Кыргызстандагы аял укуктары

Кыргыз Республикасында аялдардын укуктук абалы акыркы бир нече миң жылдыкта көптөгөн олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болгон. Кыргызстан аялдардын тынчтык жана коопсуздук боюнча глобалдык индексинде (WPS Index) 97-орунду ээлеп, Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен акыркы орунга чыкты.

Кыргыз коому патриархалдык, анда үй-бүлөнү башкаруу жана оокат табуу эркекке, ал эми үй иштери аялга жүктөлгөн, балдардын фамилиясы атадан балага өтөт, аялдар үйлөнгөндөн кийин эркектин үйүнө көчүшү көп кездешет. 20-кылымдан баштап абал өзгөрүп келатат, аялдардын көбү иштешет, аял-политиктер жана жетекчилер бар бирок тең укуктуулукка жетүү үчүн дагы тоскоолдуктар бар.  Аялдар эркектерге караганда 25% аз маяна алышат, 400гө жакын професия аялдарга тыйуу салынган, аялдарды жана кыздарды мажбурлап никеге туруу үчүн ала качуу фактылары дээрлик күн сайын белгилүү болууда. Кыргызстанда кыз ала качуу боюнча чуулгандуу окуялардын бири 27 жаштагы Айзада Канатбекова менен 19 жаштагы Бурулай Турдала кызынын барымтага алынышы болду.

Тарыхы түзөтүү

Адат мыйзамы түзөтүү

Кыргызстан Оруссиянын курамына киргенге чейин (19-кылымдын 2-жарымы) кыргыздардын коомдук мамилелери көбүнчө үрп-адат менен жөнгө салынган. Орусиянын курамына киргенден кийин Орусия империясынын мыйзамдары, 1917-жылдагы революциядан кийин Совет мамлекетинин мыйзамдары каада-салттар менен бирге күчүндө болгон.[1]

Кыргыздардын коомдук мамилелеринин патриархалдык жолу аялдардын укуктарын азайткан. Тил албаган кыздарды өлтүрүүгө жол берилген, көбүнчө аялдар менен балдар «баримта» менен «кунанын» объектисине айланган. Эркек жана аялдарды өлтүрүү үчүн жоопкерчиликтин өзгөчөлүктөрү бар болчу. Аял киши өлтүргөндүгү үчүн кун 150 баш мал болсо, эркек киши өлтүргөндүгү үчүн 300 баш бодо мал төлөнөт.[2]

Үй-бүлөлүк мүлккө карата аялдын ээлик кылуу жана пайдалануу укугу болгон, бирок тескөө укугу толугу менен күйөөсүнө таандык болгон: «Күйөө өз каалоосу боюнча аялынын мүлкүн тескөөгө укуктуу; бирок ажырашкандан кийин баарын кайтарып бериши керек.[3] Күйөөсү жокто үй мүлкүн башкарып, бирок ээликтен ажыратып, эч кандай келишим түзүп, бүтүм жасай алган эмес. Күйөөсүнүн күнөөсү же керээзи боюнча ажырашкан учурда гана аял белгилүү бир мүлктүк көз карандысыздыкка ээ болгон, анткени күйөөсү анын бардык себин кайтарып берүүгө милдеттүү жана ал тургай аны багууга милдеттүү болгон.[4]

Советтик мезгил түзөтүү

 
Алгачкы СССРде күчтүү жана тең укуктуу аялдардын образы даңазаланган. 1931 жыл.

Большевиктер коммунисттик коомду куруудагы эн биринчи кезектеги милдеттердин бири калктын бардык катмарларынын укуктарын абсолюттук теңдетүү болуп саналат деп айтышкан.[5] 1917-жылы кабыл алынган декрет аялдар менен эркектердин мыйзам алдында бирдей экендигин билдирген.[5] 1918-жылы РСФСРдин конституциясы кабыл алынгандан кийин аялдар официалдуу турдө кенири укуктарга ээ болушту.[6] Аборт жасоо укугу жарыяланып, ажырашуу процесси мүмкүн болушунча жөнөкөйлөштүрүлдү.[6]

Борбордук Азия өлкөлөрүндө аялдардын эркиндикке чыгышы Хужум деп аталып, эркектердин агрессиясына жана катуу каршылыгына дуушар болгон. 1918-жылы Пишпек шаарында эски үй-бүлөлүк турмуштун калдыктарын жоюу үчүн Мусулман аялдар союзу уюштурулуп, 1918-жылы аялдар бөлүмү аялдарды мамлекеттик жана коомдук иштерге даярдоого тийиш,[7] 1921-жылы көп аял алууга, калыңга тыюу салуу жөнүндө мыйзам кабыл алынган, нике курагы аялдар үчүн 16 жашка, эркектер үчүн 18 жашка чейин көтөрүлгөн. Чыгыш аялын үй-бүлөлүк жана энелик милдеттерден бошотуунун советтик идеологиясы мыкаачылык менен өлтүрүүлөр жана репрессиялар менен коштолгон.

1920-жылдары коллективдештирүү жана индустриялаштыруу доорунда аялдар социалдык инфраструктураны өнүктүрүү ишине массалык түрдө тартыла баштаган. Бул трансформациялар 30 жашка чейин орточо аялдын 1ден аз балалуу болушуна алып келди. Ушуга байланыштуу 1935-жылы бойго бүтүрбөөчү каражаттарды чыгаруу токтотулуп, 1936-жылы бойдон алдырууга тыюу салынган,[6] төрөт учурундагы аялдарга материалдык жардам да көбөйтүлгөн, көп балалуу үй-бүлөлөргө мамлекеттик жардам уюштурулуп, төрөт үйлөрүнүн тармагы кеңейтилген.[5]

Энелик аялдын социалисттик милдети катары каралып, ал эркек менен бирдей иштөө милдети менен толукталып, аялга эки эселенген жүк жүктөлгөн.[6]

Согуш маалында аялдар цехтин начальниги, ишканалардын начальниктери сыяктуу кызматтарды ээлее башташкан, бирок алар согуштан кийин мамлекет тарабынан кайрадан айдалып, аялдарда негизинен жумушчулар жана энелер болгон.[6]

Эрүү доорунда жана андан ары 60-80-жылдары советтик жетекчилик аялдардын жашоосун жана мамилелерин катуу көзөмөлгө алуу жана жөнгө салуу аракеттеринен четтеп кетти. 1955-жылы кайрадан бойдон алдырууга уруксат берилген. 1965-жылы ажырашуу процедурасы кайрадан жеңилдетилген. 1968-жылы кош бойлуулук жана төрөт боюнча акы төлөнүүчү өргүү, жалгыз бой энелерге жана ажырашкан аялдарга балдарга жөлөкпул киргизилди. Жаңы мыйзамдар жалпысынан аялдардын абалын бир топ жакшыртты, бирок үй-бүлөлүк теңсиздик, кесипкөйлүк өсүү үчүн татаал мүмкүнчүлүктөр, мамлекет тарабынан кылдаттык менен жабылган маяналардын төмөндөшү проблемасын чечкен жок. Ошол кездеги идеология идеалдуу аялды иштеген эне катары позициялап, анын образы күйөөсүн үйдө кароо жана анын ден соолугуна кам көрүү милдети менен толукталып, аял үчүн “үч эселенген жүктү” жараткан. Бул көйгөйдү түшүнүү жетекчиликти аялдарга жана алардын үй-бүлөгө кайтып келишине карата жаңы «неопатриархалдык» саясатка барууга түрттү. Бул аялдардын лидерликтен жана престиждүү кесиптерден акырындап сүрүлүп чыгышына алып келди.[6]

Эгемен Кыргызстан түзөтүү

1991-жылдан бери көз карандысыз Кыргызстан адам укуктары жаатында 50дөн ашык эл аралык пактка кошулуп,[8] мамлекеттик түзүмдөрдүн жана жарандык коомдун деңгээлинде адам укуктарынын, аны менен бирге аял укуктарынын концепциясын тааныды. 1995-жылы 4-15-сентябрда биринчи жолу Кыргыз Республикасынын аялдар делегациясы Бейжинде өткөн Аялдардын абалы боюнча бүткүл дүйнөлүк IV конференцияга катышкан.[9]

1996-жылы Жогорку Кеңеш Аялдардын укугу боюнча Конвенцияны ратификациядан өткөргөн. 1996-жыл өлкөдө Аялдар жылы деп жарыяланып, Үй-бүлө, аялдар жана жаштар иштери боюнча мамлекеттик комиссия түзүлөт.[10] 1996-2000-жылдары Кыргызстанда аялдардын абалын жакшыртуу үчүн “Аялзат” улуттук программасы ишке киргизилген. 1999-жылы CEDAW комитетине биринчи жолу улуттук отчёт берилген. CEDAW – Аялдарга карата дискриминациянын бардык түрүн жоюу жөнүндө конвенция, БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан 1979-жылы 18-декабрда кабыл алынган.[11]  

2000-жылы улуттук саясаттын бардык аспектине гендердик компонентти кошуу үчүн Кыргыз Республикасынын президентинин алдында Аялдар, үй-бүлө маселелери жана гендердик өнүгүү боюнча улуттук кеңеш түзүлөт. “Кыргызстан аялдары кылымдар кыйырында” аттуу улуттук конференция өтүп, анда “Аялзат” программасынын аткарылышы, Кыргызстанда 2002-2006-жылдары гендердик теңчиликке жетишүү планы талкууланган. Ушул эле жылы өлкөдө “Жарандардын репродуктивдик укуктары жөнүндө” мыйзам кабыл алынганы белгилүү.  

2002-2005-жылдары лидер-аялдарды мамлекеттик башкарууга тартуу тууралуу Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгы чыккан. Бир жылдан кийин Жогорку Кеңеш үй-бүлөлүк зомбулук жана аялдардын тең укуктуулугу жана мүмкүнчүлүктөрү жаатында 2 мыйзамды кабыл алган. Аялдар уюмдары парламентте гендердик маселелер боюнча президенттин өкүлү болушу керек деген идеяны көтөрүп чыгып, максатына жетти. Гендердик өнүгүү боюнча президенттин Жогорку Кеңештеги атайын өкүлү деген институт түзүлүп, бул кызматка 2005-жылы Анара Ниязова дайындалат.[12]

 
Бишкекте фемицидке каршы активисттик акция. 12.12.2020.

2006-жылы “Гендердик саясатты өркүндөтүү чаралары жөнүндө” президенттин жарлыгы чыгып,[13] 2007-жылы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясында аялдар менен эркектердин бирдей укук жана мүмкүнчүлүктөрү принциби бекитилди. “Саясий партиялар тууралуу” мыйзамга гендердик квота деген түшүнүк кирди. 2008-жылы – Аялдардын мыйзамдык демилгелеринин альянсы түзүлгөн. Максаты – гендердик демилгелерди көтөрүү жана гендердик саясатка мониторинг жүргүзүү аркылуу саясатта аялдардын үнүн жана таасирин күчөтүү. Альянска Ишкер аялдар ассоциациясы, “Сезим” кризистик борбору, Гендердик изилдөөлөр борбору жана башка уюмдар кирип, өлкөдө аялдардын укугу үчүн күрөш активдешкен.

Гендердик теңдикти алдыга сүрөгөн жогорудагы чечимдердин көпчүлүгү аялдар уюмдарынын лоббиси астында кабыл алынган. Айрыкча саясаттагы тең укуктуулук маселеси күн тартибине чыккан. Аялдар уюмдарынын активисттери жалаң бир жыныстын өкүлдөрү отурган парламентке каршы чыгып, буга эркек депутаттардын көңүлүн буруу жолун издешти. Мисалы, эркек депутаттарга 8-Мартта гүл белек кылышканы белгилүү. Жылдарга созулган күрөштүн жыйынтыгында гендердик теңдик, зомбулукка каршы, аялдарды саясатта колдоонун атайын чаралары, парламентте аялдарга 30 пайыздык квота берүү боюнча мыйзамдарды кабыл алууда, Конституцияда “светтик” деген түшүнүктү, Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамдарга гендердик экспертиза жүргүзүүнү сактап калууда аялдар кыймылдары зор роль ээледи.

Ошол эле учурда СССР тарагандан кийин идеологиялык вакуум учурунда мамлекет тарабынан кабыл алынган салттуулукка карай багыт дароо эле өз натыйжасын көрсөттү – 1991-жылдын башынан бери Кыргызстандын экономика тармагында аялдардын өкүлчүлүгүнүн көрсөткүчү төмөндөп: 1991-жылдан 2007-жылга чейин эмгек рыногунда кыргызстандык аялдардын иш менен камсыз болушу 81,6%дан 42,3%ке чейин төмөндөгөн.[14]

2010-жылы «Кырк Чоро» улуттук-патриоттук кыймылы түзүлүп, кыргыз кыздарынын адеп-ахлакка каршы мыйзамсыз «күрөшүнүн» аркасында атактуу болгон жигиттер тобу түзүлгөн. Кыймылдын мүчөлөрү түнкү клубдарда жергиликтүү кыргыз кыздарынын чет элдиктер менен жүргөнүн текшерүү үчүн “рейддерди” жүргүзүп, украиналык “Казактар” тобунун шоусун үзгүлтүккө учуратып, улуттук баш кийимди итке кийгизген кызды муунтуп өлтүрөбүз деп коркутушкан.[14] 2020-жылы “Кырк чоро” кыймылынын мүчөлөрү аялдардын укугу үчүн тынч жүрүшүн үзгүлтүккө учуратанына тиешеси болбогонун айтып чыгышкан.

Мыйзамдык база түзөтүү

Гендердик саясат – ар башка жыныстагы адамдардын ортосундагы өз ара мамилелерде теңдикти орнотууга багытталган мамлекеттик, коомдук иш. Гендердик тең укуктуулук – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жеңилдетүүчү жагдайлардан (атайын чаралар) тышкары ар башка жыныстагы адамдардын мыйзам алдында укуктарынын, милдеттеринин жана жоопкерчиликтеринин теңдиги.[15] Кыргыз Республикасынын гендердик мыйзамдары – гендердик саясатты ишке ашыруу тартибин жөнгө салган принциптерди белгилеген укуктук-нормативдик актылардын жыйындысы: Конституциянын нормалары, эл аралык конвенциялар, гендердик теңдик жаатындагы атайын мыйзамдар, ошондой эле тармактык укуктук-нормативдик актылардагы гендердик нормалар (билим берүү, эмгек, жумуш менен камсыз болуу, саламаттыкты сактоо жана башка чөйрөлөрдө). Кыргыз Республикасынын Конституциясында Адам укуктарынын жалпы декларациясынын принциптери толук чагылдырылган. Конституциянын 1-беренесинде “Кыргыз Республикасы – көз карандысыз, эгемен, демократиялык, унитардык, укуктук, светтик жана социалдык мамлекет” деп жазылуу. Конституциянын 24-беренесинде “Кыргыз Республикасында эркектер жана аялдар бирдей укуктарга жана эркиндиктерге, аларды ишке ашыруу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ” деп айтылат. Ал эми 37-беренеде кызматка орношуудагы тең укуктуулук так жазылган: “Кыргыз Республикасынын жарандары мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматка мыйзамда белгиленген тартипте кирүүдө, кызмат боюнча көтөрүлүүдө бирдей укуктарга жана бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ”. Адам укуктарынын негизги принциптерин Конституцияда бекитүү менен Кыргызстан адам укуктарын коргоо жана камсыз кылуунун юридикалык жана институтташтырылган негиздерин, жыныстык айырмачылыгына карабастан укуктар менен мүмкүнчүлүктөрдүн бирдейлиги принцибин бекемдей алды. Бул жаатта олуттуу кадамдардын бири деп 2008-жылдын 4-августунда “Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө” мыйзамдын кабыл алынышын айтсак болот.

2013-жылы өкмөт “ала качуу” – аялдарды мажбурлап никеге туруу үчүн жазаны күчөткөн. Эркинен ажыратуу мөөнөтү беш жылдан жети жылга чейин эркинен ажыратуу менен, он жетиге толо элек кызды ала качуу үчүн он жылга чейин күчөтүлдү.[16] Ал эми 2019-жылы кабыл алынган жазык кодексине карата 5-жылдан 7,5 жылга чейин жана 18-чыга элек жараанды урдоо үчүн 7,5-жылдан 10-жылкга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат.[17] Кыргызстанда никелердин бештен бири ала качуу жолу менен (макулдугу менен же макулдугу жок) кыйылган. Аялдарды алардын макулдугусуз ала качуу жолу менен түзүлгөн нике аздыр-көптүр республикада бардык жерде белгиленет: Бишкек шаарында 2 пайыздан Нарын облусунда 21 пайызга чейин. Көбүнчө башталгыч билими бар же билими жок, ошондой эле эң жакыр үй-бүлөлөрдүн кыздары уурдалат.[18]

2016-жылдын 5-октябрында өкмөт жашы жете электерге никеге тыюу салды. Баланын ата-энеси жана дин кызматкерлери үчүн кылмыш жазасы үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу түрүндө каралган[19]. Мыйзам жашы жете электерге эрте турмушка чыгууда сексуалдык, физикалык жана психикалык зомбулуктун алдын алуу жана кыздардын толук орто жана жогорку билим алуусу менен негизделет.

Кыргызстанда аял укуктарындагы жетишкендиктер түзөтүү

Гендердик теңдик принциптерин ишке ашырууда мыйзамда каралган атайын чаралар жөнүндө нормалар маанилүү ролду ээлейт. Атайын чаралар – жашоо турмуштун бир кыйла басмырланган чөйрөсүндөгү жыныстардын бириндеги адамдарды колдоого багытталган уюштуруучулук, мыйзамдык, институционалдык мүнөздөгү чаралар.[15] Атайын чаралар убактылуу мүнөздө болушу мүмкүн. Мисалы, Жогорку Кеңешке жана жергиликтүү депутаттарды шайлоодо аялдарга 30 пайыздык квотанын берилиши. Саясий институттарда: мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарында аялдардын жана эркектердин өкүлчүлүгүнүн теңдештигине жетишилген соң бул чаралар жокко чыгарылышы мүмкүн. Өлкөдө кыз ала качууга жазанын катаалдатылышы да аялдардын укугун коргоо жаатында маанилүү чечимдердин бири болуп калды. Учурда кыз ала качкандар 5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат.[20]

2007-жылга чейин бир дагы аял губернатор же айыл өкмөт башчысы болгон эмес. 2007-жылы президент Курманбек Бакиев 2007-2010-жылдары гендердик баланска жетишүү боюнча иш-аракеттер планына кол койгон. Ушул эле жылы парламенттик шайлоодо 3 саясий партиядан 23 аял-депутат шайланган. Бул аял-депутаттар 2010-жылга чейин 148 мыйзам долбоорун сунушташат: баланы эмизүү укугун коргоодон тарта гендердик теңдикти камсыздоону кепилдеген мыйзамды кабыл алууга чейин.[21] Бүгүнкү күндө депутаттардын 30 пайызы аялдар шайланууда деген формалдуу көрүнүш. Анткени башка кызматка которулган аял-депутаттын орду дайыма эле кайра аял-депутат менен толуктала бербейт.

Кыргызстанда аял укуктарына тоскоолдуктар түзөтүү

Башка өлкөлөрдөй эле Кыргызстан гендердик теңдикти толук камсыз кылууга жетише элек. Айрым чөйрөлөрдө статистика аялдардын ордун баса белгилеп көрсөтүүдө. Кыргызстанда аялдар эркектерге караганда миграциялык процесстерге активдүүрөөк катышат. 2016-жылкы изилдөөлөргө таянсак, 7,1 эмигранттын 4,5 миңин же 61 пайызын аялдар түзгөн.[22] Облустар аралык жер которууда 21,3 миң адамдын 14,2 миңи же 67 пайызы аялдар болгон. Аялдар тең маяна алуу укугуна жетише элек. Бишкек шаарында эркектер аялдарга караганда 1,5 эсе көп айлык аларын изилдөө көрсөттү. Айлык акылардын эң кичине ажырымы Нарын (20 пайыз) жана Ысык-Көл облустарында (16,2 пайыз) катталган.[22] Жергиликтүү кеңештерде аял-депутаттардын саны 16 пайызды гана түзөт. 2018-жылы Human Rights Watch уюму Кыргызстанда аялдардын укугун коргоо жакшырбай жатат деп жарыялаган. Уюм өлкөдөгү ала качууларды жана кыйноолорду баса белгилеп көрсөткөн.[23] 2021-жылы Кыргызстан аялдардын коопсуздугу боюнча глобалдык индексте (WPS Index) 170 өлкөнүн ичинен 97 орунду ээледи. Бул Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинен акыркы орун. Кыргызстандын “Аялдардын коммерциялык эмес уюмдары” форуму аялдардын укугуна тоскоолдук жараткан фактор деп буларды атады:

  • Аялдардын саясий турмушка жана бардык чөйрөдө чечимдерди кабыл алуу процессине катышуусунун төмөндүгү;
  • Улуттук жана жергиликтүү деңгээлде гендердик-ориентацияланган бюджетти түзүүнүн төмөн деңгээли;
  • Гендердик теңдик жана аялдардын укугу маселесинде негативдүү жана гендердик стереотиптердин күчөшү;
  • Аялдардын укуктары жана мүмкүнчүлүктөрүнө карата диний фундаментализмдин терс таасиринин күчөшү.  

Кыргызстандагы аял укуктарын коргогон уюмдар түзөтүү

Учурда Кыргызстанда 85тен ашык аялдар уюму бар. Алардын иши  1999-жылы 15-октябрда кабыл алынган “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам менен тескелет. 2021-жылы 26-июнда мыйзамга өзгөртүү киргизилди. Жаңы нормага ылайык, эми бейөкмөт уюмдар жыл сайын каржылык отчёт берүүгө милдеттүү.[24]

“БУУ-аялдар” түзүмү түзөтүү

2010-жылы 2-июлда БУУнун Башкы ассамблеясы БУУ-аялдар түзүмүн түзүүнү бир добуштан колдогон. Гендердик теңдик, аялдардын укуктары жана мүмкүнчүлүктөрү үчүн күрөшкөн түзүм Кыргызстанда толук кандуу 2012-жылдан бери иштейт. Кыргызстандык аялдардын жана кыздардын жашоосун жакшыртуунун активдүү тарапташы. Аялдардын лидерлигин жогорулатуу, аларга зомбулукту жоюу, чечим кабыл алуунун бардык аспектине аялдарды тартуу, алардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн үстүндө иштеп келе жатат. Түзүм 2020-жылы Кыргызстандын аймактарындагы аяр катмардагы 700 аялга гигиеналык каражат түрүндө гуманитардык жардам берген. 2015-жылдан бери БУУ-аялдар түзүмүнүн колдоосунда 20 000 үй-бүлө таза сууга жеткен.[25]

“Социалдык технологиялар агенттиги” коомдук уюму түзөтүү

Жарандардын социалдык активдүүлүгүн колдогон уюм. Кыргызстанда шайлоолорго көз карандысыз байкоочу катары катышып келет.[26] 2021-жылы өткөн парламенттик шайлоого гендердик мониторинг жүргүзгөн – аял талапкерлерге эркектердей эле мүмкүнчүлүк түзүү, саясий атаандаштыкта гендердик дискриминацияга жол бербөөнү караган.  

“Сезим” кризистик борбору түзөтүү

“Сезим” кризистик борбору 1998-жылы түзүлгөн, Кыргызстандагы алгачкы кризистик борборлордун жана өкмөттүк эмес уюмдардын бири. 3 негизги багыт боюнча иш жүргүзөт.

·   Гендердик, үй-бүлөлүк зомбулук, адам сатуудан жабыркагандарга шарт түзүү жана укуктук, психологиялык жана социалдык колдоо көрсөтүү.

·   Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулукту азайтуу боюнча мыйзамдардын аткарылышы жаатында чараларды демилгелөө, колдоо.

·   Гендердик, үй-бүлөлүк зомбулук жана адам сатуунун деңгээлин азайтуу үчүн превентивдүү чараларды сунуштоо.

Уюмдун маалыматына таянсак, “Сезимге” 1998-2020-жылдары 44 907 түз байланышуу болгон. Борбор 34 925 юридикалык жана психологиялык консультация берди. Сот процесстеринде 1864 адамга адвокаттык коргоо көрсөттү. 2003-жылдан бери Шелтер кызматын 3934 жаран алган. 

Бишкек Феминисттик Демилгелери түзөтүү

Бишкек Феминисттик Демилгелери коомдук бирикмеси жамааттык эмансипация, тилектештик, өз ара колдоо, бирдей чечим кабыл алуу жана зордук-зомбулукка жол бербөө принциптерине негизделген феминисттик активисттердин тобу, Кыргызстандын Бишкек шаарында жайгашкан. БФД 2009-жылы феминисттердин жана жарандык активисттердин тобу катары уюшулуп, 2012-жылы расмий түрдө каттоодон өткөн.

БФД 4 жыл катары менен 8-Март тилектештик жана аялдардын укуктары үчүн тынчтык маршынын куратору болуп, андан кийин 8/365 маршын кураторлук кылган көз карандысыз феминисттик кыймылды уюштурду.

The GRACE уюму түзөтүү

Лесбиян аялдарга карата гомофобияга жана дискриминацияга каршы иш жүргүзгөн өкмөттүк эмес уюм. 2013-жылы түзүлүп, каттоодон өткөн. Уюмга ЛБК, гендер, ВИЧ-СПИДдин алдын алуу жаатында тажрыйбасы бар активисттер, психологдор жана башкалар мүчө. Уюм коомчулукка туура маалымат жеткирүүгө, бурмаланган маалыматтын негизинде дискриминацияга жол берөөгө умтулат. Долбоорлорунун бири – “Күүгүмдөгү бий” спектакли. Бул – аялдардын көмүскөдөгү жашоосун ачыкка чыгарган, тетралдаштырылган перформанс.  

“Women’s forum Kurak” коомдук уюму түзөтүү

“Women’s forum Kurak” коомдук уюму Archived 2022-05-18 at the Wayback Machine түрдүү чөйрөдөгү аялдарды бириктирген Бишкек шаарындагы коммерциялык эмес уюм. Ишкерликте аялдарга колдоо көрсөтүүнү (окутуу, үйрөтүү жана башка) максат кылат. Долбоорлорунун бири – 2022-жылдын 12-17-март күндөрү өлкөнүн 5 облус-районунда өткөн “Ишкер айымдар – Айылдан ааламга” форуму.  

Аялдарга жардам берүү борбору түзөтүү

Аялдарга жардам берүү борбору адам укугун коргоо аркылуу гендердик теңдикти өркүндөтүү жана Кыргызстандын демократиялык реформаларына активдүү катышуу максатын коёт. Негизги багыттарынын бири – гендердик маселелерди чечүүдө жарандык коомдун потенциалын жогорулатууга көмөктөшүү. Гендердик окутуу, мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун гендердик маселелер боюнча маалыматка ээ болуусун камсыздоо аркылуу жыйынтыкка жетишүүнү көздөйт. 2021-жылы ОБСЕ менен биргеликте “Аялдардын саясаттагы лидерлиги” деген темада онлайн окуу курсун өткөн. 

“Аялдардын өкмөттүк эмес уюмдары” форуму түзөтүү

“Аялдардын өкмөттүк эмес уюмдары” форуму 1994-жылы түзүлүп, 1996-жылы каттоого алынган. Форумдун максаты – гендердик теңдик, коомдо аялдардын ролун күчөтүү, Кыргызстанда, Борбордук Азияда аялдар кыймылдарын консалидациялоо.

Колдонулган адабият жана шилтемелер түзөтүү

  1. Д.М. Байгазиева, Актуальные проблемы развития семейно-имущественных отношений по обычному праву кыргызов в конце XIX – начале XX вв. (орус.) Вестник Сибирского института бизнеса и информационных технологий. 2014. № 3 (11).
  2. Турсунбаева Чолпон Манасовна, Жусупов Болотбек Асанович, Положение женщин в обычном праве кыргызов (орус.). -- Вопросы современной юриспруденции № 8-9 (59), 2016 г.
  3. Загряжский, Г. Юридический обычай киргиз (орус.) // Материалы для статистики Туркестанского края, 1876. – вып. IV. – С. 33
  4. Хрестоматия по истории государства и права Кыргызстана: учебное пособие / Сост. Б.И. Борубашов. – Том 1. – Бишкек, 2008. – 460
  5. 5.0 5.1 5.2 Айвазова С. Г., Идеология «новой женщины»: Смена вех // Русские женщины в лабиринте равноправия (Очерки политической теории и истории. Документальные материалы). (орус.) — М.: РИК Русанова, 1998. — 408 с.
  6. 6.0 6.1 6.2 6.3 6.4 6.5 Н. Пушкарева, Энциклопедия Кругосвет // Феминизм в России (орус.). https://www.krugosvet.ru/enc/istoriya/FEMINIZM_V_ROSSII.html
  7. 100 лет освобождению женщин Советской Средней Азии, а также регресс и закабаление в период установления капитализма (орус.), 2018. https://www.iccr.gr/ru/news/100-/ Archived 2022-05-26 at the Wayback Machine
  8. UN Women. Кыргызстан // https://eca.unwomen.org/ru/where-we-are/kyrgyzstan
  9. UN. Доклад четвёртой Всемирной конференции по положению женщин. Нью Йорк,1996. https://www.un.org/womenwatch/daw/beijing/pdf/Beijing%20full%20report%20R.pdf
  10. Центр помощи женщинам. Хронология: История женского движения в Кыргызстане. (орус.). http://wsc.kg/istoriya-zhenskogo-dvizheniya-v-kyrgyzst/(жеткиликсиз шилтеме)
  11. UN. Overview of the Convention. https://www.un.org/womenwatch/daw/cedaw/
  12. https://centrasia.org/person2.php?st=1122363236
  13. КР президентинин гендердик саясатты өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө жарлыгы. Бишкек шаары, Өкмөт үйү, жалган курандын 20, 2006. ПЖ № 136 http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ky-kg/4434/10?cl=ky-kg&mode=tekst
  14. 14.0 14.1 А. Ибраева, Худжум, «остатки буржуазии» и труженицы Востока. Как развивался феминизм в Кыргызстане и СССР. (орус.) Жалган курандын 8, 2021.
  15. 15.0 15.1 КРнын “Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө” мыйзамы. 2008-жылдын 4-августу № 184.
  16. КР мыйзамы, үчтүн айынын 25, 2013 № 9, http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/203816/20?cl=ky-kg&mode=tekst
  17. КР жазык кодекси, бирдин айынын 2, 2017, № 19http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/111527/80?cl=ky-kg&mode=tekst
  18. UNFPA. Гендер в восприятии общества, 2016. (орус.)http://www.stat.kg/media/publicationarchive/04b5b8ac-3016-46ed-a7ec-750398c1aeb4.pdf
  19. Алтынай Айбек кызы, Молдо уже боятся совершать обряд «нике» с несовершеннолетними. Бирдин айынын 13, 2018. https://vesti.kg/obshchestvo/item/50198-moldo-uzhe-boyatsya-sovershat-obryad-nike-s-nesovershennoletnimi.html
  20. КРнын Кылмыш жаза кодекси, 155-берене.  http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ky-kg/112309
  21. United Nations Development Programme, August 11, 2010 «Widening women’s political representation in Kyrgyzstan».
  22. 22.0 22.1 Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети. Кыргызстандагы аялдар: цифралар жана фактылар, 2017. http://www.stat.kg/kg/news/8-marta-kyrgyzstan-otmechaet-mezhdunarodnyj-zhenskij-den/
  23. Б. Токтоноев, Кыргыз өлкөсүндө аялдардын укугу жакшырбай жатат, 2019 // https://www.super.kg/kabar/news/259927/
  24. К. Рахманкулов, Мамлекет коомдук уюмдарды тескегиси келет, 2020. https://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan-ngo-government-low/30396410.html
  25. БУУ аялдар: Кыргызстан. https://eca.unwomen.org/ru/where-we-are/kyrgyzstan Кирүү күнү: бугу айынын, 2022.
  26. ЦИК: ОО «Агентство социальных технологий» будет осуществлять наблюдение на выборах депутатов местных кенешей. 2021.  https://shailoo.gov.kg/ru/news/4599/