Пайзилда Ирисов
Адабиятчы Пайзилда Ирисов Ноокат районунун Тору-Тай айылында 1940-жылы 4-сентябрда туулган.
Пайзилда Ирисов | |
Жалпы маалымат | |
Төрөлгөндө берилген аты: | Пайзилда Ирисов |
Туулган жылы: | 1940-жылы 4-сентябрь |
Туулган жери: | Тору Тай айылы, Ноокат району, Ош облусу |
Каза болгон жылы: | 2010-жылы |
Өлкө: | Кыргызстан |
Ишмердүүлүгү: | адабиятчы |
1963-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн.
1963–1965-жж. мектептерде мугалим болуп иштеген.
1966–1969-жж. Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунда аспирантурада окуп,
1970-жылдан ошол эле жерде лаборант, кенже илимий кызматкер болуп иштеген.
1971-жылы ырчылык өнөрдөгү айтыш жанры боюнча кандидаттык диссертация жактаган.
1975–2010-жж. Ош мамлекеттик университетинин кыргыз адабияты кафедрасында эмгектенген.
Бул мезгил ичинде көптөгөн республикалык жана эл аралык конференцияларга катышып, жүзгө жакын илимий жана публицистикалык макалаларды, бир нече китептерди жарыкка чыгарган.
1989-жылы «Эмгек ардагери» медалы, 1997-жылы «Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги» төш белгиси ыйгарылган.
2001-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.
1998-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.
Жарык көргөн китептери
түзөтүүКыргыз тилинде
түзөтүү- Балдарга арналган элдик оозеки чыгармачылыгынын үлгүлөрү. – Ф.: Илим, 1972. –178 б.
- Карач-Көкүл баяны. Элдик эпос. – Ф.: Илим. 1975. –273 б.
- Акын баскан жол. – Ош.: «Билим» коому. 1989. – 83 б.
- Фольклор жыйноо жана фольклордук практика. Студенттер үчүн колдонмо. – Ош. 1991. – 49 б. (К.Оморкулов, Б.Үкүевалар менен бирге).
- Ырчылар чыгармачылыгы. Окуу программасы. Студенттер үчүн. – Ош. 1997. – 28 б.
- Ырчылар чыгармачылыгы. ЖОЖдор үчүн окуу китеби. – Ош. 2001. – 208 б.
- Ырчылар чыгармачылыгы. Окуу китеби. Б.: Бийиктик. 2004. – 214 б.
- Акындар поэзиясы. Студенттер үчүн окуу программасы. – Ош, 2008. – 34 бет.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Кыргыз Республикасынын жазуучулары/Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматы (Кыргызпатент)/Түзүүчүлөр: М. Ааматов, А.Чекиров Ө.Калыева – Б.: 2011. Т.2 – 456 б. ISBN 978-9967-26-379-6