Люксембург (айыл)

Чүй облусунун, Ысык-Ата районундагы айыл

Люксембург (нем. Luxemburg) — Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы айыл. Люксембург айыл аймагынын курамына кирет. Бишкек – Каракол автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 742 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору жана темир жол бекети Кант шаарынан 2 км батыш тарапта. Кыштак 1931-ж. негизделген. Калкы 4548 (2007); негизинен мал багып, дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепканалар, бала бакча, маданият үйү, амбулатория, дарыкана бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү, тамактануучу жайлар иштейт. Немис, поляк жана эл аралык жумушчу кыймылынын ишмери Р. Люксембургдун ысмынан аталган. [1]Калып:Kyrgyzstan-stub

Отурукташкан жай
Люксембург
Өлкө Кыргызстан
Облус Чүй облусу
Район Ысык-Ата району
Координаттар 42°53′24″ с. ш. 74°49′48″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү 1925
Борборунун бийиктиги 742 м
Климатынын түрү кескин континенталдуу
Убакыт аралыгы UTC+6
Калкы
Расмий тили Кыргыз тили
Калкы 4 559 адам (2009)
Сандык идентификаторлор
Телефон коду +996
Автоунаа коду C, S
Расмий сайты luxemburg.org.kg  (кырг.)
Люксембург (айыл) (Кыргызстан)

Булактар түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: "Кыргыз энциклопедиясы" башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7