Какпатас
Какпатас (каз. Қақпатас, 1993-жылга чейин — Рисороб[1]) — Казакстан Республикасынын Жамбыл облусунун Кордай районундагы айыл. Какпатас айыл аймагынын административдик борбору. ААБК коду - 314838100[2].
Айыл
Какпатас 2024-ж
|
Тарыхы
түзөтүү1989-жылы Казак мамлекеттик университетинин археологиялык экспедициясы (жетекчиси М. Е. Елеуов) X-XII кылымдарга таандык Какпатас конушун таап, изилдеген.
Географиясы жана климаты
түзөтүүРайондун борбору Кордай айылынан 32 км түндүк-батышта жайгашкан.
Бул жерде климат континенталдуу. Январдын орточо температурасы -11 — -13 °C, июлдун +22 — +24 °C. Жаан-чачындын жылдык орточо өлчөмү 350-400 мм, анын негизги көлөмү март-май жана ноябрь-декабрь айларына туура келет. Шамалдын күчүндө түндүк-чыгыш (34%) жана түндүк (16%) шамалы басымдуулук кылат. Туруктуу кар катмары ноябрдын акыркы жумасында пайда болуп, марттын экинчи жумасында бүтөт[3]
Калкы
түзөтүү1999-жылы айылдын калкы 1290 киши болгон (628 эркек жана 662 аял) [4] . 2009-жылдагы эл каттоого ылайык, айылда 1485 адам жашаган (742 эркек жана 743 аял) [4].
жылы | 1989 | 1999[4] | 2009[4] | 2021[5] | |
---|---|---|---|---|---|
адам. | 1,276 | ↗ 1,290 | ↗ 1,485 | ↗ 2,105 |
Галерея
түзөтүү-
сентябрь, 2024
-
сентябрь, 2024
-
сентябрь, 2024
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- «Қазақстан»: Ұлттық энциклопедия / Бас редактор Ә. Нысанбаев – Алматы «Қазақ энциклопедиясы» Бас редакциясы, 1998 ISBN 5-89800-123-9.
- Есназарова У. А. Физическая география Казахстана. — пятое, переработанное. — Алматы, Казахстан: АЛМАТЫ 2016, 2916. — С. 4, 51, 46, 8. — 247 с.
- Жетісу. Энциклопедия. — Алматы: «Арыс» баспасы, 2004. — 712 бет. ISBN 9965-17-134-3.
Булактар
түзөтүү- ↑ Об упорядочении тpанскрибирования на pусском языке казахских топонимов, наименовании и переименовании отдельных административно-теppиториальных единиц Республики Казахстан.
- ↑ 2009 жылғы Қазақстан Республикасы халқының Ұлттық санағының қорытындылары. Астана 2011. 1 том, archived from the original on 2019-12-08, retrieved 2021-01-01
- ↑ Бейсенова А., Карпеков К. Физическая география Казахстана. Учебник для 8 класса. — Алматы: Атамура, 2004. — 256 с.
- ↑ 4.0 4.1 4.2 4.3 Итоги Национальной переписи населения Республики Казахстан 2009 года. Агентство Республики Казахстан по статистике. Түп булактан архивделген күнү 13 -май (бугу) 2013.
- ↑ 2021 жылғы ұлттық халық санағының қорытындылары