Дублин – Ирландиянын борбор шаары. Ирландия аралынын чыгышында, Лиффи дарыясынын чатында жайгашкан. Калкы 1 045 769 киши (2006). Өлкөнүн башкы порту. Эл аралык аэропорту бар.
Отурукташкан жай
Дублин
Желек
|
Герб
|
|
|
Өлкө |
ИрландияИрландия
|
Координаттар |
53°20′33″ с. ш. 6°15′57″ в. д.HGЯO
|
Башчысы |
Жерри Брин
|
Тарыхы жана Географиясы
|
Негизделген күнү |
841
|
Биринчи белгиленген |
140
|
Аянты |
114,99 км²
|
Борборунун бийиктиги |
1690 м
|
Климатынын түрү |
мээлүүн деңиз климаты
|
Убакыт аралыгы |
UTC0, жайында UTC+1
|
Калкы
|
Калкы |
▲ 1 045 769 адам (2006-жыл)
|
Жыштыгы |
227 адам/км²
|
Агломерация |
▲ 1 700 627
|
Улуттук курамы |
ирланддар (82,8 %), англичандар (5 %), башка улуттар (8 %)
|
Диний курамы |
католиктер (81,0 %) атеистер (7,8 %), мусулмандар (2 %)
|
Этнохороним |
дублиндик, дублиндиктер
|
Сандык идентификаторлор
|
Телефон коду |
+353 1
|
Почта индекси |
D1-18, 20, 22, 24, D6W
|
Расмий сайты |
http://www.dublincity.ie/ (ирл.)
|
|
Алгач 3-кылымдан эскерилет. 1922-ж. Эркин Ирландия мамлекетинин, 1949-жылдан Ирландия Республикасынын борбору. Машина куруу (анын ичинде кеме), металл иштетүү, тамак-аш –татымал, текстиль, тигүү өнөр жай ишканалары иштейт. Сепил-сарай (учурда Юстиция сарайы, 13-кылым), готика стилиндеги Крайст-чёрч (11–13-кылым) чиркөөсү жана Сент-Патрик (12–14-к.) собору, ратуша сакталган. Бир нече музей (анын ичинде улуттук, заманбап искусство, сүрөт жана башка), китепканалар, университет, Улуттук галерея, королдор музыкасы жана Ирландия королдор академиялары, театрлар (1948-жылдан театр фестивалдары өткөрүлөт) бар. Шаардан 48 км аралыкта Египет пирамидаларынан 700 жыл илгерки Ньюгрэж эң эски кабырстаны сакталган.
- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1