Ислам майрамдары
Ислам майрамдары – исламдагы майрамдар (кубаныч күндөрү) болуп саналат жана эки негизги майрамдан – Орозо айт жана Курман айттан турат. Майрамдарды белгилөө улутка жана маданиятка, ошондой эле ислам секталарына (суннилер жана шииттер) жараша өзгөрүшү мүмкүн. Мусулман майрамдары камари календарына негизделген болуп, шамси календарына салыштырмалуу жыл сайын өзгөрүп турат. Ислам календарында 12 ай жана 354-355 күн бар. Сунниттер менен Шииттердин календары дайыма эле дал келе бербейт. Кээде бир эле майрам шииттерде белгиленет, ал эми суннилерде башка күнү, адатта катары менен белгилениши мүмкүн.
Айт
түзөтүүОрозо айт (Иид аль-Фитр)
түзөтүү- Иид (عيد) – араб сөзү, кыргыз тилинде «майрам», «айт» жана Фитр сөзү орозо дегенди билдирет. Иид аль-Фитр (عيد الفطر) же орозо – Рамазан айынын аягында белгиленүүчү майрам. Рамазан айында мусулмандар таң аткандан күн батканга чейин орозо кармашат, башкача айтканда, жеп-ичүүдөн, жыныстык катнаштан алыс болушат. Орозо айт Рамазан айынын акыркы күнү күн баткандан кийин башталат. Бул майрам Кыргызстанда да мусулмандар тарабынан кеңири белгиленип, жалпы улуттук майрам күнү катары жарыяланган жана бул күн эс алуу күнү деп белгиленген.
Курман айт (Ид аль-Адха)
түзөтүү- Ид аль-Адха (عيد الأضحى) же Курман айт, Орозо айттан болжол менен 70 күндөн кийин белгиленет. Бул майрам Ибрахим пайгамбардын урматына белгиленет. Ислам дини боюнча Ибрахим пайгамбар Кудайга болгон берилгендигин көрсөтүү үчүн уулун курмандыкка чалууга даяр болгон. Бул майрамдын салты боюнча кой же бодо мал союлуп, эттери үй-бүлөсүнө, досторуна, муктаж болгондорго таратылат. Курман айт ошондой эле Меккеге зыяраттын аяктаганын билдирет. Рамазан майрамы сыяктуу эле, Курман айт Кыргызстанда жалпы улуттук майрам катары таанылган жана бул күн эс алуу күнү.
Унутулгус күндөр жана түндөр
түзөтүүМусулмандар эки Айт майрамын эске албаганда кеңири белгиленбеген даталар (күн жана түндөр) бар, бирок алар кээ бир мусулман өлкөлөрүндө дагы деле майрамдалып келет.
- Мухаррам айынын 7-күнү – Хайбарга жүрүш. Сафар айынын 27-күнү – Мухаммад (САВ) Меккеден Мадинага (хижра) көчкөн түн. Рамазан айынын 1-күнү – Рамазан айында орозонун башталышы. Рамазан айынын 17-күнү – Бадр согушу. Рамазан айынын 21-күнү – Меккени багындыруу.. Шаввал айынын 9-күнү – Ухуд согушу. Шаввал айынын 9-күнү – Хунайн согушу. Шаввал – Хандак согушу. Зулкада айынын 6-күнү – Худайбия келишими.
Хижра жыл санагы боюнча жаңы жылдын башталышы. Ыйык Мухаррам айынын биринчи күнү. Көпчүлүк мусулман өлкөлөрүндө Жаңы жыл майрам катары белгиленбейт. Бул күнү мечиттерде Мухаммед (САВ) пайгамбардын 622-жылы Меккеден Мадинага көчүшүнө арналган кутба окулат[1].
Пайгамбардын (Мухаммед с.а.в.) төрөлүшү.
түзөтүүПайгамбарыбыз Мухаммеддин (Мавлид ан-Наби) туулган күнү Рабиул-аввал айынын 12-күнүндө белгиленет. Мухаммеддин туулган күнү ислам дини келгенден 300 жыл өткөндөн кийин белгилене баштаган. Мухаммеддин туулган күнү так белгисиз болгондуктан, бул эсте каларлык күн анын каза болгон күнүнө туура келген. Исламда туулган күн жупуну белгиленет, кээде таптакыр белгиленбейт. Тескерисинче, түбөлүк өмүргө төрөлүү катары түшүнүлгөн өлүм күндөрү дагы салтанаттуу белгиленет[2].
Кадыр түн (Лайлатуль кадр)
түзөтүүКадыр түн – ыйык Рамазан айындагы бардык мусулмандар үчүн эң маанилүү түн. Бул түнү Мухаммед пайгамбарга Ыйык Курандын алгачкы сүрөлөрү түшүрүлгөн. Бул түндүн так датасы белгисиз, Рамазан айынын акыркы күндөрү, айрыкча так күндөрү маанилүү деп эсептелет. Көпчүлүк мусулмандар Рамазан айынын жыйырма жетинчи күнүнүн түнүнө көңүл бурушат[3].
Булактар
түзөтүү- ↑ „Новый год по Хиджре“. Түп нускадан архивделген, 2011-жылдын 21-ноябрында. Текшерилген күнү: 3-декабрь, 2011-жыл.
- ↑ „Маулид ан-Наби (Рождество Пророка Мухаммеда)“. Түп нускадан архивделген. 21-ноябрь, 2011-жыл. Текшерилген күнү: 3-декабрь, 2011-жыл.
- ↑ „Ляйлят уль-кадр (Ночь Могущества, Предопределения)“. Түп нускадан архивделген. 21-ноябрь, 2011-жыл. Текшерилген күнү: 3-декабрь, 2011-жыл.