Сары-Булак (Жамбыл облусу)
Сары-Булак (каз. Сарыбұлақ) — Казакстандын Жамбыл облусунун Кордай районундагы айыл. Сары-Булак айыл аймагынын административдик борбору. ААБК коду — 314853100[1].
Айыл
Сары-Булак 2024-ж
|
Географиясы
түзөтүүРайондун борбору Кордай айылынан 41 км түндүк-батышты карай, Какпатас дарыясынын жээгинде, ак жусан аралаш эфемер чөбү өскөн, күрөң, кочкул күрөң топурактуу тоо бетинин кургакчыл агроклиматтық аймагында жайгашкан.
Тарыхы
түзөтүүАйыл 1964-97-жылдары «Сарыбулак» кызылча өстүрүү совхозунун борборуна айланган. Анын негизинде айылда «Сарыбулак» АК жана бир нече чарбалар уюшулган.
Инфратүзүмү
түзөтүүАйылда орто мектептер, башталгыч мектептер, үй-бүлөлүк врачтык амбулатория, клуб, китепкана ж.б. мекемелер бар.
Калкы
түзөтүү1999-жылы айылдын калкы 2152 киши болгон (1056 эркек жана 1096 аял)[2]. 2009-жылдагы эл каттоого ылайык, айылда 2953 адам жашаган (1453 эркек жана 1500 аял)[2].
жылы | 1999[2] | 2009[2] | 2021[3] | |
---|---|---|---|---|
адам. | ↗ 2 152 | ↗ 2 953 | ↗ 4 232 |
Булактар
түзөтүү- ↑ База КАТО. Агентство Республики Казахстан по статистике. Текшерилген күнү 13 -ноябрь (жетинин айы) 2018. Түп булактан архивделген күнү 27 -сентябрь (аяк оона) 2013.
- ↑ 2.0 2.1 2.2 2.3 Итоги Национальной переписи населения Республики Казахстан 2009 года. Агентство Республики Казахстан по статистике. Текшерилген күнү 13 -ноябрь (жетинин айы) 2018. Түп булактан архивделген күнү 13 -май (бугу) 2013.
- ↑ 2021 жылғы ұлттық халық санағының қорытындылары