Люксембург (айыл)
Чүй облусунун, Ысык-Ата районундагы айыл
(«Люксембург, Ысык-Ата району» барагынан багытталды)
Люксембург (нем. Luxemburg) — Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы айыл. Люксембург айыл аймагынын курамына кирет. Бишкек – Каракол автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 742 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору жана темир жол бекети Кант шаарынан 2 км батыш тарапта. Кыштак 1931-ж. негизделген. Калкы 4548 (2007); негизинен мал багып, дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепканалар, бала бакча, маданият үйү, амбулатория, дарыкана бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү, тамактануучу жайлар иштейт. Немис, поляк жана эл аралык жумушчу кыймылынын ишмери Р. Люксембургдун ысмынан аталган. [1] Калып:Kyrgyzstan-stub
Отурукташкан жай
Люксембург
|
Булактар
түзөтүү- ↑ Перепись населения Киргизии 2009. Чуйская область. Текшерилген күнү 25 -август (баш оона) 2014. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: "Кыргыз энциклопедиясы" башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7