Ахматбек Келдибеков

Келдибеков, Ахматбек Келдибекович‎»‎ барагынан багытталды)
Келдибеков Ахматбек Келдибекович
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Келдибеков Ахматбек Келдибекович
Улуту: Кыргыз
Билими: Жогорку
Туулган жылы: 1966-жылы 15-июнь
Туулган жери: Сопу-Коргон , Алай району, Ош облусу, Кыргызстан
Өлкө: Кыргызстан желегиКыргызстан
Ишмердүүлүгү: саясатчы, мамлекеттик ишмер
Учурдагы кызматы: Депутат (КР)

Өмүр баяны түзөтүү

1966-жылдын 15-июнунда Ош облусундагы Алай районунун Сопу-Коргон айылында туулган.

Улуту - Кыргыз.

Жогорку билимдүү.

1990-жылы Воронеж политехникалык институтун бүтүрүп, инженер-механик адистигине ээ болгон.
Ал эми 1999-жылы Кыргыз Улуттук университетине караштуу Кайра даярдоо жана

кадрлардын адистигин өркүндөтүү институтунун финансы жана кредит адистиги боюнча бөлүмүн бүтүргөн.

Ишмердүүлүгү түзөтүү

1984-1986-жылдары аскер кызматын өтөгөндөн кийин, эмгек жолун Алай районундагы «Правда» совхозунда жумушчулуктан баштаган.
Жогорку окуу жайын бүтүгөн соң, 1990-1992-жылдары Илимдер академиясынын «Импульс» ИИБинде инженер, 1992-1993-жылдары Илимдер академиясынын Машина куруу институтунун директорунун орунбасары болуп иштеген.
1992-1994-жылдары КР Экономика жана финансы министрлигинин Тармактык өнөржайды өнүктүрүү бөлүмүндө башкы адис болгон.
1994-2002-жылдар аралыгында КР Финансы министрлигиндеги аргандай кызматтарда иштеп келген.
1994-1995-жылдары – Финансы өнөржай бөлүмүнүн башкы адиси, 1995-1998-жылдары – Транспортту жана байланышты каржылоо бөлүмүнүн башчысы, 1998-2001-жылдары - Экономика жана өнөржайлык ички түзүмдөрдү каржылоо башкармалыгынын башчысы, 2001-2002-жылдары – КР Финансы министринин орунбасары.
Ал эми 2002-2005-жылдарда КР Социалдык фондунун төрагасы болуп иштеген.
2005-жылдын март айында III чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланып, Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетин жетектеген.
2007-жылдын 22-октябрында КР Президентинин «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин таркатуу жөнүндө» Жарлыгына ылайык, ал өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.
2008-2009-жылдары – КР Салык жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы болгон.
2009-жылдан тартып 2010-жылга чейин КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы болуп иштеген.
2010-жылдын октябрь айында «Ата Журт» идеалисттик демократиялык саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына, ал эми ошол жылдын 17-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагалыгына шайланган.

Наамдары түзөтүү

  • «Данк» медалы жана «Содружества» ордени менен сыйланган.
  • 2-класстагы мамлекеттик кеңешчи.
  • Генерал-лейтенант деген атайын чени бар.
  • Экономика илимдеринин кандидаты.
  • Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти.

Шилтеме түзөтүү

http://www.kenesh.kg/Articles/467-KELDIBEKOV_Axmatbek_Keldibekovich__Frakciya_AtaZHurt.aspx Archived 2011-08-07 at the Wayback Machine