Коңурбайдын бузукулугу — «Кичи чабуулдун» («Кичи казат») башталышына себеп болгон окуя.

Семетейдин туулганына арналып берилген тойдо шылтоо таап чыр чыгарып, кыргыздарды чаап алалы деп Коңурбай элине кеңеш курат. Аны угуп калган Алмамбет Бакайга айтат, Алы жетмек беле, чыр чыкпасын, унчукпа деп Бакай Алмамбетти тыйып коёт. Коңурбай чаап алам деп опуза айтканын уккан Манас аттанмак болуп элине буйрук бергенде, үйүңө келген мейманыңа кол салганың туура болбойт деп аны Кошой тыят. Кытайлар Коңурбайдын чогоол сөздөрү жана арам ой аракети үчүн кечирим сурашып, кыздан тартуу тарталы, чыр чыкпасын деп суранышат. Төштүктүн сунушу боюнча тартууга Алмамбет жактырган Эсенкандын кызы Мыскалды сурашат. Кытайларды ыраазы кылыш үчүн кыздын калыңына көп дүнүйө, мал беришет. Той тынч тарап, эки элдин арасы тынчыйт.

Радлов жазып алган вариантта мындай окуя жок. Саякбай Каралаевдин вариантында Чет-Бээжинге Манас кан болгондон кийин Коңурбай Түп-Бээжиндеги Карыканга качып барат. Карыкан Манастын Бээжинге алты ай кан болору даңзага эчак жазылганын, кыргыздын баатырынын ажалы айбалтадан экенин айтып, атайы айбалта жасатат. Айбалтаны алып, ыгын таап Манасты жайлаш үчүн Коңурбай Чет-Бээжинге жашырын кайтат.

Кытайлардын жеңилип, Манастын Чет-Бээжинге кан болгонун сүйүнчүлөп барган Шуутудан угуп Каныкей: тез кайт, кытайда турсаң баатырдын баарын алдырасың, өзүң да соо болбойсуң! — деп кат жазып, Шуутуну кайра жөнөтөт. Ал Бээжинге жете берерде аңдып жүргөн Коңурбайга кабылып, чоң сууну минип келаткан Тайбуурул менен аттатып өткөндө Каныкейдин каты сууга түшүп калат.

Шуутунун тез келсин деди — деген сөзүнө Манас анча маани бербейт. Жети кандын элин чогултуп, кайтууга уруксат берет. Кайткан эл менен кошо Бакай да Бурулча менен Бирмыскалды Таласка көчүрүп кетет. Кошой, Төштүк баш болуп казатка келген кошундун көбү кайтат. Мусулман болумуш болуп алдап Манаска ашпозчу болуп жүргөн Шуйкучу деген кытай Манастын жаткан-турганын, эмне кылганын бүт катка салып жүрүп, кыргыздардын башкы баатырын эртең менен ич кийимчен, чепкенин желбегей жамынып, даарат алып, мунарга чыгып асан чакырган учурда гана өлтүрүүгө боло турганын Коңурбайга билдирет. Коңурбай аңдып жүрүп жоо кийимсиз, бейкапар асан чакырууга камданып жаткан Манасты аркасынан келип атайы жасалган айбалта менен шилиге чабат. Манастын эси ооп жыгылат. Ошол күнү кароолдо туруп көзү илинип кеткен Ажыбай ойгонуп, качып бара жаткан Коңурбайды кууп жетип, найза сайып жарадар кылат. Ууга сугарылган балтанын уусу денесине тарап, жарасы кабылдап, катуу ооруган Манасты Алмамбет өзү дарылап, денедеги ууну тараттырып, кадимкидей айыктырып, жанына нече миң кол кошуп, Таласка барып, балаңды көр — деп аттантат. Бир нече күн жол жүрүп Бээжинден узагандан кийин Манас башына балта тийгенде коркуп качып кетти деген сөзгө калбайын деп намыс кылып, жанындагыларга токтоого буйрук берет. Таштан тегерете чеп кармап, туш-тушка кароол коюп, ошол жерге жатып калышат.

Белгилүү манасчылардын варианттарындагы «Кичи казаттын» башталыш окуялары бири-биринен да, ошондой эле Сагымбай Орозбаковдун варианты менен Саякбай Каралаевдин вариантынан айырмаланып айтылат. Шапак Рысмендеевдин вариантында «Чоң казат » кыргыздардын жеңиши менен бүткөндөн кийин элди жер-жерине таратып жиберип, кырк чоросу менен кырк күн туруу үчүн кытайда калган Манаска Коңурбай келип, элиңе кайтар болжолуң болду, аттанып чыгып тамаша кылып келели дейт. Манас макул болуп, жоо кийимин кийбей, бейкапар Коңурбай менен бастырып кетет. Жаман белгилери кармап, чочулаган Бакай Ажыбайды Манастын артынан чаптырат. Коңурбай аңдып туруп байкатпай Манасты катып келген айбалтасы менен башка чабат. Ошондо келип калган Ажыбай кылыч алып Коңурбайды качырат, бирок, кылычы мүчүп Коңурбайга эмес, Алгаранын соорусуна тиет. Алгара очорулуп, жөө калган Коңурбайдын башын алууга умтулган Ажыбайдын жолун Коңурбайдын аңдып турган жигиттери тосуп калат. Жарадар Манастан чочулаган Ажыбай кайра тартып, Аккуланы чылбырдан алып качып чыгып, Бакайдын чатырына келет.

Молдобасан Мусулманкуловдун вариантында: Манас элине кайтып кеткенден бир топ убакыттан кийин Коңурбай өч алмак болуп эсепсиз көп кол менен аттанып чыгып, уйгурларга кез келип, аларды чабат. Кабар алган Манас кол курап келип, катуу согуш болот. Ал согушта Нескараны Алмамбет, Бороончуну Төштүк өлтүрөт. Кытайларды шаарына камап жатып жеңип, Манас Бээжинге дагы алты ай кан болуп турат. Манас менен кошо келген кол туш-тушка тарап, кытайдан аял алып, ар бири өз бетинче кетет. Кетер убакыт болуп, тарап кеткендерди чогулта албай Манас өлдү деп жарыялашат. Эл чогулуп, кетүүгө камына башташат. Кытайдын Дуңша аттуу акылман кары адамы Коңурбайга: өзүн өзү өлдү деп Манастын башынан сыймыгы учту, аны эми жеңесиң — дейт. Коңурбай аңдып келип, эртең менен даарат алып жаткан Манасты кара кушка айбалта менен чаап жарадар кылат.

Багыш Сазановдун вариантында кытайларды жеңип, олжо менен жержерине тараганда бир жылдан кийин кайра келип Бээжиндеги Эсенканды чаап алмак болгон убада боюнча Манас колун жыйып Бээжинге аттанат. Буга чейин Кыргылдын ушагына ишенген Манаска Чубактын элине кетип калышы, аны уккан Коңурбайдын кыргыздарды чаап алганы аттанганы, Манас Чубак менен жарашканы кеткенде кытайлардын Таласты камашы, Манас келип кытайларды кууп чыгышы өңдүү Саякбай Каралаевдин вариантындагы өзүнчө чоң окуя катары айтылган эпизодго жакын мүнөздөгү окуялар айтылат. Тосо чыккан Коңурбайдын колу менен катуу согуш болуп, кытайлар чебине бекинишет, чепти камап согушуп жатканда Аккулага ок тийип, Ырчыуул Таластан Тайбуурулду алып келет. Согушту койсун, кайтсын деген Каныкейдин катына болбой, Манас согушту улантат. Капарсыз келе жаткан Манастын артынан келип Коңурбай айбалта менен башка чаап жарадар кылат.

ТМВда мусулман болдум деп алдап, кантип эбин келтирсем деп кекенип жүргөн Коңурбай Эсенкандын алдында кеңеш куруп, Манастан кек алыш үчүн аны конокко чакырып, аз адам менен келсе жайламак болот. Конок болуп кет — деген кат алып атайын кабарчы келгенде Бакай менен Алмамбет баш болушуп кырк чоронун көбү барбайлы дешет. Чакырганга барбайт деген эмне? — деп Кыргыл Манасты көкүтөт. Амал менен чакырышы мүмкүн, көп кол алып, камданып баралы деген Алмамбеттин сөзүнө болбой, Манас азыраак эле адам менен аттанат. Барба, жаман түш көрдүм деген Каныкейдин сөзүнө да көнбөйт. Коңурбай Манасты урмат менен тосуп, конок кылабыз деп шылтоолоп жанындагы адамдарды бөлүп-бөлүп кетишет да, беш күн конок болгон соң Манастын үстүнө кирип, атайын жасалган айбалта менен чабат. Манас кагып жибергенде балта даана тийбей, бир жак каракушка тиет. Манас балтаны колунан жулуп алганда Коңурбай качып чыгат.

Коңурбайдын атайын жасалган айбалта менен чаап Манасты жарадар кылышы бардык манасчыларда айтылганы менен окуянын өнүгүшү ар башка берилген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4