Манастын сунушу боюнча кыргыздардын өз жерине көчүп келгени

Манас

Манастын бабалары Алооке басып алга чейин кайсы жерде байырлаган — эпостогу салттык туруктуу окуялардын бири. Чыгармадагы башкы темалардын биринен болгон ата-бабанын өскөн жери — мекенди табуу идеясынын ачылышы үчүн кызмат кылат.

Алтайга кайткандан кийин жыл маалы болгондо Манас туш-тушка кабар айттырып, ата уулу аксакалдарды, билерман мыктыларды чогултуп, ата-бабадан калган жер Анжыян менен Алайга көчөрүн айтып кошо көч деп эч кимди зордобоймун, каалагандар көчсүн, каалабагандар калсын.

Тил алсаңар ата конушка барып жайланып, кытай-калмактардын кишенинен колу-бутуңарды бошоткула дейт. Манасты Үрбү менен Көкчө да колдоп, баары көчүүгө макул экендиктерин билдирип, бир бүтүмгө келишет. Келген элди Манас абдан сыйлап коноктоп алдына ат мингизип, артына тон кийгизип, ажыраш аягым ушул деп узатат. Ошондон тартып көчүп кетүүчү адам ажыраш аяк берүү салты калат.

Айдаркан баштаган казактар Каркыра аркылуу Жылдызга карап Сары-Аркага көчүштү. Үрбү башкарган кыпчактар Бар-Көл, Кер-Көлдү басып өтүп, Чүйдүн башы Кеминге келип токтошту.

Манастын көчү Муз-Белди ашып, Марал-Башы, Долондон өтүп, Жай-Көлдү көздөй барып, Какшаалдын тоосун таянып сегиз ай тыныкты. Алооке менен серпишүүгө убакыт жетти деп көчүп чыгып Артыштан ашып өтүп, Анжыян жактагы Алоокеге караган элдин четине жетип, Отуз-Адырдын боюна айылын кондуруп, Манас жанына алтымыш жигит алып, ууга кетет.

Радлов жазып алган вариантта мындай эпизод жок. Манастын эли менен Алтайдан көчүп Ала-Тоого келиши Саякбай Каралаевдин вариантында Сагымбай Орозбаковдун вариантына караганда башкараак планда. Бир катар катуу согуштардан кийин көчүп келген Манас Кошойдун кеңеши боюнча дароо эле Таласка барып конот. Кыргыздардын Алтайдан Ала-Тоого көчүшү башка белгилүү манасчылардын варианттарынын көпчүлүгүндө бар (Шапак Рысмендеевдин варианты,Багыш Сазановдун варианты, Молдобасан Мусулманкуловдун варианты жана башкалар).

Алооке кандын Манаска багынганы — эпостогу туруктуу салттык окуялардын бири, көпчүлүк варианттарда өзүнчө эпизод катары айтылат.

Анжыян аймагын бийлеп, кыргыз, казакты катуу эзип турган Алооке кан көчө келген Манастан чочулап, эсепсиз кол курап алып, Тизелик аттуу баатырын Манаска жиберип, мага алышып алы келбейт, жөн багынсын, Манастын өзүн ак үйлүүгө алам, же жеримди булгабай кетсин деп айттырды. Тизелик Жакыптын айылына келип кандын талабын билдирди. Айылга душман келди деп, Жакып ууда жүргөн Манаска кабарга алты киши чаптырып, келгендерди коноктоп калат. Чабармандардын айтканына көңүл бурбай уунун кызыгына баткан баатыр качкан бугуну кубалап кетип калат. Манасты үч күн күтүп калган Тизелик кыйратып чаап алам деп Жакыпты опузалап аттанып кетет. Жакып өзү барып, уулун издеп таап Алоокенин айткандарын угузат. Манас жолдошторун кол жыйнап келгенге таратып, өзү атасын ээрчитип үйүнө барат.

Үч күндө төрт жүз миң аскер курап, төрткө бөлүп, жоо жарагын шайланып, Алоокеге карата аттанып чыгышты. Алооке даярдаган көп кошунга Улуу-Суунун боюнда кез келишти. Эч кимисине катылбай, алардын сүрүн көрүп жарыла берип жол ачкан душмандын колун аралап өтүп, Алоокенин сарайына барышты. Ээрчиткен колун кандын жер-жемиши жайнаган бакчасына калтырып, Манас кырк чоросу менен сексен төрт киши болуп Алоокенин ордосуна кирди. Алооке аяр адам экен Манасты алыстан көргөндө эле алы жетпесин билет. Айла болор бекен деп ажайыпканасында бактырган ажыдаар, жолборс, тайбас сыяктуу азуулуу жырткычтарына киргизсе алардын бири да Манаска каршылык көрсөтпөдү. Муну көргөн Алооке кутулуунун аргасын кылып Манастан тынччылык сурады. Манас Алоокенин өтүнүчүн кабыл алып, улуу баласы Боокени, агасынын уулу Кошабышты ак үйлүүгө беришин талап кылды. Алооке сураган экөөнү баатырга кошуп берди. Манас Алоокени согушсуз багынтып, кайра тартты.

Радлов жазып алган вариантта бул окуя тууралуу атайын эпизод жок. «Бокмурун» деген тема менен берилген Көкөтөйдүн ашында Манастын эскерүүсү катары гана айтылат. Алоокенин багынып алык-салык төлөсүн, Манасты ак үйлүүгө алам, же жеримди боктобой көчүп кетсин деп элчиси келгенде корккон Жакып Ит-Ичпестин Ала-Көлдө ууда жүргөн Манаска кабар берет. Ачуусу келген баатыр Алоокени чаап алат.

Айрым деталдарынын Радлов жазып алган вариант менен Сагымбай Орозбаковдун вариантында туура келгенине караганда бул — эпостогу илгертеден иштелип чыккан, калыптанган окуялардын бири.

Саякбай Каралаевдин вариантында атайын чоң окуя катары айтылат да, бир канча майда окуяларды камтыйт. Алтайдан көчкөн кырк үйлүү кыргыз көп азаптардан кийин Ала-Тоого жетип, Кошойдун кеңеши боюнча Таласты жердеп калат. Манас баатырдын атагы артып, айланасына эл топтоло баштайт. Манастын конок күтүп, бирөөнүн мүдөөсүн угуп, бирөөгө жардамын тийгизип жатканы башынан сараң Жакыпка жакпай, малымды түгөтмөк болдуң деп ачууланат. Атасына тарынган Манас өзүнө тең жолдош издемек болуп түн катып аттанып кетет. Анжыяндын Боз-Талаасына барганда ак сакалчан думана жолугуп, Манасты күтүп жүргөнүн айтып, ушул жерге экөөбүз орток болуп эгин айдайлы дейт. Манас макул болот. Касиеттүү думана Манаска экөө айдаган эгинге жоого минер ат сатып алгын деп кеңеш берет. Уктап калган Манас ойгонгончо эгин бышып, орулуп, басылып, кызылы жыйылып калыптыр. Манас менен орток эгин айдаган адам Баба-Дыйкандын өзү экен. Кургакчылыкта эгини күйүп кетип эли ачка калган нойгуттун каны Карача буудай издеп, жер кыдырып келе жатып Манаска туш келет, Манас Баба-Дыйкандын кеңеши боюнча эгинин бүт Карачага берип, Аккуланы алат. Аккуланы минип аттанып чыккан Манаска касиеттүү думана — Кызыр жолугуп атайын сага арналып асмандан түштү эле деп алты курч кылыч берет. Кылычтарды алып Манас үйүнө келет.

Бул окуяда дүйнөлүк фольклордо кеңири белгилүү бир нече сюжет бириктирилип берилген: баатырдын өзүнө тете, ылайыктуу жолдош издеши, кереметтүү күчтүн жардамы менен өзүнө ылайык тулпар табышы.

Эпизод Радлов жазып алган вариантта, Сагымбай Орозбаковдун вариантында да жок. Сырдуу, касиеттүү күчтүн жардамы менен куралга ээ болушунун өзүнчө дагы бир вариациясы Сагымбай Орозбаковдун вариантында бар (Аккелте менен Ачалбарсты Манаска Абунасирдин (Айкожо алып келип бериши).

Манас эми эл менен коштошуп, туугандарын издеп чыгат (тууган издөө да жолдош издөө темасынын бир көрүнүшү). Олуя-Атага келгенде бир адамга жолугат. Ал адамдын сыпатына көзү тоюп, ыраазы болгон Манас ушул азамат жолдошум болсо деп ойлоп, жөн сурашса Байдын уулу Бакай экен. Жетим калган Бакайды Олуя чал жердин түбү Желпинишке алып кетип багып чоңойтот. Бакай он жети жашка келгенде касиеттүү думана жолугуп Манасты таап алууга кеңеш берет. Анын сөзү менен Бакай Желпиништи жети жылы, Мединаны алты жылы кыдырып, Бээжинге үч жолу барып, Манасты издейт. Азыр да жер кезип, Манасты издеп жүргөн болот. Экөө достошуп, дайым бирге болууга антташат. Бакай Манаска берүү үчүн жандуу мылтык Аккелтени катып жүргөн экен, каткан жеринен жер ченчи орус төрөлөрү таап алып кетишиптир, алардан Аккелтени кайра тартып алып. талаадан жолугушкан Ажыбай, Шууту, Ырчы уулду жолдош кылып кошуп алып, бешөө элге кайтышат. Ал жерден келип Манастын кырк чоросу куралат.

Эпизод Радлов жазып алган вариантта, Сагымбай Орозбаковдун вариантында да жок. Бирок, баатырдын кырк чоросу кырк жерден келген, түрдүү элдердин, уруулардын өкүлү деп баяндалуу эпостун бардык варианттары үчүн мүнөздүү белги (к. Кырк чоро). Башка манасчылардан Багыш Сазановдун вариантында Манас Аккелтени Алайдын Сары-Талаасында алтымыш төрө жер ченчиден тартып алганы айтылат. Буга караганда жандуу мылтык Аккелтенин тарыхы жер ченчи төрөлөр менен байланыштырылышы эпостогу белгилүү сюжеттердин биринен (к. Аккелте).

Саякбай Каралаевдин варианты боюнча ушул эпизод менен баатырдын жолдош, тууган издеши, тулпарга, курал-жаракка ээ болушу жыйынтыкталып, Алооке менен кармашуу окуясы башталат. Бул окуя Саякбай Каралаевдин вариантында, башка манасчыларда да Алтайдагы кыргыздар Ала-Тоого көчүп келгенден кийин, Шооруктун окуясынан мурда айтылат.

Анжыяндык Айкожо Манаска келип, Алооке элге кордук көргөзүп жатканын айтып, куткарып алышын суранат. Манас кырк жигити менен Алоокеге каршы аттанат. Аярларынан Манастын келе жатканын уккан Алооке акылчыларынын кеңеши боюнча кытайга качат. Артынан кууй барган Манас Аксынын жанындагы Кум-Арык дарыясынын боюнда Алоокеге жетип, кыргынга учуратат. Аскерин таштай качкан Алоокени кууп жетип колго түшүрөт. Мени өлтүрбө, Коңурбайды жолдош кылып берейин, өзүм мусулман болоюн деген Алоокенин сөзүн алдоо деп эсептеп, кыргыздардын чачылышына себепкер чоң душман катары Алоокени жайлайт да, ал алып кетип бараткан дүнүйөнү бөлүп алышсын деп элге кабар айттырат. Кошой баш болгон көп эл келип душмандан түшкөн олжону бөлүп алат. Кошойдун сунушу боюнча ал жердеги жыйылган эл Манасты кан көтөрүшөт.

Алооке жөнүндөгү окуя белгилүү манасчылардын дээрлик баарында айтылып, көпчүлүгүндө сюжеттик түзүлүшү жактан Сагымбай Орозбаковдун вариантына жакын.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4