Кичи Нарын капчыгайы ички Теңир-Тоодо жайгашкан. Капкаташ, Нура, Жетим тоолору менен курчалат. Нарын районунун аймагында орун алган. Капчыгайдын узундугу Балгарт жана Жылаңач сууларынын кошулушунан Кичи Нарындын чатына чейин 45 км. Таманынын жазылыгы баш жагында 500–700м, орто жеринде 1,5–2,0 км, төмөнкү бөлүгүндө 2,5–3,0 км; эң кууш жери 200–300 м (Сарыкүнгөй жана Жол жакшы суулары куйган аймакта); деңиз деңгээлинен бийиктиги 2350–2490м. Капталдары Борду, Сарыкүнгөй жана Жолжакшы, Чыргайлы (оң куй малары), Кашка-Суу, Оорук-Там, Ат-Жайлоо, Калмакашуу]], Улан (сол куймалары) суулары жана алардын кокту-колоттору менен тилмеленген. Чоң Нарынга чыга берген жеринде бир нече тектир бар (айрымдарынын туурасы 800 мге чейин). Капчыгайдын таманынан тоолордун кырына чейинки салыштырмалуу бийиктик 1500–2000 м. Таманы палеоген, неогендин конгломерат, кумдук, алевролит ж.б, капталдары девон менен ордовиктина акиташ теги, доломит, сланец, кумдук тоо тектеринен түзүлгөн. Аларды айрым жерлерде гранит, гранитди оритинтрузиялары жиреп чыккан. Климаты континенттик, январдын орточо темпрасы – 19°С, июль айында 10°С, жылдык ортосу жаан-чачыны 350 мм. Талаа (2500 м бийиктикке чейин), бадал аралашкан шалбаалуу талаа (2500–2600 м), андан жогорусу бальп жана альп шалбаалуу талаа жана шалбаа ландшафттары басымдуу.

Аталышы Кичи-Нарын капчыгайы
Файл:Thumb
Жалпы маалымат
Жайгашкан жери Теңир-Тоодо
Узундугу 45 км
Терең жери 2 км
Деңиз денгээлинен бийиктиги 2490 м

Колдонулган адабияттар түзөтүү