Каныкейдин жомогу. Саякбай Каралаевдин вариантындагы эң жеткилең иштелген бөлүмдөрдүн бири «Каныкейдин жомогу». Букардын капкасынан чыгып Таласка бет алган Семетейди жолунан тосуп айткан бул баянында Каныкей ата журтунан четте өскөн аны өткөндөгү окуялар менен толук кабардар кылып, анын эл-жерге болгон сүйүү сезимин ойготуп, келечекте аткарчу иштерине туура багыт бериш үчүн Манастын жана анын кырк чоросунун ар түрдүү эрдик иштери, Каныкей өзүнүн башынан кечирген окуялары, Манаска сиңирген эмгектери жөнүндө кеңири айтат. Натыйжада, үчилтиктин биринчи бөлүмүндө баяндаган окуялардын көбү кайрадан кыскача эскерилет, ал турсун, биринчи бөлүмдү жазганда кирбей калган «Сайкал менен Манастын окуясы», «Көзкамандардын окуясы», «Чубактын Манаска таарынып кетип калышы жана Коңурбайдын капыстан Таласка кол салышы» сыяктуу бир катар окуялар ушул бөлүмдө айтылат. Каныкей өз жомогун Абыке, Көбөштүн кордугуна чыдабай Букарга качып келип, Манастын душмандары Семетейди баралына келтирбей өлтүрүп коёт деп, ата-тегин жашырып Ысмайылга бала кылып бергенинен баштайт. Семетейге чыныгы ата-теги ким экенин кеңири айтып келип, Таласка жаңыдан бара жаткан ага кандай жол менен баруу, эмне иш кылуу, кимге кандай мамиле жасоо керектиги жөнүндө энелик акыл-насаатын айтат. Семетей Таласка жеткенде алдынан тосуп чыгуучу Кумайык, Акшумкар, Желмаян жана Бакайдын жайын кеңири баяндайт. Ошону менен бирге Каныкей өзү салдырган Манастын күмбөзүнө, анын ичине тартылган Манастын жана анын эң жакын адамдары Бакай, Алмамбет, Чубак, Сыргак, Ажыбайлардын, алардын башкы душманы Коңурбайдын портреттерин ажайып көркөмдүктө сүрөттөп өтөт. Абыке, Көбөштүн колунда калган Манастын Сырнайза , Аколпок, Аккелте, Зулпукорунун жайын айтып, алардын жасалышына, кандайча жол менен Манас аларга ээ болгонуна токтолот. Тайбуурулдун жайын айтып, аны Манаска Сайкал тартууга алып келгенине байланыштырылып, «Сайкалдын окуясы» баяндалат. Кыргылчал Каныкей менен Чубакты көңүлү жакын деген ушак чыгарат. Муну уккан Манас Каныкейди салбар кылып таштайт да, кайрадан үйлөнмөк болуп, Лоб дайраны жердеген нойгут элинин кызы Сайкалга аттанат. Сайкал Манаска каршы чыгып, Алмамбеттен башка чоролорду бүтүн жеңет. Алтынай Манасты Каныкейчесинен тап менен бакпай өтө семиртип жибергендиктен, ал тез кыймылдай албайт, ошондуктан Сайкал аны аттан эңип түшүрө турган болот, бирок кыргыздын бели эле деп аяйт. Сайкалды жеңе албай үйүнө кайткан Манасты Каныкей тап менен багып, кадимки жоокерлик калыбына келтирет. Манас экинчи сапар Сайкалга аттанып аны оңой эле жеңип, олжо катын кылмак болот. Бирок, Сайкал кереметтүү Каныкейдин үстүнө күнү болуп баргысы келбей Тайбуурулду тартууга берип акыреттик жары болуп убадалашат. Сайкал Тайбуурулду Манаска бергенде анын табылыш жайын айтат. Ала шалбырт мезгилде, Лоп дайранын боюнда жетимиш бээ кулундап жатканда Сайкал барса, бир жерде куюн ойноп жаткандай көрүнөт, а чынында куюн эмес, кулун экен. Ошентип, туудум деген эне жок, туудурдум деген ата жок Тайбуурул кайыбына кабылат. Тайбуурул Манаска келгенде жүдөгөн тай болот. Каныкей анын оозун ачтырып, ууру тиши бар экен аны алдырып, абайдан жабуу жаап, алтымыш бээни эмиздирип, бирөөнүн көзү тиет деп жан көргүс жерге бактырат. «Сайкалдын окуясына» удаа Каныкей Оз башынан кечирген окуялардын бири катары Коңурбайдын капыстан Таласка кол салышын эскерет. Каныкей менен көңүлү жакын — деген Кыргылдын сөзүнө ишенген Манаска таарынган Чубак Коңурбайга Манасты чаап ал деп кат жазат. Анын тилин алып көп кол менен каптап келген Коңурбай караңгыда Таласты басат. Капыстан жоого курчалып курал-жараксыз, Аккула атсыз калган Манасты мурунтан ушундай болорун билип, астыртан даярданып жүргөн Каныкей анын аты-тонун, курал-жарагын кысталышта жеткирип, душмандын курчоосунан куткарат. Аңгыча, Акбалтанын кеңеши боюнча Манас менен элдешүүгө келген Чубак чабуулга кирет. Чубакты таарынтып жибергенине капа болушкан кырк чоро да Манастан алыстап калышкан эле, Чубак келгенден кийин алар да чабуулга киришип жоону жеңип чыгышат. Ушул эле бөлүмдө Манастын жалгыз уялаш карындашы Карлыгач жана Сайкалдын окуясы эскерилет. Чубак Манаска таарынып кеткенде Сайкал менен Карлыгач кырк чоронун ордуна Жылдыз деген жерде кароолдо турушат да Таласка чабуул жасап келе жаткан Коңурбайдын колу менен беттешишет. Кыздар жоо менен катуу салгылашып, жеңилбей койгондо Коңурбай Карлыгачтын минген аты Талкызылды атып, өзүн туткунга алат. Сайкал кайыптын кызы Куялы берген Суркызылды мингизип Карлыгачты туткундан бошотуп чыгат. Качып келе жаткан кыздарды Алмамбет, Бакай, Сыргактар жолунан чыгып жоодон куткарышат. Сайкал атасы Карачага кетет. Жоонун колуна түшүп чыкканынан улам, Манас элдин ушак-айың кебинен алыстатып, карындашы Карлыгачты жердин түбү Желпиништеги Жарманаска күйөөгө берет. Чубактын каты боюнча Таласка чабуул коюп, катуу жеңилген Коңурбай Манасты күч менен жеңе албасына көзү жетет. Бээжиндин түпкү чоң каны Карыкан эми Манасты амал менен жок кылмак болуп түбү кыргыз Көзкамандарды жиберет. Алар Манасты уулап өлтүрмөк болуп жатканда Каныкей Акаярдын жардамы менен куткарып чыгып, алты ай багып айыктырат. Кыргыздан качкан Көзкамандарды кырк чоро талкалайт. Мындан кийин Каныкей өзүнүн кыз кезиндеги башынан өткөргөн окуяларын баяндап өтөт. Бала баатыр Чубак эрдигине чыдабай Букарды камайт. Темиркандын он эки кызынын кенжеси Каныкей аны менен беттешүүгө чыгып, Манаска кубалап келет. Чубактан Каныкейдин кабарын угуп жана Бакайдын кеңеши менен Манас Каныкейге үйлөнмөк болуп, аны сынаш үчүн талаадан жаңы таап алган Кумайыкты багууга берет. Мына ушундай окуяларды баяндоо менен Каныкей баласын ата-бабанын басып өткөн каарман жолуна үндөп, сен ошондой баатырлардын тукумунансың, сен алардын күжүрмөн жолун жолдоп ишин улантууга ар качан милдеттүүсүң деген бийик чакырык таштайт. Ошону менен бирге семетейчи Каныкейдин эмгекчилдиги, көтөрүмдүүлүгү, акылмандыгы менен Манаска жагып, ага татыктуу жар болгонун ачык белгилейт. Семетей Букардан Таласка алгач келишинде Каныкей айткандардын көбүн өз башынан өткөрөт же өз көзү менен көрөт, натыйжада эпикалык чыгармалардын салтына ылайык «Каныкейдин жомогундагы» көптөгөн мотивдер кийинки эпизоддо кайталанган түрдө жолугат. Болочок баатырга өткөн тарыхты тааныштырып, келечек милдеттерди таккан маанилүү бул эпизод көпчүлүк варианттарда бирдей трактовкаланып, өз ара айырмачылыктары аз.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4