - Анкара: Diyanet İşl. Başk.Yay.,2002.- 96 б.
  • Лүтфи Шентүрк: Исламда ынанчтын башаттары: Акаид. (Tүркчөдөн кыргызчага). - Анкара: Diyanet İşl. Başk.Yay.,2001.- 95 б.


Илимий-популярдык адабият: түзөтүү

  • Түрктөр тууралуу эмне дешкен экен. (Түркчөдөн кыргызчага). - Анкара: Engin Yayınevi, 1996. -70 б.
  • Анархан Надирова: Tabiat Derdin Devası. Bitkilerle Tedavi. (Кыргызчадан түркчөгө).- Ankara: Atatürk Kült.Merk. Yay.,2000. - 210s.
  • Türk Dünyası Edebiyat Kavramları ve Terimleri Ansiklopedik Sözlüğü. (Түрк дүйнөсү адабий түшүнүктөрү жана терминдеринин энциклопедиялык сөздүгү. - Кыргызчадан түркчөгө).- Анкара: Atatürk Kült. Merk. Yay.,2001-2004, I-IV. -(Кыргызча бөлүмдөрүн даярдады).
  • Айдын Топалоглу: Атеизм жана анын сындалышы. (Түркчөдөн кыргызчага). - Анкара: Diyanet İşl. Başk.Yay.,2003.- 206 б.
  • Алпарслан Ѳзязыжы: Алкоголдуу ичимдиктер, чылым жана башкалар.(Tүркчѳдѳн кыргызчага).-Анкара: Diyanet İşl. Başk.Yay.,2003.-188 б.
  • Türk Dünyası Edebiyat Metinleri Ansiklopedisi: Kırgız Destanları.(Түрк дүйнөсү адабий тексттери энциклопедиясы: Кыргыз эпостору.- Кыргызчадан түркчөгө). - Анкара: Atatürk Kült. Merk. Yay.,2003. Т.IV. - 466 б.
  • Мевлана Желаледдин Руми. 800 жылдыгы жана UNESCOнун Мевлана жылдыгына арноо.( Түркчөдөн кыргызчага). - Кония: İl Kültür ve Turzim Müd. Yay.,2007. - 55 б.
  • Чоротегин Т., Молдокасымов К., Liseler İçin Ortak Türk Tarihi : Kırgızistan Tarihi. (Лицейлер үчүн орток түрк тарыхы: Кыргызстан тарыхы.- Кыргызчадан түркчөгө).- Анкара: Türk Tarih Kurumu.

Балдар адабияты: түзөтүү

  • Рахат Разак менен бирге. Балдар ангемелери.( Түркчөдөн кыргызчага).-Анкара: Diyanet İşl. Başk.Yay.,1999. - 112 б.
  • Енгин Косеоглу: Тонтон эне. (Түркчөдөн кыргызчага). - Анкара: Diyanet İşl. Başk.Yay., 2001.- 88 б.
  • Вели аба. (Түркчөдөн кыргызчага). - Анкара: Diyanet İşl. Başk.Yay.,2003. - 136 б.

Анын редакторлугунда жарык көргөн китептер түзөтүү

  • Полат Кемал: Beşikten Mezara Kadar Kırgız Türklerinde Gelenek ve İnanışlar (Бешиктен өмүрүнүн акырына чейин кыргыз түрктөрүндө каада-салттар).- Анкара: Diyanet Vakfı Yay., 2005.- 300s.
  • Ordinaryüs Profesör Doktor Bübiyna Oruzbaeva Armağanı.(Академик Бубийна Орузбаевага тартуу)//Илимий макалалар жыйнагы. Даярдаган, кириш сөз, редактор Г.Жумакунова. – 201s. (Түрк Tил Kоомунда басылуу алдында).
  • Гүлдана Мурзакулова, Абдрасул Исаков. Түркияда билим алган кыргызстандык магистрант жана докторанттардын диссертациялары (1992–2012) / Редактор проф., доктор Гүлзура Жумакунова. – Анкара, 2014. – 58 бет. - Кыргызстан достук жана маданият коому чыгармалары: 1.

Анын илимий жетекчилигинде жакталган диссертациялар түзөтүү

  • Айсел Байток. Kırgızcadan Türkçeye Çeviri Meseleleri.(Кыргызчадан түркчөгө котормо маселелери), 2003.
  • Селма Өзен. Konu ve Yapı Bakımından Kırgız Peri Masalları.(Кыргыз сыйкырдуу жомоктору. Тематикалык жана композициялык анализ.),2008.


Ал тууралуу адабият түзөтүү

  • Мамбеталиев, Сулайман. Баян: Тарыхый-адабий жыйнак / Жыйнакты түзгөн жана баш редактору Гүлмира Мамбеталиева. Китепти каржылаган Аскар Мааткабыл уулу Салымбеков. – Бишкек, 2008. – 282 бет, сүрөттөр. – (Мында: 138-бетте). – ISBN 978-9967-25-256-1.
  • Türk Dünyası Edebiyatçıları Ansiklopedisi (Түрк Дүйнөсү адабиятчылары энциклопедиясы). - Анкара: Atatürk Kült.Merk. Yay., Сilt 2, 2002. – s.485.
  • Tanrı Dağların Anadolu’daki İlk Profesör Kızı Gülzura Cumakunova / Hazırln. Yakup Ömeroğlu. – Ankara: Bengü Yayinlari, 2018. – ISBN 6059148825. – 274 s.
  • Чоротегин Т. Элеттен Евразияга жол: Түркиядагы туңгуч кыргыз профессору Гүлзура Жумакун кызы // Tanrı Dağlarının Anadolu’daki İlk Profesör Kızı Gülzura Cumakunova / Editörler Abdrasul İsakov, Güldana Murzakulova Editör Yardımcıları Aysel Baytok, Nazgül Kadyrova. Ankara, Bengü, 2018. – 1.Baskı. – 274 s. – ISBN 978-605-9148-82-5. – Bengü Yayınları: 186. Kırgız Edebiyatı: 19. – Б. 59–70.

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү

Айылдаштары. Мекендештери. Ар кыл сүрөттөр түзөтүү

 
Жазуучу Кеңеш Жусупов өзүнүн туулуп-өскөн Он-Арча айылында. Нарын району, Нарын облусу, Кыргызстан. 04.10.2012.


 
Кыргыз архитектор айымы Вера Алиева (1940-2014). Бишкек шаары, Кыргызстан. 2012-жылдын 20-октябры.
 
Жазуучу Кеңеш Жусупов жана генерал Бейше Молдогазиев өз жердештери менен. Он-Арча айылы, Нарын облусу, Кыргызстан. 04.10.2012.
 
Журналист, ардагер Сулайман Мамбеталиев өзүнүн Он-Арча айылында жакын туугандары Жумамүдүн Кадырмамбетов жана анын уулу Таалайбек Жумамүдүн уулу менен. Нарын району, Нарын облусу, Кыргызстан. 27.9.2012.


Ички шилтемелер түзөтүү

  1. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 30 -июль (теке) 2017. Түп булактан архивделген күнү 1 -декабрь (бештин айы) 2023.
  2. http://www.trt.net.tr/kyrgyz/video/madaniiat-zhana-chiebierchilik/gulzura-zhumakunova-mienien-baarlashuu
  3. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 30 -июль (теке) 2017. Түп булактан архивделген күнү 1 -декабрь (бештин айы) 2023.