Мамакеев, Мамбет Мамакеевич

Мамакеев Мамбет Мамакеевич (1927-ж. т., Ак- Суу району, Кереге-Таш айылы) — хирург; медицина илимдеринин доктору (1970), профессор (1972). Кыргызстан УИАнын академиги (1993; мүчөсү 1989). Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиңирген ишмери (1987).
1952-ж. Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун бүткөн.
1952—55-ж. КММИнин госпиталдык хирургия кафедрасында ординатор, 1955—58-ж. аспирант. 1958—72-ж. ошол кафедрада ассистент, доцент. 1972-жылдан кафедра башчы.
Мамакеев 120дан ашык илимий эмгектин (анын ичинде 8 монография) автору. Hегизги илимий эмгектери өттүн таш оорусун хирургиялык жол менен дарылоо, ошондой эле орулууларга хирургиялык шашылыш жардам көрсөтүүгө арналган. Анын «Катуу кармаган холециститти хирургиялык дарылоо», «Уйку безинин сезгениши» деген жана башка эмгектеринин мааниси чоң.
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери (1973). Республикасылык хирургдар коомунун төрагасы (1980). 1975-жылдан Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин депутаты. Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин саламаттык сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү.
Октябрь Революциясы, Эмгек Кызыл Туу, Эл Достугу ордендери менен жана медалдар менен сыйланган.

Мамакеев Мамбет Мамакеевич

Орус жана кыргыз тилиндеги эмгектери түзөтүү

 

Ич көңдөйүндөгү органдардын хирургиялык катуу оорулары. — Фр.: 1964; 1967;
Хирургические лечение острого холецистита. — Фр.: 1971; 1981;
Билиодигестивные анастомозы. —1974;
Воспаление поджелудочной железы. — Фр.: 1979;
Закрытая травма живота. — Фр.: 1986;
Неотложная помощь при травмах и острых хирургических заболеваниях. — Фр.: 1989;
Открытая травма живота. — Б.: 1990.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.