Кытайлар жеңилип, эки эл жарашканы

Кытайлар жеңилип, эки эл жарашканы — «Чоң казат » бөлүмүнүн жыйынтык окуясы, сюжеттеги күрөштүн чечилиши.

Коңурбай эсин жыйгандан кийин кытайдын улуктары чогулуп, кеңеш куруп, тартуу тартып жарашуудан башка арга жок деген бүтүмгө келишти. Кармашып, чабышкан менен чаркыбыз жете турган эмес, урушсак кыргын таба турганбыз, азыр шаарыбыз камоодо, жарашсак дейбиз — деп кат жазып, тугалык делчү атайын үйрөтүлгөн куштун бутуна байлап, Эсенканга жөнөтүштү. Кабар алган Эсенкан да жарашууну туура көрүп, көп тартуу тартып, эки эл жарашты. Казатка келген кошун жай-жайына тарады. Белдүү жоону жеңип, ич ара чатактарын токтотуп, кыргыз бектери Манасты бел тутуп, тынч жатып калышты.

Манас Жолойдун элин чаап, көп олжо алып кайткандыгы Радлов жазып алган вариантта айтылат. Ал эми Валиханов жазып алган эпизоддогу текстте Коңурбайды жайлап, көп олжо алып элине кайтып, көп жерлерге сурагы жетип, Манас баатыр тынчтык алып жатып калды делет.

Саякбай Каралаевдин вариантында: белеске туу орнотуп, кошунду чогултуп, эсебин алышса Музбурчак, Көкчөнүн элинен көбү өлүптүр, ок жаңылып Шыгай менен Бокмурун каза табышыптыр, Кошой менен Үрбүнүн колунун жарымы жок. Элемандын Төштүк жок, кырк чородон Чубак жок. Чубак менен Төштүктүн жоктугуна Манас катуу кайгырат. Кеч кирип, эл ал жерде түнөп калышты. Таң ата Айкожо азан айтып, эл жапырт багымдат намазын окуп жатканда өзү жалгыз Нескараны баш кылып кытайлардын кырк төрөсүн туткундап алган Чубак келди. Аны көргөн Манас намазын бузуп, ордунан тура чуркап, кубанып тосуп алды. Нескара Манаска кайрылып мени өлтүрбө, Эсенкан кызы Бурулча менен Айжаңжуң кызы Бирмыскалды баш кылып, көп тартуу тартайын, Чет-Бээжиндин кандыгын берейин, Эсенканга кабар бер, ал менин айткандарымды бүт аткарат — деп, сабылды. Бакай, Кошой баш болуп кеңеш куруп, кытайларга элчи жиберүүнү туура табышты. Суук-Төр деген жерде миң балбан менен беттешип, баарын жеңип, сегиз жүз ат олжо алып, аман-эсен Төштүк келди. Анын аман келишине элдин баары кубанды. Нескаранын кырк төрөсүнүн бирин жанына ээрчитип, элчи болуп Ажыбай менен Үрбү Эсенкандын ордосуна барышты. Нескара айткандай Эсенкан жарашууга макул болуп, Бурулча менен Бирмыскалды баш кылып миң кыз, көп дүнүйө тартуу тартып, Манастын алдына келди.

Кытайлардын тартуусун кабыл алышты. Бурулчаны Алмамбетке , Бирмыскалды Чубакка алып берип, нике кыйышты. Эсенкан Манаска Чет-Бээжиндин кандыгын берип, алтымыш күнү той болду.

Согушта Манас баштаган кыргыздардын жеңишке ээ болушу жана кармаш кытайлардын тартуу тартышы, эки элдин жарашышы менен аякташы белгилүү варианттардын баарында бар. Бирок, окуялардын ички курулушу, өнүгүшү орчундуу айырмачылыктарга ээ. Эпостогу окуялардын көпчүлүгүн бири-бирине жакын планда айтышкан, айтуучулук мектептин өкүлдөрү болгон Сагымбай Орозбак уулу , Шапак Рысменде уулу , Тоголок Молдо, Молдобасан Мусулманкул уулу да чыгармадагы ушул окуяны ар бири бири-биринен, ошондой эле Саякбай Карала уулунун вариантынан да айырмалуу айтышат.

Шапак Рысмендеевдин вариантында эки кол беттешкен чоң согушта кытайлар жеңилип качат. Алардын шаарын камап алып, Бакай менен Кыргыл аким болот. Үйүнө кетем дегендерге уруксат берилет. Каныкей жаман түш көрүп, кат жазып, Тайбуурулду коштотуп, Кошабышты Манаска жөнөтөт. Манас жети кан менен кеңешип, же келип урушсун же багынып берсин деп Бээжинге качып кеткен Коңурбайга элчи жиберишет. Ал Эсенканга кабар салып, акыл сураса Эсенкан тартуу тартып жарашкын дейт. Эсенкандын Бурулча, Канышай деген кыздарын тартуу тартып жарашат, бир шаарды Манастын атына коюшат. Манас элди кетирип, кытайда кырк күнү турмак болуп чоролору менен Бээжинде калат.

Молдобасан Мусулманкуловдун вариантында эки кол беттешкен чечүүчү согушта качкан кытайлар сепилине бекинишет. Манас капканы курчап камап калат. Эсенкан менен Алооке жарашууну суранышып, көп тартуу менен келишет. Асылкан уулу Алмамбет менен көрүшөт. Манас колу менен алты ай Бээжинде туруп, көп олжо менен элине кайтат.

ТМВ боюнча эки кол беттешип, алты күнү тынымсыз согуш болот. Кытайлар качып, Коңурбай сепилдин ичине кирип бекинет. Камап жатып алмак болушуп тегерете курчап беш ай жатышат. Манас кетпесине көзү жеткен Коңурбай билермандары, мыктылары менен кеңешет. Урушууга бүтүм кылышып, кытайлар чептен чыгышат. Кыргыздар даярдап койгон төрт жүз замбирек менен атып, жоонун колу көп зыян тартат. Эки кол беттешип, катуу согуш болот. Манас менен Коңурбай жекеде сайышат. Эки күн, эки түн кармашып, акыры Манас жеңет. Алмамбет Коңурбайды өлтүрмөк болгондо, Манас чексиз баатыр экен, мусулман кылалы дейт. Мусулман болбойт, өлтүрүп тынган оң, тирүү калса алдап кетет деген Алмамбеттин сөзүнө көнбөй Манас туткундагы Коңурбайды алдырып келип, мусулман бол десе ал макул болот. Эки эл жарашып, өлгөндөрдүн эсебин алып, өлүктөрдү көмүшөт. Коңурбай Манасты Чоң-Бээжинге конокко чакырат. Манас колду таратып, алты канды ээрчитип Коңурбайга конокко барат. Ал мыктылап тосот. Алмамбет Бакайды ээрчитип атасына барып, ата-энесин, элин мусулман кылат. Манас Эсенкандын тагына минип, үч күн олтурган соң кандыгын Алмамбетке берет. Ал кан шайланат, Бирмыскалга үйлөнүп, үч ай той берет. Элден аттанып чыкканы эки жылга толгондо Алмамбет кандыгын инисине берип, көп олжо менен кошун жай-жайына тарайт. Манас аман-эсен Таласка келип түшөт.

Багыш Сазановдун вариантында Сыргактан кабар алган кол согуш майданына келип, Манас Аккулага мингенде Коңурбай чочулап, эки жактан эки баатыр чыгып беттешсин, жеңилген тарап багынып берсин деп сунуш кылат. Кытайлардын Кыртыш дөөсүнө каршы барган Ажыбай жеңип кытайлар качууга бет алышат. Артынан кууп сайып, көбүн кыргын кылышат. Баатырлар тийип келген жылкы менен жоодон түшкөн аттарды жети кандын колу олжо кылып бөлүшөт. Капкага кирип бекинген кытайлар улам чыгып согушуп турушат. Жекеге чыккан Коңурбайды Чубак жеңип алып, аны дарга асып өлтүрүшөт. Кытайлар тарап багынат. Алмамбет Бирмыскалга , кырк чоро анын жолдош кыздарына үйлөнөт. Көп олжо менен кол жерге кайтышат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4