Кум-Бел вольфрам кениНарын районунда, Каратокур кыштагынан батыш тарапта, Көктай тоосунун түштүк капталында. 1910-жылдан белгилүү. Кен аймагын Таш-Көмүр мезгилинин аягында пайда болгон сланец, алевролит, кумдук, акиташ чөкмө тектери жана аларды жиреп чыккан гранит-диорит интрузиясы түзөт. Чөкмө тектер бүктөлүүлөргө дуушарланып, антиклиналдык түзүлүштү пайда кылган. Антиклиналдын борбордук бөлүгүндө интрузия орун алып, анын түндүк капталынан тектоникалык терең жарака өтөт. Бул жаракага жакын жердеги интрузия менен чөкмө тектердин кошулган жеринде скарн тулкулары пайда болуп, анда руда топтолгон. Руда комплекстүү (вольфрам, жез, висмут, молибден, коргошун, кобальт, никель, цинк, темир) келип, скарндардагы көп сандаган майда жаракаларды жана жиктерди толтуруп жаткан тарамдар түрүндө. Тарамдар негизинен кварц менен кальциттен түзүлүп, аларда шеелит, халькопирит, висмутин, пирит, молибденит, галенит, сфалерит ж. б. кезигет. Айрым тарамдардын узундугу 30–200 м, калыңдыгы 0,005–0,2 м. Вольфрамдын триоксидинин рудадагы орточо өлчөмү 0,3%. Кен 1941–55-ж. Кумбел руда башкармасы тарабынан казылып, бардыгы 990 т руда алынган. Болжол руданын ресурсу 1666,7 миң т, вольфрамдын триоксидиники – 5 миң т.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү