Нишалла
Нишалла, ошондой эле Нишалло, Нишалда (ир. نشلا ивт.Нишалло; таж. Нишолло ; өзб. Nisholda/Нишолда ) — Ак кыямды эске салган таттуу, бирок бир аз коюураак. Ооган, иран, тажик жана өзбек ашканаларында кеңири колдонулат. Нишалла бухариялык (Борбор Азия, Самарканд) жөөттөрүнүн салттуу тамагы .
Нишалла
| |
Тамактын улуттук ашканасы: | |
---|---|
Ооган ашканасы | |
Пайда болгон өлкөсү | |
Курамы | |
Негизги курамы: |
Жумуртка, кант, soap root, Лимон кислотасы и суу |
Иран, ооганстан, тажикстан жана өзбекстан элдери бул тамак жасаган адамды нишаллапоз деп коюшат .
Салттуу түрдө Рамазан айында (Рамазан) даярдалып, орозо кармагандар ифтарда нан же чабаты менен бирге ысык чайга (көбүнчө көк чай ) кошуп жешет[1].
Даярдоо ыкмасы
түзөтүүТөрт жумуртканын чийки агы бир нече эсе чоңойгуча, калың көбүк кашыкта кармалганча аралаштврат. Андан кийин самындын тамыры (Сапороно, Кыргызстанда Сентябрь гүлү деп да аталат) тазаланып, бөлүктөргө кесилип, сууга 25 мүнөт кайнатылат. Кээ бир учурда самындын тамырын мия сиропуна алмаштырса да болот. Даяр кайнатманы муздатып, андан соң чабылган жумуртканын агына кошуп, кайра аралаштырат [2] .
Ошол эле учурда, шекер сироп, лимон кислотасы жана суу кайнатылат. Андан кийин, бул муздатылган сироп чабылган белок көбүгүнө кошулуп, бүт массасы коюу каймакка окшош бир тектүү болгонго чейин тынымсыз аралаштырылат .
Нишалланы даярдоодо атайын жыгач кашык колдонулат. Даяр болгон нишалла идишке же чоң идишке салынып берилет. Нишалланын үстүнө салттуу түрдө бир чымчым жылдыздуу анис порошок себилип, айрымдарына ванилин кошулат [2] .
Ташкентте жана Өзбекстандын облустарында деликатес базарларда чоң казандарда сатылат. Өндүрүш учурунда жумуртка термикалык иштетилбегендиктен, ишенимдүү өндүрүүчүдөн пастерленген агы же жакшы жуулган жаңы жумурткалар сунушталат.
Жакшы чабылган нишаллада сироп көбүктөн ажырап, түбүнө түшүп калбашы керек. Даам үчүн, аралаштырып жатканда нишаллага лимон кислотасын жана ванилин кошулат..Салттуу даам сызууга берип жаткандаидиштерде, чай үчүн вазаларда берилет.
Булактар
түзөтүү- ↑ НЭУ, 2000—2005, Нишолда
- ↑ 2.0 2.1 Большая книга рецептов узбекской и таджикской кухни. Нишалло. (орусча)(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). bookbig.ru. Текшерилген күнү 4 -декабрь (бештин айы) 2016.